Австралия (континент)

Wikipedia дан
Австралия
Australia (orthographic projection).svg
Аянты

7 692 024 км²

Калкы

23 130 931[1] адам

Жыштыгы

3,01 адам/км²

Этнохороними

австралиялык, австралийка, австралиялыктар

Курамында

1 өлкө

Тилдери

австралия-англис тили (де-факто)

Убакыт аралыгы

+8 … +11

Интернет-домени

.au

Ири шаарлары

Сидней, Мельбурн, Брисбен, Перт, Аделаида

Commons-logo.svg Австралия Уикиказынада
Австралиянын космостон тартылган сүрөтү.

Австралия (континент) (лат. Australia түштүк) Жер шарындагы эң чакан материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 7631,5 миң км2 (аралдары менен кошо 7704,5 миң км2). Калкы 20,4 млн (2004). Эң түндүк чегин Йорк (10°41' түш. к.), түштүгүн Саут-ИстПойнт (39°11' түш. к.), батышын Стип-Пойнт (113°05' чыгыш уз.), чыгышын Байрон (153°34' чыгыш уз.) тумшуктары түзөт. Чыгыш жээгин Тынч океандын деңиздери (Тасман, Коралл), түндүгүн Арафура деңизи, батышы менен түштүгүн Инди океаны чулгайт. Жакын жайгашкан Жаңы Гвинея, Тасмания, Кенгуру, Мелвилл, Батерст, Грунт-Айленд аралдары менен кошо Түштүк жарым шардан орун алган. Түндүк-чыгыш жээгин бойлой Чоң Тоскоол рифи 2,3 миң кмге созулат. Жээктеринде булуң-буйтка аз; эки чоң булуң (түндүгүндө Карпентария, түштүгүндө Австралия Чоң булуңдары) кургактыкка терең кирет. Эң ири жарым аралдарын (Кейп-Йорк менен Арнемлендди) Карпентария булуңу бөлүп турат. Материктин негизин (батыш жана борбордук бөлүктөрүн) кембрийге чейин пайда болгон Австралия платформасы, чыгыш бөлүгүн Чыгыш Австралия геосинклиналдык бүктөлүү алкагы ээлейт. Австралия платформасы байыркы суперконтинент Гондвананын бир бөлүгү болуп саналат. Австралия дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен урандын, алмаздын, никелдин, титандын жана ильменит-рутилдин запасы боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле коргошун, цинк, тантал, алтын, темир, марганец, боксит, фосфорит, күрөң жана таш көмүр, нефть, табигый газ жана башка кендерге да бай.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралия дүйнө жүзүндөгү эң жапыз материк; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 215 м. Аймагынын 95%ке жакын аянтынын бийиктиги 600 мден ашпайт. Материктин чыгыш бөлүгүн жалпак чокулуу, бири биринен обочо жайгашкан тоолордон турган Чоң-Суу-Бөлгүч кырка тоосу ээлейт. Анын чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы дөбө-дөңсөөлүү (даунстуу). Эң бийик жери Австралия Альп тоолорундагы Косцюшко чокусу (2228 м). Материктин орто бөлүгүндөгү Борбордук ойдуңундагы Эйр-Норт көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 12 м төмөн жайгашкан (Австралиянын эң чуңкур жери). Батышы бөксө тоолуу (400-500 м); көптөгөн кырка жана супа сымал тоолордон турат: Хамерсли (бийиктиги 1251 м), түштүк-батышында Дарлинг (571 м), Стерлинг (1096 м), чыгышында Мак-Донелл (1511 м), Масгрейв (1440 м) кырка тоолору, түндүгүндө Кимберли платосу (937 м) жайгашкан. Материктин түштүк-батыш чет жакасында орто, бийик жана жапыз тоолор Флиндерс (1180 м) жана Маунт-Лофти (932 м) ээлейт.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралия Жер шарындагы эң кургакчыл материк. Суммардык күн радиациясы жогору (жылдык өлчөмү 5880ден 7500 МДж/м2ге чейин). Материктин аймагынын жарымынан көбү тропиктик, түндүк чет жакасы субэкватордук, түштүгү субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Субэкватордук климаттык алкакта жайкы муссон (жылдык жаан-чачындын 70%ке жакыны жаайт) жана кышкы кургакчыл сезон даана байкалат. 20-28°Сге жеткен дайыма ысык абарайы мүнөздүү; жаанчыл сезон болор алдында 40°Сге чейин ысыйт. Кээде түндүк жээгине тропиктик ураган да кириши мүмкүн. Тропиктик климаттык алкак эки секторго бөлүнөт: кургакчыл чөл жана жарым чөлдүү континенттик (батышта Инди океанынын жээгинен чыгышта Чоң Суубөлгүч кыркатоосуна чейин) жана жайы ысык, нымдуу, кышы жылуу, бирок анча нымдуу эмес океан жээктик (чыгыш жээктеринде жана тоолордун айдарым капталдарында). Тоолору жапыз болсо да нымдуу абаны батышты карай өткөрбөй, жаан-чачынды негизинен жээк тилкесине жана кырка тоолордун чыгыш капталдарына жаадырат. Австралиянын түштүк бөлүгүнө тропиктик чөл климаты мүнөздүү; мында жыл бою континенттик аба үстөмдүк кылып, жаан-чачындык жылдык өлчөмү 250 ммден ашпайт (мында Австралиянын эң ысык жери Чоң Кумдуу чөл жайгашкан). Абанын жайкы орточо температурасы 28-30°С (кээде 40°Сден ашат, абсолюттук максимуму 53,1°С), кышында 12-20°С (кээде абанын кескин муздашы да байкалат). Материктин түштүк-батыш, ошондой эле түштүкчыгыш бөлүктөрүнө, Муррей дарыясынын алабына жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү, жайы ысык, кургакчыл, кышы серүүн, нымдуу. Чоң-Суу-Бөлгүч кырка тоосунун чыгыш капталдарында жана Тасмания аралынын түндүгүндө муссондук климат өкүм сүрөт, туруктуу нымдуу (жылдык жаан-чачынын өлчөмү 1500 ммге чейин). Кыш айларынын орточо температурасы 5-10°С. Австралия Альп тоолорунда жаан-чачын арбын жаап, абанын температурасынын сезондук өзгөрүүсү кыйла жогору (кышында -20°Сге чейин суук болот). Налларбор түздүгүндө жаанчачын аз (250 ммге чейин) жаайт. Тасманиянын түштүгү мелүүн алкакка кирет. Австралия агын сууга жарды. Дарыя агымынын өлчөмү болгону 350 км3 (Жер шарынын дарыя агымынын 1%ке чейинкиси), суу агымынын катмары 50 мм (жылдык; бул болсо Европаныкынан 6 эсе, Түштүк Американыкынан 8 эсе аз). Суусу мол дарыясы Муррей (суусунун жылдык орточо чыгымы 330 м/сек), эң узуну Дарлинг (узундугу 2740 км). Негизинен жаан-чачын сууларынан куралат. Көп дарыяларында суу мезгил-мезгили менен пайда болот (криктер). Австралиянын аймагынын 60%и суу агып чыкпаган туюк облуска кирет. Австралияда көлдөр жана байыркы көлдөрдүн чанактары көп. Алардын басымдуу бөлүгү туюк, шор баскан көлдөр, көбү жамгырдан кийин сууга толот. Эң ири көлү Эйр-Норт, анын аянты жаанчыл жылдары 15 миң км2ге жетип, кургакчыл мезгилдерде майда тайыз көлмөлөргө ажырап кетет. Ири туздуу көлдөрү: Торренс, Гэрднер, Фром жана башка Австралиянын батыш бөлүгүндөгү көптөгөн туюк көлдөр туздуу көлдүү түздүктү пайда кылат. Австралия жер астындагы, анын ичинде артезиан сууларына бай (бассейни материктин ⅓ бөлүгүн ээлейт; аянты 2,5 млн. км2дей). Алар өнөр жайында, айыл чарбада жана турмуш-тиричиликте кеңири пайдаланылат. Ири артезиан бассейндери: Чоң Артезиан бассейни, Муррей, Мортон-Кларенс, Юкла жана башка. Австралиянын басымдуу бөлүгүндө, өтө кургакчыл ички аймактарында тропик жана субтропиктин чөл жана жарым чөлдөрүнүн жөнөкөй топурактары кеңири таралган. Батыш Австралияда таштак, темирлүү конкрециялык топурактар, Борбордук ойдуңдун түздүктөрүндө кумай-чопо жана чополуу, туздуу көлдөрдүн тегерегинде шортоң топурактар үстөмдүк кылат. Нымдуураак жана латериттешүү боло баштаган сайын чөлдүн жөнөкөй топурактары жарым чөлдүн кызгылт-коңур жана саваннанын кызыл-коңур топурактары менен алмашат. Субэкватор алкагына күлдөшкөн кызыл жана күлдөшкөн латерит, субтропикке бозомук-күрөң жана күрөң топурактар мүнөздүү. Тоолордо токой астында кызыл-сары ферралит, Тасмания аралында коңур жана саргыч-коңур токой топурактары кеңири таралган.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралиянын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү байыркылыгы ж-а эндемизмдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. 12 миң татаал өсүмдүк түрүнүн 80%и эндемия өсүмдүктөр (мисалы, акация уруусунун 500дөй түрү, эвкалипт уруусунун 500дөй түрү Австралия флорасынын эң мүнөздүү өкүлү болуп саналат). Австралиянын флорасында ошондой эле Түштүк Американын (мисалы, түштүк бук), Түштүк Африканын (протейлүүлөр), Түш.-Чыгыш Азиянын (фикус, панданус ж. б.) өсүмдүктөрүнүн айрым өкүлдөрү да кездешет. Бул болсо А. бор мезгилине чейин башка материктер менен туташ болгондугун айгинелейт. Материктин чет жакасын (батышынан башкасын) нымдуу токой түндүк-чыгышын дайыма жашыл, түштүк-чыгышын жана түштүк-батышын эвкалиптүү тропик токойлору ээлейт. Материктин ичин карай климаттын континенттүүлүгүнүн күчөшүнөн нымдуу токой тропиктик кургакчыл эвкалипт токою, сейрек токой жана саванна менен алмашат. Австралиянын ички кургакчыл бөлүгүн бадалдуу жана чөп өсүмдүктүү формациялар ээлейт. Жарым чөлдөрдө скрэб бадалдарынын, чөлдөрдө чөл өсүмдүктөрүнүн үстөмдүк кылышы Австралиянын өзгөчөлүгүн түзөт. Жарым чөлдүү жана саванналуу аймактары табигый жайыт. Товардык мааниси бар токой материктин 2%ин аянтын ээлейт. Токойлорунда эвкалипт басымдуу, анын жыгачы катуу, бышык, чирибейт, андан эфир майы да алынат. Жаныбарлар дүйнөсү эндемик уруусунун жана тукумунун көптүгү, татаал түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөрдүн аздыгы (башка жактан алынып келинген жана кийин жапайы болуп кеткен ит, чочко, коёнду кошпогондо) менен айырмаланат. Баштыктуу жаныбарларга (кенгуру, баштыкчан момолой) өтө бай. Жумуртка туучу сүт эмүүчүлөр (өрдөк тумшук, ехидна) менен эки түрдүү дем алчу цератод балыгы Австралияда гана кездешет. Эму төө кушу, какаду тоту кушу жана башкалар Австралияга мүнөздүү.

Табигый аймактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралияда 4,5 миңден ашык табигый аймак өзгөчө коргоого алынган (өлкөнүн 8% аймагын түзөт), анын ичинен 500дөйү улуттук парктар жана табият эстеликтери (мисалы, Австралиянын символу ЭрсРок калдык тоо массиви). 12 улуттук паркы глобалдык биосфералык корук тармагына, ал эми 15и Бүткүлдүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Материктеги алгачкы, дүйнөдөгү 2-улуттук парк Ройал (Сидней шаарынан 32 км түштүк тарабында) 1879-ж. уюшулган. Эң маанилүү улуттук парктары: дүйнөдөгү эң ири Чоң Тоскоол Рифи деңиз паркы (аянты 500 миң км2), Какаду улуттук паркы.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралиянын калкынын антропологиялык курамы ар түрдүү. Аборигендер (жергиликтүү адамдар) австралия расасына кирет. Түштүк австралиялыктар түндүктөгүлөргө караганда кыска бойлуу, жазы мурундуу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат. Түштүк жана Түндүк континенттегилер тармал чачтуу, каратору, калың эриндүү келет. Калгандары ар башка антропологиялык типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралиянын аймагында Австралия мамлекети жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1