Мальта

Википедия дан

Мальта Республикасы

Герб
Туу Герб
Урааны: «Virtūte et constantia»
Мамлекеттик Гимни
Расмий тилдери мальта, англис
Борбор шаары Валлетта
Ири шаарлар Сан-Пауль-иль-Бахар, Биркиркара, Слима, Моста, Корми
{{{Башчыларынын милдеттери }}} {{{Башчылары}}}
Аянты
• Жалпы

316 км²
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

519 562 адам
1644 ад./км²
ISO коду MT
ЭОК коду MLT

Мальта (мальт. Malta [ˈmɐltɐ], англ. Malta [ˈmɔːltə]), расмий түрдө — Мальта Республикасы (мальт. Repubblika ta' Malta [rɛˈpʊbːlɪkɐ tɐ ˈmɐltɐ], англ. Republic of Malta [ɹɪˈpʌb.lɪk ɔv ˈmɔːltə]) — Түштүк Европадагы арал мамлекети. Жер ортолук деңиздин борбордук бөлүгүндө, Мальта архипелагында, Сицилия аралынан 93 км, Тунистен 230 км (Африканын түндүк жээги) аралыкта жайгашкан. Аянты 316 км².

Борбору — Валлетта.

Административдик-аймактык жактан 68 аймакка (анын 54 % Мальта аралында, 14 % Гоцодо) бөлүнөт.

Акча бирдиги ― евро (2008-жылдын 1-январынан).

БУУнун (1964), Европа кеңешинин (1965), ЭВФтин (1968), ЕККУнун (1973), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1983), Эл аралык соода уюмунун (1995), Европа биримдигинин (2004) мүчөсү.

Калкы — 519 562 (2021-жылы).

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мальта – унитардык мамлекет. Конституциясы 1964-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлиги президент, премьер-министр жана министрлерден турган Өкмөткө (кабинет) таандык. Мальтада көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары – Мальта лейбористтик партиясы, Улуттук пар­тиясы. Мальта архипелагы 3 чоң (Мальта, Гоцо, Комино; ушул гана аралдарда эл отурукташкан) жана бир нече майда аралдардан турат. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн плато (бийиктиги 253 м; Мальта аралында) ээлейт. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы жумшак жаан-чачындуу, жайы ысык, кургак. Февралдын орточо температурасы 12°С, августтуку 25°С. Жылдык жаан-чачыны 530 мм. Топурагы кызыл, күрөң. Антропогендик фактордун мааниси чоң. Табигый өсүмдүктөрү кайрадан өсүп, жапыз бадал түрүндө (маквия, европа зайтуну, мисте, сүт тикендер ж. б.) кездешет. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (кит сыяктуулар), уялоочу куштардын 30дан ашык (көк чыйырчык), сойлоочулардын 18 (анын ичинде кескелдириктер), жерде-сууда жашоочулардын бир (жалпак тилдүү бака) түрү мекендейт. Аралдын аймагынын 13%ин коргоого алынган (табигый резерваттар, орнитология заказниктери ж. б.) табигый жана деңиз аймактары (11 км2ин) ээлейт. Бул аймактардын көпчүлүгү жалпы европалык «Жаратылыш-2000» жана «Жакут» экологиялык түйүнүнө киргизилген. Гадира жана Ис-Сирам суу-саздуу аймактары эл аралык мааниге ээ. Калкынын негизин мальталыктар түзөт (95%), ошондой эле англичандар, австралиялыктар, италяндар да жашайт. Мамлекеттик тили – мальта жана англис тилдери. Католик динин (англикандар, методисттер, адвентисттер) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 1307 киши (дүйнөдө өтө жогору). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 77,4 жаш, аялдарыныкы – 82,1. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 адамга 13,22), өлүм-житим 1000ге 7,43 (жаш балдардын өлүмү төмөн, 1000ге 7,7). 100 аялга 99 эркек туура келет. Шаар калкы 95% (2010). Ири шаарлары: Биркиркара, Моста, Сан-Пауль-иль-Бахар, Корми (баары Мальта аралында).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мальтада алгачкы тургун жайлар биздин заманга чейинки 5-миң жылдыкта пайда болгон. Биздин заманга чейинки 8-кылымда Мальта финикийлерге, 6-кылымда карфагендерге, 218-жылы римдиктерге, биздин заманга чейинки 533–535-жылдары Византияга, 870–1091-жылдары арабдарга, 1127-жылы Сицилия королдугунун курамына кирген. 1530-жылы Мальта аралы Иоаннит орденинин ээлигине өткөн. Мальталыктардын өз алдынча мамлекети (борбору – Валлетта) болуп, туруктуу армиясы жана мамлекеттик аскер-деңиз инфраструктурасы түзүлгөн. айыл чарба өнүгүп, кеме куруп, тыйын чыгарышкан. 1592-жылы Валлеттада иезуит семинариясы ачылган, 1692-жылы китеп басып чыгарылган. 16–17-кылымда Мальтанын калкынын саны өскөн. Мальта 1798-жылы Францияга баш ийген. 1800-жылы аралды Улуу Британия өз колониясына айлантып, аскер-деңиз базасын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин өлкөдө массалык демонстрациялар жана митингдер күч алгандыктан, Англия 1964-жылы 21-сентябрда Британия Шериктештигинин чегинде Мальтага көз карандысыздыкты берүүгө мажбур болгон. Өлкөнүн конституциясы кабыл алынып, БУУга мүчө болуп кирген. Бирок Улуу Британия Мальтага «Биргелешип коргонуу жөнүндөгү» келишимди таңуулап, аны НАТОнун согуш базасына айландырган. Англиянын колониялык үстөмдүгүнүн кесепетинен Мальтанын абалы өтө начарлаган. 1971-жылы жалпы шайлоодо лейбористтер партиясынын Д. Минтофф башкарган өкмөтү бийликке келип, Мальтанын өз алдынчалыгын чыңдоо боюнча чаралар колдонгон. 1974-жылы Мальта Республикасы жарыяланып, 1979-жылы Британиялык аскер базасынын жабылышы менен шериктештиктин курамынан чыккан. Лейбористтер аялдар менен эркектер үчүн бирдей эмгек акы киргизүү, ишканаларды улутташтыруу, мамлекеттик чыгымдарды токтотуу ж. б. кайра куруу иштерин жүзөгө ашырган. 1981-жылы Мальта өзүн нейтралдуу мамлекет деп билдирип, Ливия, Тунис ж. б. араб өлкөлөрү менен мамилесин активдештирген. 1987-жылы шайлоодо Улутчул партиясы (VII) көпчүлүк добушка ээ болуп, чет элдик капиталды көбөйтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле Мальта интеграциясына багытталган саясат жүргүзүп, 1995-жылы НАТО программасына кошулган. 2008-жылы бийлик лейбористтердин колуна өтүп, 2009-жылы лейборист Ж. Абела Мальта президенти болуп калган. 2004-жылдан ЕСтин, 2008-жылдан Евро зонасы жана Шенген зонасынын мүчөсү. Мальта өтө жакшы өнүкпөгөн мамлекеттердин катарына кирет. ИДПнин көлөмү 9,83 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 23,8 миң доллардан туура келет (2007). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 80,6%, өнөр жайдыкы 18, айыл чарбаныкы 1,4. Мальта – Европадагы туризмдин (жылына 1 млндон ашык), банк-финансы иштеринин жана транспортторду (транзит кемелер менен самолётторду) тейлөөнүн борбору. Кирешенин маанилүү бөлүгү Мальтанын желеги менен жүргөн кемелерден (1,4 миң, дүйнөдө 4-орунда) түшөт. Электроника (компьютер, автомобилдерди чогултуу), электр-техникалык, кагаз жана полиграфиялык (банкнот, баалуу кагаздар жана биометрика паспорттору басылат), химиялык, фармацевтика, тигүү (негизинен жынсы кездемесинен), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалоо, шарап, тамеки ж. б.), булгаары-бут кийим ишканалары иштейт. Кеме куруу жана оңдоо, карапачылык өнүккөн. айыл чарбанын негизги тармагы – жашылчачылык (жашылча-жемиш, картөшкө). Жүзүмчүлүк жана шарап жасоо өнүккөн. Уй, кой, эчки жана чочко асыралат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 2227 км (2005). Башкы деңиз порттору – Валетта, Марсашлокк. Сыртка өнөр жай продукцияларын чыгарат. Негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Франция.

Билим берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 11 жылдык орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92,8% (2008). Мальта университети (1592), Мальта искусство колледжи, Илим жана технология институту (2000), Туризм институту (1987) ж. б. окуу жайлары, ошондой эле Улуттук китепкана (1555) жана ар түрдүү тармакка тиешелүү (археология, тарых, медицина, искусство) музейлери бар. Мальта тилиндеги «L-Orizzont», «In Nassjon», англис тилиндеги «The Times of Malta», «ll-Gens», «lt-Torca», «ll Mument», «Kullhadd», «The Sunday Times» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1935-жылдан, телекөрсөтүүсү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги жок.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мальталыктардын адабияты мальта, ошондой эле италян жана англис тилинде өнүгүүдө. Мальта тилиндеги байыркы жазма эстелик – П. Кашаронун «Кантилена» ыры (1470-, 1485-жылдар; 1968 -жылы басылган. Мальта тилиндеги туңгуч проза – динди үгүттөөчү диний жыйнактар болгон (1739- жана 1746-жылдар аралыгы). Улуттук адабият 19-кылымда жергиликтүү оозеки чыгармачылыктын, каада-салттын жана тарыхтын негизинде түзүлгөн. Ж. А. Вассал чыгармачылыгында эпикалык поэма жанрына кайрылган («Түркиялык галеон», 1853). 19-кылымдын аягында жазуучулар италия прозасынын таасиринде (А. Мандзон) тарыхый роман жанрына кайрылышкан (А. М. Каруан, М. Аццопард ж. б.). А. Мерчиек, К. де Вон Ховэнин чыгармачылыгында готикалык роман жанры пайда болгон. 20-кылымдагы көрүнүктүү акын К. Псайла (жашыруун аты – Дун Карм) – Мальта гимнин автору. Ал италян жана мальта тилинде жазган. 20-кылымда драматургияда А. Кремон, Э. С. Инглотт, Жузе М. Аццопард, А. М. Кассол, О. Каллей, Ф. Эбейер ж. б. эмгектенишкен. 1990-жылы адабият майданына «жаңы толкунда» акын жана жазуучу И. Мифсуд, акындар Г. Холланд (мальта жана англис тилинде жазган), М. Г. Ганад, К. Аццопард, С. Ингуанес ж. б. келишкен.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

11–15-кылымдын аягындагы Мальтанын орто кылымдык маданият сицилия-норман салттарынын жаңырыгын кармап турат. Жарым-жартылай роман-готика стилиндеги чептер (Валеттеги Сант-Анжело чебинин бүтүн бөлүгү), сарайлар сакталып калган, 16–18-кылымдын аягында күчтүү фортификациялык курулуштар (бастиондор, равелиндер, дозордук мунаралар; Гоцо аралындагы Викториядагы чеп, Чиркеуа портуна жакын турган кызыл мунара, 1648) салынган. Шаарлардын үзгүлтүксүз курулушу (Мдина; Валетта жана анын четки райондору) Соңку Кайра жаралуу жана барокко духундагы туташ ансамблдерди түзөт. 18-кылымдын аягында Ж. Боничи, С. Иттар архитектурага классикалык формасын киргизишкен. Мальтанын живописиндеги Ренессанс принциптери 15–16-кылымдын аягында Антонелло де Мессинанын жолун улантуучулар тарабына алынып келинген. Көркөм сүрөт жана жасалга-колдонмо искусствонун (картиналар, дубалдагы сүрөттөр, жасалга скульптура, гобелендер) өнүгүшүнө 16–17-кылымда М. П. д’Алессио (Мальта орденинин гроссмейстер сарайындагы сүрөт жана Валеттеги чиркөө алтарлары) ж. б., анын шакирттери П. Новелли, М. Минитти ж. б.) олуттуу салым кошушкан. Британ үстөмдүк доорунда (1800–1964) форттор тургузулуп (Ыйык Леонарддын, 1872, ж. б.), соңку классицизм жана неоклассицизм, неоромантика, неоготика стилиндеги имараттар курулган. Көз каранды эместик орногондон кийин улуттук көр­көм маданият ургаалдуу өнүгө баштайт. Архитектор Р. Ингланд зодчествого (курулуш стилине) жергиликтүү салттуу өзгөчөлүктөрдү киргизет. 20-кылымдын 2-жарымында «Азыркы искусствонун тобу» бирикмесинин сүрөтчүлөрү иштерин улантат. Аларга Ж. Каллейя, Ж. Прека, А. Инглойт, Э. Кремона, Э. Барфет, Ф. Портелли, А. Камиллери кошулат. Мальтада оймолоп жасаган эмеректер, алтын, күмүш жасалга буюмдары жүндөн токулган түймө-сокмо кийимдер өндүрүшү иштейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]