Румыния

Wikipedia дан

Румыния, Румыния Республикасы – Европанын түштүк бөлүгүндөгү мамлекет. Дунайдын төмөнкү агымынын алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Украина, чыгышынан Молдавия, түштүгүнөн Болгария, түштүк-батышынан Сербия жана батышынан Венгрия менен чектешет. Түштүк-чыгышын Кара деңиз чулгайт. Аянты 237,5 мин км2. Калкы 22,2 млн (2009). Борбору – Бухарест шаары Административдик-аймактык жактан 40 жудецке (уезд) жана өз алдынча Бухарест уездине бөлүнөт. Акча бирдиги – лей. Румыния – Бириккен Улуттар Уюмунун (1955), Эл аралык валюта фондунун (1972), Европа Союзунун (2007) жана НАТОнун (2004) мүчөсү.

=Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Румыния – республикасы башкаруу формасындагы унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - парламент. Ал эки палатадан турат: Сенат жана Депутаттар палатасы. Румынияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары – Социал-демократиялык партия «Улуу Румыния» партиясы, Социалисттик эмгек партиясы, Румыния демократиялык венгрлер союзу, Улуттук-либералдык партия ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аймагынын жарымына жакынын орто бийик тоолор (бийиктиги 800 мден жогору), адырлуу же плато сымал дөңсөөлөр (200–800 м) ээлейт; калган бөлүгү ойдуңдуу. Карпат тоолору Румыниянын аймагында Чыгыш Карпат, Түштүк Карпат (эң бийик жери – Молдовяну чокусу, бийиктиги 2544 м), Батыш Румын тоолоруна бөлүнөт. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011): Чыгышын Молдаван дөңсөөсү, түштүк-чыгышын Добружи платосу ээлейт. Карпаттын түштүк этегинде төмөнкү Дунай түздүгү, өлкөнүн батышында Орто Дунай дөңсөөсүнүн чыгыш чети жатат. Нефть, жаратылыш газы, таш көмүр, темир, боксит, полиметалл, жез, алтын, таш туз казылып алынат. Климаты мелүүн континенттик. Түздүктөрүндө январдын орточо температурасы 0... -5°С, тоолорунда -10°С; июлдуку 20-23°С жана 8-16°С. Жылдык жаан-чачыны 300–700 мм (тоолордо 1500 ммге чейин). Негизги дарыясы – Дунай жана анын куймалары Жиу, Олт, Сирет, Прут. Суулары энергияга бай. Көлдөрү: Потелу ж. б. Румыниянын ойдуң жерлеринде негизинен дарыя өрөөндөрүндө – шалбаалуу-кара, бөксө тоолор менен бийик платолордо боз жана күрөң, андан жогору шалбаалуу-тоо топурактары өөрчүгөн. Дунайдын жайылмасы саздак. Аймагынын 27%и токой (бук, четин, долоно, карагай, мырза жана бал карагайлар) менен капталган. Ретезат улуттук паркы, көптөгөн резерваттар уюштурулган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Румыниянын азыркы аймагын адам мындан 42 миң жыл мурда мекендеген. Б. з. ч. 1800–1000-ж. коло доорунда фракий уруулары (дактар) келген. Б. з. ч. 3-кылымда дактардын мамлекети түзүлгөн. Б. з. 1-кылымынын аягы – 2-кылымдын башында Дакия мамлекетин Рим басып алып, жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан, 270-ж. чейин үстөмдүгүн сактаган. «Элдердин улуу көчүү» доорунда Дакияны готтор, вандалдар, хунндар, 6-кылымда славяндар басып алган. 14-кылымда Румыния аймагында Валахия жана Молдавия, 16-кылымда Трансильвания феодалдык княздыктары негизделген. Аларды 16-кылымда Осмон империясы караткан. 1600-ж. Валахиянын башкаруучусу Михай Храбрый элдин колдоосуна таянып, түрк аскерлерин талкалап, Валахия, Молдавия жана Трансильванияны бириктирген. 17-кылымдын башында Трансильвания түрктөрдүн үстөмдүгүнөн бошогону менен 1688-ж. Габсбургдардын ээлигине өткөн (1918-ж. чейин). 18–19-кылымдардагы орус-түрк согуштары Валахия менен Молдовадагы түрк бийлигин бошоңдоткон. 19-кылымдын ортосунда улуттук-боштондук күрөш күч алган. Адрианополь тынчтык келишими (1829) боюнча эки княздыкка тең автономия берилген соң, Молдова жана Валах элдеринин экономикасы жана маданияты чыңдала баштаган. 1859-ж. Молдова жана Валахия бир мамлекетке баш кошуп, 1861-жылдан Румыния деп аталган. Мамлекет башчылыгына А. И. Куза шайланган. Ал агрардык реформа жөнүндө декрет кабыл алган, бирок реформага нааразы боярдык оппозиция 1866-ж. 11-февралда А. И. Кузаны бийликтен кулатып, өлкөдөн кууган. 1877–78-жылдары орус-түрк согуштарында Румыния Россия тарабында согушкан. Бул согуштун жеңишинин натыйжасында Румыния толук көз карандысыздыкка жетишип, 1881-ж. Румын королдугу деп жарыяланган. 1913-ж. 2-Балкан согушуна катышып, Болгариядан Түндүк Добружаны тартып алган. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Румыния алгач бейтарап, 1916-жылдын 28-августунан Антанта тарабында согушкан. Согуштун жыйынтыгы менен ага Трансильвания, Бессарабия, Буковина бириккен (1940-ж. чейин). Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкөдө парламенттик демократия жарыяланган. 1938-ж. парламент таркап, королдук диктатура орногон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда Румыниянын башкаруучу чөйрөлөрү фашисттик Германия менен союз түзүп, генерал И. Антонеску башында турган фашисттик бийлик 1941-ж. СССРге каршы согушка кирген. 1944-ж. Й. Антонескунун бийлиги кулатылып, Румыния гитлердик Германияга каршы чыккан. 1945-ж. демократиялык өкмөт түзүлгөн. 1947-ж. монархия жоюлуп, Румын Эл Республикасы жарыяланган. 1948-ж. социалисттик реформалар башталып, айыл-чарба коллективдештиришип, менчик фирмалар мамлекеттештирилген. 1965-ж. бийликке Н. Чаушеску келип, өз алдынча саясат жүргүзгөн. Натыйжада анын саясаты элдик толкундоолорго алып келген. 1989-ж. 16-декабрда өлкөдө революция болуп, Н. Чаушеску соттолгон жана 25-декабрда аялы Елена менен бирге атылган. Бийлик Улуттук куткарып калуу фронтуна өтүп, убактылуу парламент – Улуттук биримдик уюму түзүлгөн. 1990-ж. май айында Румынияда алгачкы жолу эркин президенттик жана парламенттик шайлоо өткөн. 1991-ж. Румыниянын жаңы конституциясы кабыл алынган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Элинин негизин румындар (89,5%) түзөт; ошондой эле венгрлер, цыгандар, немецтер, украиндыктар, орустар жашайт. Расмий тили – румын тили. Динге ишенгендери православныйлар. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 67 жаш, аялдарыныкы – 73. Төрөлүүгө караганда (1000 кишиге 9,3) өлүм-житим (1000ге 11,6) жогору. Шаар калкы 54%. Ири шаарлары: Бухарест, Констанца, Яссы, Тимишоара, Клуж-Напока, Галац ж. б. Гряка, Кэлэраши, Братеш, Разелм ж. б.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Румыниянын экономикасы орточо деңгээлде өнүккөн, рыногу өнүгүп келе жаткан өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 255,4 млрд (АКШ) долларды түзөт (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,5 мин доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 52,6, өнөр-жайдыкы 35,0, айыл-чарбаныкы 12,4. 2007-ж. 58,3млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Башкы өнөр-жай тармактары: транспорттук машина (автомобиль, локомотив жана вагон) жана станок куруу, электроника, электр-техникалык, кара жана түстүү (аллюминий, жез, свинец, цинк) металлургия, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары- бут кийим, тамак-аш-татымал (сүт, эт, ун ж. б.), жыгаччылык. Аскер жана согуш техникаларын чыгаруу өндүрүшү иштейт. Айыл-чарбасында өсүмдүк өстүрүүчүлүк, жашылчачылык жана жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү, буудай, күн карама, кант кызылчасы айдалат. Кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 198,8 (анын ичинде 60ы асфальтталган), темир жолунуку 10,8, газ түтүгүнүкү 3,6, нефтиники 3,6 (2009). Дунайда кеме жүрөт. Негизги порттору: Галац, Брэила, Тулча, Журжу. Башкысы – Констанца. Сыртка текстиль, булгаары-бут кийим, машина жана анын жабдууларын, металл жана андан жасалган буюмдар, жыгач, мин. сырьё, химикаттар жана азык-түлүк чыгарылат. Негизги соода шериктештери: ЕСке кирген өлкөлөр, Германия, Италия, Франция жана Түркия. Чет элдик туризм (2008-ж. 7,1 млн турист келген) өнүккөн. Билим берүү тармагы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз башталгыч жана орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик окуу жайларда окутуу акысыз. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92% ти түзөт (2013). ЖОЖдорунун көбү Бухарест, Яссы, Тимишоара шаарында жайгашкан, анын ичинде Бухарест Академиясы (1864), Брашов (1916), Вабес-Болья (1920) жана Бухарест политехникалык (1818) университеттери сыяктуу ири окуу жайлары, илимий мекемелери, музейлери жана ири китепканалары бар. Массалык-маалымат каражаттары. «Зори», «Эра», «Мунка», «Процесс», «Медицина» ж. б. бир нече гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1925-жылдан, телекөрсөтүүсү 1953-жылдан, Басма сөз агенттиги 1949-жылдан иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Румын элдик оозеки адабияты бай жана ар түрдүү. Жазма адабияты алгач славян тилинде пайда болгон. Румынча жазма адабияттын туңгуч үлгүсү – «Инжил» (1561). 18-кылымдын 1-жарымына чейин диний адабият жана жыл баян жазуу өнөрү кеңири таралган (Г. Уреке, М. Костин, Й. Некульче ж. б.). Д. Кантемир туңгуч сатиралык чыгармаларды жараткан. 18-кылымда улуттук Кайра жаралуу агымы пайда болгон (С. Мику-Клейн, Г. Шинкай, П. Майор.). 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында акындар Енэкице, Алеку, Николае Вэкэрескулардын лирикалык ырлары жана Й. Будай-Делянунун «Цыганиада» поэмасы жаралган. В. Крылова, Й. Элиаде-Редулеску, A. Руссо, К. Негруцци сыяктуу жазуучулардын чыгармаларына 1848-жылдагы революция менен байланышкан революциячыл-романтикалык белгилер мүнөздүү. Жогорудагы тенденциялар 19-кылымдын 2-жарымында Н. Филимон, Й. Славич, М. Эмунеску, Ж. Кошбук ж. б. жазуучулардын чыгармаларында андан ары өнүктүрүлүп, реализмдин калыптанышына өбөлгө түзгөн. 20-кылымдын башындагы сын реализминин өнүгүшүндө «Вьяца ромыняске» журналы зор мааниге ээ болгон. Анда Ж. Кошбук, Й. Л. Каражале ж. б. эмгектенген. 1-дүйнөлүк согуштан кийин румын адабиятынын ири өкүлдөрү М. Садовяну, Л. Ребряну, Ч. Петреску, К. Петреску, Т. Аргези, Л. Раля сыяктуу жазуучулар сын реализминин өсүшүнө чоң салым кошкон. 30-жылдары пролетардык адабият пайда болгон (А. Сахия, Ж. Богза ж. б.). өлкө фашизмден бошотулгандан кийин (1944) адабияты социалдык реализм нугунда өнүгө баштаган. Улуу муундагы М. Садовяну, Ч. Петреску, кийинки муундагы 3. Станку, М. Преда, М. Бануш, А. Баранги, X. Ловинеску ж. б. акын-жазуучулардын, драматургдардын чыгармаларында Румыниянын жаңы турмушу, социалдык өзгөрүштөр чагылдырылган. Румын адабиятына жазуучулар – Д. Попеску, Ф. Нягу, Н. Веля; акындар – Н. Стэнеску, М. Сореску, Ана Бландиана ж. б. кошулду.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Румыниянын аймагында фракия, скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, Кара деңиз боюндагы байыркы шаар калдыктары сакталган. Орто кылымда Трансильвания искусствосу борбордук Европадагы католик мамлекеттеринин искусствосу менен байланышта болуп, роман стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги курулуштар салынган. 16-кылымдан Румыния архитектурасы Кайра жаралуу маданиятынын таасиринде өнүккөн. 18-кылымдын башынан барокко стилиндеги (Клуж, Тимишоара, Орада чиркөөлөрү) курулуштар тараган. Романтизм менен реализм тенденциялары (Й. Негулич, Б. Исковескунун портрет, пейзаждары) пайда болгон. Молдова менен Валахиянын биригиши (1859) жана көз каранды эмес Румыния мамлекетинин жарыяланышы (1877) көркөм маданияттын гүлдөшүнө түрткү берген; 1870–90-жылдарда демократиялык реализм (Н. Григореску, И. Андреску) гүлдөп өскөн. Архитектурада (19-кылым) классицизм стилиндеги имараттар салынган. Сүрөт искусствосунун калыптанышына көрүнүктүү сүрөтчүлөр К. Рессу, И. Щер, Н. Тоница, Ф. Ширато, Д. Гояц ж. б. чоң салым кошкон. Сүрөт искусствосунда жаңы көрүнүштөрдү чагылдырган чыгармалар (пейзажда – М. Бунеску, А. Катаражи, М. Макси, А. Чукурениу; скульптурада – Й. Жали, О. Хан, Г. Ангел ж. б.; графикада – В. Добриан, В. Казар, П. Эрдеш, Ф. Кордеску ж. б.) жаралган.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Румыния элдик музыкасында эпикалык баллада, дойна, гайдук ырлары басымдуу. Музыкалык аспаптары: флуер (сыбызгы), най, чимпой (үйлөмө), кобза, цитра, цимбалы (кылдуу); элдик бийлери: сырба, брыу, жок, хора. 20-кылымдагы көрүнүктүү композиторлору: Я. Мурешану, К. Дмитриеску, Ж. Энеску ж. б. Румынияда опералык жана музыкалык театрлар, симфониялык, камералык жана эл аспаптар оркестрлери, бий ансамблдери, хор коллективдери бар. 1957-ж. композиторлор союзу түзүлгөн.

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Румын профессионал театры 19-кылымдын башында румын элинин көз каранды эместиги үчүн күрөш мезгилинде пайда болгон. Театр искусствосун өркүндөтүүдө Г. Асани, Й. Э. Радулэску, Г. Барицтер маанилүү роль ойногон. 19-кылымдын 2-жарымында актёрдук искусство реалисттик (М. Милло) жана романтикалык (К. Караджале, М. Паскали) багытта өнүккөн. 19-20- кылымдарда реалисттик традицияны актёрлор Г. Манолеску, А. Романеску, К. Ноттара, А. Прутяну. кийинчерээк алардын окуучулары А. Деметриаде, Т. Буландра, Л. Стурдза-Буландра, Г. Сторин ж. б. улантышкан.

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

Румынияда биринчи толук метраждуу фильм 1912-ж. тартылган. Кино өнөр-жай 1948-ж. мамлекеттештирилген. Румынияда көркөм (анын ичинде мультипликациялык) жана хроникалык-документалдык, ошондой эле окуу фильмдерин тартуучу «Бухарест», Сахия атындагы жана Крянге атындагы киностудиялар иштеп, бир катар фильмдерди чыгарган: «Митря Кокор» (1952, режиссёр В. Илиу, М. Садовянунун романы боюнча), «Эңсөө» (1961, режиссёр М. Дрэган, Т. Поповичтин романы боюнча), «Дунай толкундары» (1959, режиссёр Л. Чулей), «Туннель» (1967, режиссёр Ф. Мунтяну, СССР менен бирге), «Трудор» (1967, режиссёр Л. Брату), «Купуя бүтүм» (1975, режиссёр М. Маркус), «Жарылуу» (1972, режиссёр М. Дрэган), «Дубал» (1975, режиссёр К. Ваени) ж. б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]