Меланезия

Википедия дан
Меланезия.

Меланезия (гр. melas – кара жана nesos – арал) – Океаниядагы негизги аралдар тобунун бири, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө. Башкы аралдары: Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагы, Соломон аралы, Жаңы Каледония, Фижи. Жалпы аянты 1 млн км2дей. Калкы 4 млндон ашуун; негизинен папуастар менен меланезиялыктар. Меланезиянын аралдары материктик жана жанар тоо кыймылдарынан пайда болгон. Бийиктиги 5029 мге чейин (Жаңы Гвинеяда). Жанар тоо көп; жер титирөө тез-тез болуп турат. Климаты экватордук, субэкватордук, түштүк аралдарда тропиктик. Айлык орточо температурасы 25–28°С. Жылдык жаан-чачыны айдарым капталдарда 7000–9000 мм, калган бөлүгүндө 1000–2000 мм. Өсүмдүктөрүндө эндемиктер көп. Түндүгүндөгү ири аралдары нымдуу экватордук жыш токой (баалуулары: нан жана коон дарактары, пальма, каучуктуу, сандал, тик дарактары ж. б.) менен капталган. Борбордук бөлүгүндөгү жана түштүктөгү аралдарын муссондук токой жана саванна ээлейт. Кокос пальмасы, каучyк дарагы, бал камыш, какао, кофе плантациялары бар. Тропиктик дыйканчылык (шалы, жүгөрү, таро, маниок, ямс) өнүккөн. Жыгач даярдалат. Балык кармалып, коралл, седеп чогултулат. Никель, кобальт, хром (Жаңы Каледония), марганец (Жаңы Гебриддер), жез (Соломон аралы, Фижи, Жаңы Гвинея) кен таштары казылып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]