Азербайжан

Википедия дан

Азербайжан Республикасы
азе. Azərbaycan Respublikası

Герб
Туу Герб
Урааны: «Odlar Yurdu
(Жарыктар өлкөсү)»
Гимн: «Azərbaycan Marşı»
Эгемендүүлүк күнү 18-жетинин айы 1991

ССРСден)

Расмий тили Азербайжанча[1]
Борбор шаары Бакы
Ири шаарлар Бакы, Гянджа,
Сумгаит, Мингечаур,
Хырдалан, Ленкорань,
Нахичевань[2], Ширван,
Ханкенди[3]
Башкаруу формасы Президенттик республика[4]
Президент
Вице-президент
Премьер-министр
Ильхам Алиев
Мехрибан Алиева
Али Асадов
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
112 - дүйнөдө
86 600 км²
1,6 %
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

9 590 159[5][6] адам (91)
109 ад./км²
Этнохороним азербайжандык,
азербайжандыктар
Акча бирдиги Азербайжан манаты
(AZN, код 944)
Учак компаниясы AZAL
Домени .az
ISO коду AZ
ЭОК коду AZE
Телефон коду +994
Убакыт аралыгы UTC кышта +4, жайда +5

Азербайжан (азе. Azərbaycan), расмий аты — Азербайжан Республикасы (азе. Azərbaycan Respublikası) — Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түндүк-батышынан Грузия, түштүк-батышынан Армения жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9 590 159 (2013). Борбору - Бакы шаары. Акча бирдиги - манат. Курамында Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Aзербайжан - унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы — премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер-министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Азербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура-Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарымаралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызылагач, Бакы; ири аралдары: Апшерон архипелагында - Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Бакы архипелагында майда аралдар бар. Апшерон жарым аралы, Апшерон, Бакы архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таштуз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орточо темпрасы түздүктөрүндө 0°...-3°С; тоолуу аймактарында -3...-6°Сге, бийик тоолорунда -10°Сге чейин. Абсолюттук минимум -30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25-27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абсолюттук максимуму 40-43°Сге чейин. Жылдык жаанчачыны ойдуңдарда 200-300 мм, тоо этектери менен жапыз тоолордо 300-900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200-1400 ммге (кээде 1700-1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары - Кура (мында Мингечаур ГЭСи жана суусактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо-токой, тоо-шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарымчөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. Азербайжандын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925-жылдан иштейт), Кызылагач (Кура дарыясынын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж.б. Өлкөнүн экологиялык абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана-чөйрөнү булгоочу негизги булак - нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, химиялык өнөр жайы, тоокен комбинаты, ошондой эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө. Кура жана Аракс дарыясында фенол менен оор темирдин концентрациясы өтө (ККЧ 1525 эсе) жогору.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (90%), ошондой эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжанармян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан-качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 90,7 киши. Шаар калкы - 53% . Ислам динин тутат (62% мусулман-шеиттер, 26% мусулман-сүнөттөр). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 69,5, аялдарыныкы - 75,1 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, АлиБайрамлы, Нахичеван. Жергиликтүү калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Биздин заманга чейин 9-кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Биздин заманга чейин 7-кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Биздин заманга чейин 6-кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахеменилер династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеменилерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы), Азербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3-9-кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мисалы, Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9-16-кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак-Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7-11-к.) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгат да, түрк тили (11-13-к.) элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда Азербайжан эли да түзүлгөн. 11-14-кылымда өлкөнү Тимур, монгол-татарлар, түрк-селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16-кылымдын башында түзүлгөн Сефевилер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжандын Сефевилер мамлекетине биригиши өлкөнүн чарбасынын жана маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок буга карабастан, Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын согушу токтогон эмес. 18-кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813-28-ж. орус-иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга кошулган. Февраль революциясынын кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Азербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (Бакы коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918-ж. Бакуда бийлик Борбордук Каспий өкмөтүнө өтөт. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борбордук Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918-ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) жарыялашат. 1920-ж. Париж (Версаль) конференциясында АДРдын көз каранды эместиги жөнүндө де-факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920-ж. апрелде англис аскерлери Азербайжандан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922-ж. Азербайжан, Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Республикасына бириккен жана 30. 12. 1922-ж. СССРдин курамына кирген. 1936-91-ж. Азербайжан союздук республика катары СССРдин курамында болгон. 1991-ж. августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1992-ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991-жылдан Тоолуу Карабахтагы армян-азербайжан ортосундагы чыр-чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө биртоп татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993-ж. июнь айында ал Бакыдан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993-ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экон. кырдаал биртоп жакшырып, Россия, Түркия ж-а батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003-жылдан анын уулу И. Алиев өлкөнүн президенти.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар - Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Бакы шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003-ж. 15,4 млн о нефть казылып алынып, 9,1 млн осы экспорттолгон; 5,1 млрд м3 газ (ири кени Шах-Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россиянын (мурдагы Бакы - Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003-ж. 21,3 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али-Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур - Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химиялык өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефтьгаз жана нефть-химиялык тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр-техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Бакы, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоокен комбинаты (Дашкесан), Даш-Салах ишканасы (бентонит), Бакы болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы - алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али-Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез-кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак-аш өнөр жайынан ун, май-сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө-жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акстафа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Бакы, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта - Кура-Аракс өрөөнүндө, тамеки - негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай - Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күнкарама ж.б.), жашылча-жемиш, картөшкө айдалат. Куба-Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана КураАракс ойдуңдарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхыИ облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аИмактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура-Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. 2004-ж. 2,2 млн уй, 17,5 млн үй кушу болгон. Буйвол, жылкы асыралат.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 23 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 2,1 миң км (анын ичинде 1,3 миң км электрлештирилген; 2003). Негизги темир жол түйүндөрү: Бакы, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту - Бакы (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөнбашы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. Кура дарыясында кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 км (Бакы-Батуми, Али - Байрамлы-Бакы), газ куурунуку 2896 км (Карадач - Сумгаит, Али-Байрамлы - Карадач). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж.б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык-түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөржай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжанда алгачкы мектептер 5-кылымда пайда болгон. 7-кылымда араб мектептери, 10-11-кылымда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992-жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99-ж. редакцияланган) боюнча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамлекеттик, 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Азербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Бакы мамлекеттик университети (1919-ж. негизделген), Азербайжан медициналык университети (1930) ж. б., Бакы, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван шаарындагы университеттер, 10 академия түзөт. Мамлекеттик эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык унти ж. б. М. Ф. Ахундов атындагы мамлекеттик китепкана (1923), АИАга борбордук китепканасы, АИА караштуу тарых, Р. Мустафаев атн. искусство жана Низами атындагы Азербайжан көркөм адабият музейлери бар.

Басма сөз кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжанда басма сөз 19-кылымдын 30-жылдарында башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук-саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде «Каспиан бизнес ньюс», «Азери таймс», «Баку сан» чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медпа-пресс»), мамлекеттик телекөрсөтүү («Аз-ТиВи»), мамлекеттик радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси - АНС) иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжандын адабияты байыркы бай адабияттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп-адат жөнүндөгү ырлар, макал-лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ойтилектерин чагылдырат. Азербайжан элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван-и-лугат-ат-түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма адабияты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7-11-кылымда араб тилинде, 10-13-кылымда фарсы тилинде өнүккөн. 10-11-кылымда араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары - Абу-ль-Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын-гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. Азербайжанда улуттук тилде жазуу 13-14-кылымда пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан тилинде жазылган. Несиминин лирикасы Азербайжан тилиндеги чоң диван-жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика - эпикалык «Лейли-Межнун» поэмасы (1537) Азербайжандын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. Азербайжан элинин баатырдык-романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18-кылымдын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамлекеттик ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19-кылымда классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага Азербайжан Бакихановдун прозасы, Закирдин социалдык сатирасы жол ачкан. Азербайжан драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан адабиятын орус адабияты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк-мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы Азербайжан адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-кылымдагы улуттук коомдук аң-сезимдин өсүшү адабиятта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («Шарки-Рус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддпн», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920-80-ж. Азербайжан адабияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденпн, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жогорку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору Азербайжан тилинде жарык көргөн. 21-кылымдын башында Азербайжан элинин руханий байлыгы болгон адабияты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин жана башкалардын чыгармалары басылууда жана Азербайжан адабиятынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.

Байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжандын аймагында көптөгөн байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн биздин заманга чейин 8-5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Республикасынын аймагында биздин заманга чейин 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Биздин заманга чейин 5-4-кылымдагы Азербайжан тарыхый эстеликтери Ахеменид мамлекетинин маданиятына түспөлдөш болуп, биздин заманга чейин 4-кылымдын аягында Атропатен маданиятына баш баккан. Буга 5-7-кылымдагы тарыхый эстеликтер (Чирах-Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. Азербайжандын орто кылымдын башындагы маданияты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын маданиятына байланышы бар экендигин айгинелейт. Азербайжанда 7-8-кылымда ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман маданиятынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9-кылымдын 2-жарымында 10-кылымдын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам архитектурасынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12-13-к.) пайда болушуна алып келген. Буга Бакыдагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12-к.), Жугадагы жана Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханегидеги сепилдер (14-16-к.), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын жана Гянжинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19-кылымдын 1-жарымында Азербайжан маданияты орус жана батыш Европа мамлекетинин маданиятынан таасирленип, архитектурада классицизм, 19-20-кылымдан эклектика жана модерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923-ж. 1-жолу Бакы шаарынын генпланы бекитилип, эски шаардын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (арх. Л. В. Руднер, В. 0. Мунц ж. б.) жергиликтүү курулуш материалдарын колдонушкан. 1960-ж. индустриалдык курулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук курулуштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. Азербайжандын сүрөт өнөрү (М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багытта өнүгө баштаган. 1920-30-ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930-жылдын жарымынан сүрөт искусствосу социалдык-реализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган. 1970-ж. аягынан сүрөтчүлөр символ менен метафораларды кеңири колдонушкан. Азыркы учурда (20-21-к.) сүрөтчүлөр жеке көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакыдагы искусство борб.; У. Ахвердиев, Э. Алимирзоев ж. б.) түзүүдө. Азербайжандын сүрөт искусствосуна А. Жафаров, Т. Нариманбеков, С. Бахлулзаде, А. Рзакулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп-адат, каада-салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары - саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша-нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16-к.; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17-18-к.; Алескер, Нажафкули, Аббас-кули, Молла-Жума, 19-к.) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль-Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19-кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20-кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар - Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, З. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар-Алиева, Р. Атакишиев, Э. Назирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен. Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран-бала», У. Гаджибеков. «Аршин мал алан» . Азербайжан театры. «ялла». 1938-ж. бий коллективи уюшулган. 1940-ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923-ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933-ж. балет мектеби, 1936-ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982-жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор - Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.

Театр жана искусство[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжандын театр искусствосу байыркы элдик бий, оюн-зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса-Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Мараг юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. Орто кылымда диний театр («Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20-кылымдын башында Азербайжанда мусулман артисттеринин «Гамийет» труппасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү ишгеген. 1923-47-ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атындагы театр мектеби иштеп, 1945-ж. анын негизинде Азербайжан театр институту (учурда мамлекеттик искусство жана маданият институту) ачылган. 21-кылымдын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана Азербайжан труппалары) куурчак жана жаштар театры, пантомима театрлары, ошондой эле «Йуг» театры иштейт. Театр искусствосунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, «Насими» фильми. Реж. Г. Сейдбейли (Насими — Р. Балаев). 1974. Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.

Кино[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжанда алгачкы көркөм фильм 1916-ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917-ж. У. Гажибековдун «Аршин мал алан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Бакыда) тартылган. 1923-ж. фотокино башкармасы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, анда режиссёрлор менен актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбейли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936-жылдан баштап тартыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган. 1945-54-ж. аралыгында киноөндүрүшү токтоп калган, 1947-ж. Е. Л. Жигандын «Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959-ж. бүткөн. 1950—60-жылдын 2-жарымында Азербайжан киносу жандана баштап, Г. Сеидзаде, Т. Тагизаде, Т. Сейдбейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун кинофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибрагимбеков жана Р. Мирзоевдин «Үй-бүлө» аттуу фильмдери тартылды.

Цирк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көзбоёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн биртууган Никитиндер 1904-ж. негиздешкен. 1945-ж. цирк коллективи түзүлүп, Азербайжандын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967-ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Конституция Азербайджанской Республики"
  2. Азербайджан
  3. Город находится на территории, фактически контролируемой непризнанной Нагорно-Карабахской Республикой, и согласно административно-территориальному делению НКР носит название Степанакерт
  4. Атлас мира. Государства и территории мира. Справочные сведения. — Роскартография, 2010. — С. 14. — ISBN 978-5-85120-295
  5. Census.gov. Country Rank. Countries and Areas Ranked by Population: 2013. U.S. Department of Commerce (2013). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 -май (бугу) 2013.
  6. The World Factbook. Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2014. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2016.