Мельбурн

Шаар
Мельбурн
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Австралия
Штат [[Виктория]]
Координаттар 37°49′14″ ю. ш. 144°57′41″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү муниципалитет
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1935
Биринчи белгиленген 1847
Аянты 9990,5 км²
Борборунун бийиктиги 31 м
Убакыт аралыгы [[UTCUTC+10:00, UTC+11:00]]
Калкы
Расмий тили Англис тили
Калкы 5 159 211 адам (2020)
Жыштыгы 453 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 0370, 0371, 0372, 0374, 0376, 0377, 0378, 0379, 0383, 0385, 0386, 0390, 0391, 0392, 0393, 0394, 0395, 0396, 0398, 0399
Почта индекси 3000–3207
Расмий сайты шилтеме {{ref-англисче}}
Мельбурн (Австралия)

Мельбурн – Австралиянын түштүгүндөгү шаар. Виктория штатынын административдик борбору. ПортФиллип булуңуна Ярра дарыясы куя берген жерде жайгашкан. Калкы Чоң Мельбурн агломерациясы менен 4,2 млн (2012); калкынын саны боюнча Сидней агломерациясынан кийинки 2-орунда. Тогуз жолдун тоому. Автомобиль жана темир жол түйүнү. Төрт (анын ичинде Тулламарин эл аралык) аэропорту бар. Шаарда дүйнөдөгү эң узун трамвай линиясы (узундугу 250 кмден ашык) иштейт. 1835-жылы негизделген. Улуу Британиянын премьер-министри лорд Мельбурндун (Мельборн) ысмынан аталган. 1847-жылдан шаар статусуна ээ. 1901–27-жылдары Австралия Союзунун борбору болгон. Порт-Филлип булуңундагы порт (жылына 30 млн тонна жүк ташылат). Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу (эмгекке жарамдуу калктын 90%и эмгектенет). Мельбурн – өлкөнүн башкы ишкер жана финансы борбору. Мельбурнда Австралиянын негизги банктарынын штаб-квартиралары, баалуу кагаздар биржасынын бөлүмү, Австралия ишкер кеңешинин башкы уюму ж. б. жайгашкан. Машина куруу, металлургия, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль, кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Ратуша (1867– 87), неоготика стилиндеги Ыйык Павел собору (1880–92) сакталган. Австралиянын илим, билим жана маданий ири борбору. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Мельбурн, технологиялык ж. б.) жана анын кампустары, институттар (анын ичинде Король технология, нерв, рак оорулары, мээни изилдөөчү ж. б.), консерватория (1974), улуттук театр, Виктория улуттук галереясы (Европанын, Азиянын, Австралиянын искусствосу), заманбап искусство, дизайн, край таануу жана этнографиялык музейлери (анын ичинде улуттук мемориал; Австралия аборигендеринин маданий борбору ж. б.), театрлар бар. Шаардын борбордук бөлүгүндө көптөгөн тарыхый курулуштар (анын ичинде Ыйык Патрик неоготика собору ж. б.) сакталган. Король көргөзмөсүнүн имараты Карлтон-гарденс паркы менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. Мельбурнда 1956-жылы XVI жайкы Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (кино, музыка ж. б.), салт болуп калган спорт мелдештери болот. Туризм (жылына 8 млнго жакын турист, анын 1,4 млну чет өлкөлүктөр) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]