Эл аралык валюта фонду

Википедия дан

Эларалык валюта фонду (ЭВФ, англ. International Monetary Fund (IMF)) ― эл аралык валюталык-каржы уюму, БУУнун адистештирилген мекемеси. Эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт; валюталык паритеттердин туруктуулугун кармап турат, төлөөнүн көп тараптуу тармагын иштеп чыгат жана валюталык чектөөлөрдү жоёт, ошондой эле өзүнүн мүчөлөрүнө төлөм баланстарынын тең салмаксыздыгына байланыштуу болгон валюталык кысталыштарда кредиттик ресурстарды берет. 1944-жылы Бреттон-Вудс эл аралык валюталык-каржы конференциясында түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]