Европа

Википедия дан
Европа континенти‎»‎ барагынан багытталды)
Европа.

Европа континенти – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Түндүк Муз океан жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң км2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эң алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуңу) деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоңку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.

Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европанын географиялык абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын болушу анда деңиздик жана андан континенттикке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орточо өлчөмү бардык жеринде оң мааниде, ал түндүктөн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралдарында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түштүк Европада 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Европада (Жер Ортолук деңиз аймагынан жана Франциянын басымдуу бөлүгүнөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн–1 ккал/см2) чейин; июлда Түндүк менен Түштүк аймактардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; натыйжада радиациялык баланс Европанын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атмененын жалпы циркуляциясынын системасына кошулганда, айрыкча кышында жылуулуктун аймак боюнча кайрадан бөлүнүшүнө алып келет. Батыштан соккон аба массасынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымынын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеңдик багыттыкынан кыйла айырмаланып, Европанын басымдуу бөлүгүндө (Түштүк-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орточо температурасы кеңдик боюнча орточо температурадан кыйла көтөрүңкү болот. Мисалы, январдагы жылуу температуралык аномалия Жаңы Жерде, Кола жарым аралында, Шпицбергенде, Британ аралында 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы менен Исландияда 18°Сден 24°Сге чейин жетет.

Радиациялык жана циркуляциялык факторлор Европанын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атмосферанын эң төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Исландия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты жана Түштүк-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуңуна жана Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклонунун бир тармагы да кирет. Азор антициклонунун таасири астында турган Жер Ортолук деңиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атмосфералык фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеңдиктерди карай бир аз кыйшайып) багытталат.

Европанын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым жарым аралына чейин жетиши мүмкүн. Жер Ортолук деңиз аймагында уюлдук аба мезгил-мезгили менен тропиктик аба менен алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кышы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түндүк аймактарынын жана Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык жана арктикалык. Түштүк Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы арктикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европанын эң суук жерлери: Печора дарыясынын алабы (айлык орточо температурасы –20°С) жана Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора дарыясынын алабында Европадагы эң төмөнкү температура (абс. минимум) –52°С катталган.

Европанын эң ысык жерлери – Жер Ортолук деңиз аймагы (мында июлдун орточо температурасы 28–30°С) жана Каспий бою ойдуңу (24–26°С). Абсолюттук максимум температура (48°С) Пиреней жарым аралынын түндүгүндө катталган.

Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысынан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым капталдарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европада, айрыкча, анын Түштүк-чыгышында жана чыгышында). Эң жаанчыл жери – Динара тайпактоосунун батыш капталдарында, анда жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эң кургакчыл жери – Каспий бою ойдуңу, анда 200 мм жана андан да аз жаайт. Арктика аралдарында жана Баренц деңизинин Түштүк жээгинде – 300–400 мм. Европага кеңдик боюнча арктикалык, субарктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги климат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европ. секторундагы аралдарды камтыган арктика алкагынын климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июлдун орточо температурасы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн.

Исландиянын, Фенноскандиянын жана Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк бөлүктөрүн камтыган субарктика алкагынын жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак жана жылуураак (июлдун орточо температурасы 10–12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жумшак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн.

Европанын Жер Ортолук деңиз аймагынан жана Крымдын Түштүк жээгинен башка калган бүт аймагын мелүүн алкак ээлеп, анын Түндүк бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деңиздик, абанын температурасынын жылдык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түздүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик жана ашыкча нымдуу. Алкактын чыгышынын климаты мелүүн континенттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө серүүн, борбордук бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын температурасынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түндүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борбордук бөлүгүндө алар теңдешет, түштүгүндө жаан-чачын буулануудан аз.

Жер Ортолук деңиз аймагын жана Крымдын Түштүк жээгин камтыган субтропик алкагына жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан-чачындуу (январдын температурасы 4°Сден 12°Сге чейин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургакчыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сүрөт. Пиренейдин батышына, Апеннин жарым аралына, Балкан жарым аралынын батышына жана Түндүк-батышына жер ортолук деңиздик климаттын деңиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул жарым аралдын калган бөлүктөрүнө жана Крымдын Түштүк жээгине анын континенттик варианттары мүнөздүү.

Дарыялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа континенти.

Европа агын суу катмарынын өлчөмү боюнча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түштүк Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) боюнча, кургактыктын чакандыгына байланыштуу Австралия менен Антарктидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чыгышты жана түндүктөн түштүктү карай азаят. Европанын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түндүк Муз океандын жана ички Каспий деңизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эң чоң дарыясы – Волга (негизги куймалары: Кама менен Ока). Анын уз. 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орточо чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түндүк Двина. Батыш Европадагы ири дарыялар: Дунай (узундугу 2850 км, алабынын аянты 807 миң км2, суусунун орточо чыгымы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири менен туташат. Көбү гидроэнергетикалык максатта пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Волгадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка жана башка Чыгыш Европанын дарыялары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында жана жайдын башталышында суусу кирет; түздүктүн Түндүк бөлүгүндө кар кечирээк эригендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында Түштүк бөлүгүндөгү дарыялар 1,5–3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз менен капталат. Фенноскандияда кыска жана босоголуу да­рыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, негизинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоңку бөлүктөрүн 2–3 айга, Түндүк бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоңку Европанын түздүктүү аймактарындагы дарыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоңбойт; чыгышыраагындагы дарыялар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоолорунан башталган дарыялар мөңгү сууларынан да куралат. Жер Ортолук деңиз аймагынын дарыяларынын деңгээли күзүндө жана кышында (айрым жерлеринде кышында жана жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кышкы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деңиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер астындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат.

Көлдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европанын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгүндө жана Түндүк-батышында, Фенноскандияда, Британ аралында, Альп тоолорунда жана анын өндүрүндө, Польшанын жана Германиянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көлдөрдүн көбү тектон. оёңдордо, чуңкурдук, грабен жана башкаларда жайгашып, мөңгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Меларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Женева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда жана башка кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянттар жок. Мындагы эң мүнөздүү көлдөр: түздүктөр аркылуу дарыялардын жайылмаларындагы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Дунайдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деңиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан жарым аралындагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгриядагы Балатон жана башка тектон., Апеннин жарым аралындагы жана Исландиядагы жанартоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин жарым аралындагы карсттык көлдөр. Европанын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл Түштүк-чыгыш бөлүгүндө мала туздуу жана өтө минералдашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия менен Европанын чегинде дүйнөдөгү эң ири көл – Каспий деңизи жайгашкан.

Европадагы азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 116 миң км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миң км2), Жаңы Жер, Франц-Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, ошондой эле Альп тоолорунда, Уралдын Түндүк бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра-Невада тоолорунда да мөңгүлөр бар.

Жер кыртышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европанын топурак кыртышынын ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзам ченемине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюлдук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эң зор аянтты бореалдык жана суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зоналуулук структурасы жана типтери боюнча нымдуу океандык климаттуу Батыш Европага жана континенттик климаттуу Чыгыш Европага бөлүнөт. Арктика алкагында арктикалык жана тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаңы Жердин түндүгүндө таралып, калыңдыгы өтө жука, генезистик горизонттору анча байкалбайт. Тундра топурактары Фенноскандиянын түндүгүн, Жаңы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк уюлдук тегеректен түндүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, органикалык калдыктары жай чириген, чиринди горизонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёң жерлерде (айрыкча Печора дарысынын төмөнкү алабында) тундра топурактары саздак тундра топурактары менен айкалышат. Бореалдык алкак Исландиянын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ аралын, Түндүк Европа түздүктөрүн, Чыгыш Европанын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын камтыйт. Бул алкактын континенттик климаттуу аймактарында төмөнкү топурак кыртыштары таралган: Түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуулук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык калдыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл топурагы тайганын ортоңку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүңкү горизонтундагы органика калдыктардын кыйла бөлүгү төмөн чөгүп кетет; тайганын Түштүк бөлүгүнө жана жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак-күл топурагына күлдөшүү процессинен сырткары чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эң түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чымдашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди горизонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын океандык климаттуу аймактарына топурактын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көңдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын Түндүк-батышынын, Фарер жана Гебрид аралынын субарктикалык шалбаа жана сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы менен өзгөчөлөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл топурак Скандинавиянын жана Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ортоңку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлеринде токойдун кычкыл күл топурагы менен айкалышып жатат. Бореалдык алкактагы интразоналык топурактардан төмөнкүлөр таралган: аллювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топурактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чымдак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шалбаанын астында чымдак-глей топурагы өөрчүгөн; чымкөң-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо катмары үстүңкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоолордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чымдак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда жана Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоонун күл топурактары таралган. Суббореалдык алкактагы океандык жана мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыштарындагы зоналык структурасындагы айырмачылык ого бетер күчөйт. Мелүүн континенттик климаттуу аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара жана каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада жана талаанын Түндүк бөлүгүндө күлдөшкөн, жегичтүү жана накта кара топурак түзүлүп, ал өңү кара, калың чиринди горизонту, чириндиге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу иллювий горизонтунун болушу менен өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактарда аз жана орто чириндилүү кадимки жана Түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чириндиси 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жайгашып, тыгыз келет. Молдавия жана ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуңунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мергелдин жана акиташтегинин үстүндө кадимки жана мицелярдык-карбонаттуу, аз жана орто чириндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган Түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын Түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди горизонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө тыгыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ойдуңунун айрым жерлеринде каштан топурактары шортоң кыртыштар менен айкалышып жатат. Шортоң топурактар түпкү тектердин туздуу болушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуңунун эң кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүктөрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коңур топурактары кум массивдери менен айкалышып жатат.

Токойлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суббореалдуу алкактын океандык климаттуу аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коңур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонттор даана байкалбайт, коңур түстөгү иллювий горизонту өтө калың (анткени чополошуу жана карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине жана литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коңур топурагынын жуулуу жана күлдөшүү деңгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коңур рендзиндер менен кезектешип жатат. Кыйла континенттик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токойдун коңур топурагы көбүнчө жука калыңдыктагы накта жана кадимки кара жана шалбаалуу кара топурактар менен алмашат; алардын негизги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө таралган. Ушул эле аймактардын оёң жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коңур топурактары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорунда ал топурактардан башка тоонун күл топурагы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорулаган сайын тоо-шалбаа топурагы менен алмашат. Субтропиктик алкакта жайгашкан Түштүк Европага жана Крымдын Түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун жана бадалдардын астында күрөң топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) жана бүт профили боюнча карбонаттуулугу менен өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма режимде болуп, карбонаттар кыйла тереңдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын батышында жана Апеннин жарым аралынын Түштүк-чыгышында жана башка жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоотектердин үбөлөндү продуктулары) кеңири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл рендзиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деңиз аймагынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадалдуу формацияларынын астында бозомук-күрөң топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө тыгыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өңү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деңиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөң топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коңур топурагы менен алмашат. Европанын топурак-кыртышынын ичинен кара, токойдун коңур жана боз, ошондой эле күрөң топурактары дыйканчылыкта кеңири, тундра, жарым чөлдүн коңур топурактары бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт.

Европанын өсүмдүктөрү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосундагы байыркы жана азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына жана Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар жана түрлөр кездешет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу жана ийне-жазы жалбырактуу токойлорду жана алар менен байланыштуу бадалдуу жана чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүктөрү. Булардын ичинен эң кеңири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эң аз таралганы – тундра жана чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, субарктикалык жана бореалдык кеңдиктерде океандык климаттуу жана мелүүн континенттик аймактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла төмөнкү кеңдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне жана жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жалбырактуу токой таралган. Ал токойлор субтропик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл жана дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү аралаш токойлор жана бадалдар менен алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактарда тайгадан түштүгүрөөктө жазы жана ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү жана Түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл жана чөл менен алмашат (Крымдын Түштүк жээгинде субтропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет).

Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра менен тоонун ландшафттары жана фаунасы гана салыштырмалуу азыраак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен жана башка дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түштүгүндө жер ортолук деңиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой биздин заманга чейин 5-кылымдан эле Грекияда кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк жана Ортоңку Европанын башка жерлеринде да кеңири кулач жайган. Токойдун туруктуу жок кылына башташы табигый биотоптун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына жана флорасына терс таасир тийгизген. Арктикалык тундра жана чөл ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаңы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эңилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман жана башка) жана бадалдар (дриада, уюл талы жана башка) мүнөздүү. Арктикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Накта тундра континенттин Түндүк жана Жаңы Жер аралынын Түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштырмалуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эңилчектүү тундра (күрөң жана жашыл мамык чөптөр, эңилчектерден ягель жана башка үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) жана жапалак бадалдар (жапалак кайың, уюлдук жана тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландиянын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкакты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө токойлуу тундрага өтөт; ага тундранын, саздардын жана жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайың, кызыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эңилчектүү жана бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайың токою шалбаа жана саздар менен айкалышат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Тайга түштүктө болжол менен 57–58° Түндүк кеңдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь карагайы, көк карагайы жана кара карагайы, батышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зонанын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Нымдуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эңилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайың жана байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токоюнун Түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайың токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюква, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда жана Уралда тайга токою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт.

Тайга[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлюлоза-кагаз, химиялык жана курулуш өнөр жайларылары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаныбарларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён жана башка) аң ууланат, жапайы айбанаттардын жана куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереңкур жана башка) эти даярдалат, табигый өсүмдүктөрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, четин, моюл жана башка) мөмөлөрү жана козу карын жыйналат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат.

Жазы жана ийне жалбырактуу аралаш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазы жана ийне жалбырактуу аралаш токой тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин созулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Белоруссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш токой эң жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне жана жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада жазы жалбырактуу токой зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга жана аралаш токойго, түштүгүндө субтропикке (болжол менен 40° Түндүк кеңдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгышты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын Түштүк чеги 53–54° Түндүк кеңдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы – эмен. Климаты океандык аймактарда эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарысына чейин жетет) жана башка түрлөрү нукура эмен токоюн же кайың (Британ аралында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөңсөөлөрдүн капталдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө нымдуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырактуу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу жана таштуу топурактарда (Франциянын Түндүк-батышында, Британ аралында, Ортоңку Европа түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү жана чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деңиздин жээктеринде марштын шордошкон шалбаасы кеңири таралган. Тоо арасындагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерлеринде шалбаалуу талаа кездешет.

Чыгыш Европанын климаты мелүүн континенттик аймактарында каштан жана бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чыгыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү алкактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы жана ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына жана шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаасына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, Түштүк аймактарында жүзүмзарды кеңейтүү максатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарактардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбырактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отургузулган. Субальп жана альп шалбаалары жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат.

Европанын мелүүн континенттик климаттуу аймактарында жазы жалбырактуу токойдон түштүгүрөөк токойлуу талаа созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (негизинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа менен айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгүрөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кылкандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган накта талаа таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймактарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна кургак (түштүк) талаа мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаң өсөт. Европанын четки Түштүк-чыгышын суйдаң шыбактуу жана баялыштуу жарым чөл жана чөл ээлейт. Кара жана каштан топурактуу талаа дээрлик бүт айдалып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кызылча, күн карама жана башка өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл жана чөл зоналары жайыт (негизинен кой жайыты) катары пайдаланылат.

Европанын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө жана тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка байырлашкан ксерофилдик дайыма жашыл токой жана бадалдар таралган. Ал токойлордо таш, кермес жана тыгын эмендери, алеп, приморье жана италия кызыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мезгилинде толук куурап калат. Бадал формацияларынын ичинен эң кеңири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); пальмитос (Европадагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней жарым аралынын түштүгүндө, Балеар аралында, Сицилияда); гарига (мында көбүнчө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней жарым аралынын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда жана башка эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, ошондой эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өскөн тикендүү бадалдардан жана катуу чөптөрдөн турат; Балкан жарым аралынын ички жана чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деңиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой жана бадалдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкактары жайгашкан; алар эң бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп жана альп алкактарына өтөт. Жер Ортолук деңиз аймагынын токой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдардын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кеткен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней жарым аралынын Түштүк-чыгышында курма пальмасынын Европадагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен.

Европа Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Европанын көп бөлүгү Европа-Сибирь, Түндүк чети Арктика, Жер Ортолук деңизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деңиздик, Каспий бою ойдуңу Борбордук Азия аймактарына таандык. Табигый ресурстарды кеңири пайдалануунун натыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо жана башка) айбанаттардын түрлөрү жана таралышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алардын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра жана токойлуу тундрада ак түлкү, алагуш, ак жана тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деңиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн жана башка кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, карышкыр, күрөң аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак жана сур коён; канаттуулардан – карабоор, кереңкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булардан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа жана токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр жана туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чычкан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деңиздик зонада – пиреней жана альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней жарым аралынын Түштүк жагында маймылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз макака (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, карлыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк сагызган, көк жору.

Антропологиялык курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европада 44 өлкө жайгашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Европанын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Исландия, Нидерланд, Түндүк Германия, ошондой эле Эстония, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Европанын борбордук бөлүгүнүн, КМШнын европа бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния жана Герцеговина, Түндүк Македония, Хорватия, Словения, Сербия жана Черногория, Түндүк Грекия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деңизден батышта, чыгышта жана түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деңиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Франция, Түштүк Грекия, Жер Ортолук деңиздин аралдары), ак деңиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) жана уралдык (лопари, коми, мари, мордва, удмурт).

Этностук курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран ошондой эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европаны мекендешип, чыгыш, батыш жана Түштүк топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; батыш славяндарга поляктар жана кашубдар, чехтер, словактар, моравтар, лужицтер; Түштүк славяндарга болгарлар, македондор, словендер, сербдер, хорваттар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна лит­валыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер негизинен Борбордук жана Түндүк Европада жашашып, батыш жана Түндүк топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцариялыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар жана лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, англис тилдүү (англичандар, шотланддар жана англ жана шотланд-ирланддар) элдер жана башка; Түндүк топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы элдерге бретондуктар, уэльстиктер, гэлдер (шотланд), ирланддар, мэнктер, валийлер (кимбр), корндор тиешелүү. Латын тилинен чыккан роман тилдер тобуна италяндар, италян-швейцариялыктар, корсикалыктар, санмари́нликтер, француз тилдүү (француздар, франк-швейцариялыктар, валлондор) элдер, испандыктар, каталондор, португалиялыктар, галисиялыктар, арагондуктар, реторомандар, румындар, молдовандар, аромундар, меглениттер жана башка 50дөн ашуун мамлекеттин элдери кирип, Түштүк жана Батыш Европада, Африкада, Борбордук жана Түштүк Америкада жашашат. Албан, грек (каракачандар, цаконийлер) тилдер тобундагы элдерге албандар, гректер таандык. Ошондой эле Түштүк жана Чыгыш Европада индиарий тилдер тобуна тиешелүү цыган, Европанын бардык өлкөлөрүндө жашаган еврейлер бар. Европанын Түндүк Чыгышындагы урал тил уясы эки (финн-угор, самодий) топко бөлүнөт. Финн-угор тилдер тобу өз ара беш топчого бөлүнөт: прибалтика-финн (финндер, эстондор, карелдер, вепстер, ижорлор, воддор, ливдер); волгалык (эрзя-мордвалар, мокша-мордвалар, талаа марийлери, тоо марийлери); пермдик (удмурттар, коми-эряндар, коми-пермяктар); угор (хантылар, мансилер, венгрлер); саамдар (лопарлар). Самодий тилдер тобу өз ичинен Түндүк чыгыш (ненецтер, энецтер, нганасандар) жана Түштүк чыгыш (селькуп) тил топчолоруна бөлүнөт. Алтай тил уясы үч чоң (түрк, моңгол, тунгус-манчжур) топтон турат. Түрк тилдер тобунун кыпчак топчосуна Волга бою жана Урал өндүрүн мекендеген элдер (чуваштар, татарлар, башкырттар), ошондой эле Балкан жарым аралындагы түрктөр, гагауздар жана башка; моңгол тилдер тобуна моңголдор, калмактар, буряттар, ойроттор; тунгус-манжур тилдер тобуна эвенктер, эвендер, негидалдар, орочтор, удэгелер, ороктор, ульчтар, нанайлар тиешелүү. Семит-хамит тилдеринин уясына мальталыктар, Түндүк Африка, араб элдери, баск тил тобуна басктар кирет. Европа элдерине эки, үч тилдүүлүк мүнөздүү болуп, христиан дининин негизги эки тармагы – православие (Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европа) жана католицизм (Түштүк Батыш Европа) тараган. Орто жана Түндүк Европадагы динге ишенүүчүлөр негизинен протестант чиркөөлөрүнө сыйынышат. Түрк, татар, башкыр, цыган, албандардын көпчүлүгү, босниялыктардын, болгарлардын бир азы ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1