Мазмунга өтүү

Фарс тили

Википедия дан

Фарс тили же фарси ― перстердин тили, Ирандын расмий тил.

Араб өлкөлөрүнүн айрымдарына да тараган. Инди-европа тил уясындагы иран тилдеринин түштүк-батыш бутагына кирет. Фарс тилинин өнүгүш тарыхы 3 мезгилге бөлүнөт: байыркы (б. з. ч. 6-4-к.), орто (37-к.) жана жаңы (7-кылымдан болжол менен 15-кылымга чейин). Азыркы Фарс тили.-тажик жана дари тилдери менен катар байыркы, орто, жаңы Фарс тили тилдеринин тектеш уландысы. Фарс тили орто кылымда Азербайжан менен Индияда да адабий тил катары колдонулган. Фарс тилинин бир нече говору бар. Лексикасында араб, түрк сөздөрү учурайт. 19-кылымдан француз, орус, англис сөздөрү кире баштаган. Жазмасы араб графикасынын негизинде түзүлгөн. афган дари тили монгол тили сыяктуу тилдер менен катуу аралашып кеткен.[1]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

  1. https://www.dailymirror.lk/print/opinion/Collective-resolve-of-regional-and-international-actors-a-glimmer-of-hope-for-Afghans-Air-Chief-Marshal-Bulathsinghala/172-282040