Олимпиялык оюндар

Википедия дан

Олимпиялык оюндар – 1) Байыркы Грекиядагы элдик майрам жана мелдешаары Ал Олимпия шаарында б. з. ч. 776-жылдан б. з. 394-жылына чейин 4 жылда бир жолу өткөрүлгөн. Олимпиялык оюндарга кулдар, варварлар жана аялдар катыша алган эмес; 2) 1896-жылдан 4 жылда бир өткөрүлүүчү эл аралык ири спорттук мелдешаары Олимпиялык оюндарды өткөрүү боюнча чечим 1894-ж. Парижде болгон эл аралык 1-атлетикалык конгрессте кабыл алынып, Эл аралык олимпиялык комитет (ЭОК) түзүлгөн. Олимпиялык оюндардын негиздөөчүсү – франциялык коомдук ишмер Пьер де Кубертен (1863–1937). Ал ЭОКтун президенти болгон (1896–1925). ЭОК бекиткен спорттун түрлөрү гана Олимпиялык оюндадын программасына кирет. Олимпиялык оюндар 1896-жылдан төмөндөгүдөй өткөрүлүүдө: 1-Олимпиялык оюндар 1896-ж. 5–12-апрелде Афиныда өткөрүлүп, 14 өлкө катышкан. Марафонго жүгүрүү чебери С. Луис мыкты спортчу аталган. 2-Олимпиялык оюндар Парижде 1900-жылдын 20-майынан 28-июнуна чейин өткөн. 24 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу деп жеңил атлетчи А. Кренцлейн табылган. 3-Олимпиялык оюндар 1904-ж. 1-июль–23-ноябрда АКШнын СентЛуис шаарында өткөрүлгөн. 12 өлкө катышкан. Эң мыкты спортчу болуп америкалык атлет Р. Юри белгиленген. 4-Олимпиялык оюндар Лондондо 1908-ж. 22-апрелден 2-майга чейин өткөрүлүп, 22 өлкө катышкан. Мыкты оюнчу деп орус спортчусу Н. Панин-Коломенкин (муз тебүү боюнча) табылган. 5-Олимпиялык оюндар Стокгольмдо 1912-ж. 5-майдан 22-июлга чейин өтүп, 28 өлкө катышкан. Бул оюнда Финляндиялык жеңил атлетчи Х. Колехмайнен эң мыкты аталган. 7-Олимпиялык оюндар Антверпенде (Бельгия) 1920-ж. 20-август–12-сентябрь аралыгында өткөн. 29 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу болуп Финляндиянын жеңил атлетчиси П. Нурми табылган. 8-Олимпиялык оюндар Парижде 1924-ж. 4–24-майда өткөн. 44 өлкө катышкан. Дүйнөнүн эң атактуу оюнчусу деп 2-ирет П. Нурми аталган. 9-Олимпиялык оюндар Амстердамда (Нидерланд) 1928-ж. 17-майдан 12-августка чейин өткөрүлүп, 46 өлкө мелдешкен. Сууда сүзүү боюнча америкалык спортчу Ж. Вейсмюллер эң мыкты спортчу аталган. 10-Олимпиялык оюндар Лос-Анжелесте 1932-ж. 30-июлдан 14-августка чейин өткөн. 37 өлкө катышкан. 10000 мге жүгүрүүдө Польшанын өкүлү Я. Кусочинский эң мыкты деп табылган. 11-Олимпиялык оюндар Берлинде 1936-ж. 1–16-августта өткөрүлгөн. 49 өлкө катышкан. Америкалык жеңил атлетчи Ж. Оуенс эң мыкты делген. 6-Олимпиялык оюндар (1919), 12(1940) жана 13-Олимпиялык оюндар (1944) өткөн эмес. 14-Олимпиялык оюндар Лондондо 1948-ж. 29-июль–14-августта өткөн. 59 өлкө катышкан. Мында нидерланддык Ф. Бланкерс-Кун мыкты оюнчу аталган (жүгүрүү боюнча). 15-Олимпиялык оюндар Хельсинкиде (Финляндия) 1952-ж. 19-июлдан 3-августка чейин өткөрүлгөн. Ага 69 өлкө катышкан. Мында СССРдин курама командасы 1-жолу мелдешке чыккан. Чехословакия стайери Э. Затопек эң мыкты аталган. 16-Олимпиялык оюндар 1956-ж. 22ноябрь–8-декабрда Мельбурнда (Австралия) өткөн. 67 өлкө катышкан. Советтик стайер В. Куц эң мыкты деп табылган. 17-Олимпиялык оюндар Римде 1960-ж. 25-август–11-сентябрда өткөн. 83 өлкө мелдешкен. Советтик оор атлетчи Ю. Власов атактуу оюнчу аталган. 18-Олимпиялык оюндар 1964-ж. 10–24-октябрда Токиодо өткөрүлгөн. Ага 93 өлкө катышкан. Эфиопиялык атлетчи А. Бикила эң мыкты оюнчу аталган. 19-Олимпиялык оюндар Мехикодо 1968-ж. 12–27-октябрда өтүп, 112 өлкө катышкан. Америкалык Б. Бимон эң даңктуу делген (узундукка секирүү боюнча). 20-Олимпиялык оюндар Мюнхенде (ГФР) 1972-ж. 26-август–11сентябрда өткөн. 121 өлкө катышкан. Америкалык суучул М. Спиц эң мыкты аталган. 21-Олимпиялык оюндар Монреалда (Канада) 1976-ж. 17-июлдан 1-августка чейин өткөрүлгөн. 92 өлкө катышкан. Герман спортчу кызы К. Эндер, кубалык жеңил атлетчи А. Хуантарена, румыниялык гимнастка Н. Комэнеч эң мыкты аталышкан. 22-Олимпиялык оюндар 1980-ж. 19-июлдан – 3-августка чейин Москвада, айрым мелдештери Ленинград, Киев, Минск, Таллинде өтүп, 80 өлкө катышкан. Бул Олимпиялык оюндарда Кыргызстандын спортчулары К. Осмоналиев, А. Мелентьев, Т. Колпаковалар чемпион болушкан. А. Блинов күмүш, С. Жуманазаров коло медаль алышкан. 23-Олимпиялык оюндар Лос-Анжелесте 1984-ж. өткөн. 140 өлкө мелдешкен. Жеңил атлетчи К. Льюис эң мыкты аталган. 24-О. о. Сеулда 1988-ж. 17-сентябрь–2-октябрда өткөн. 160 өлкө катышкан. Жердешибиз М. Ж. Кулчунова-Пинигина эстафетага чуркоодо 1-орунду ээлеп, олимпиялык чемпион болгон. 25-Олимпиялык оюндар 1992-ж. 25-июль–9-августа Барселонада өткөрүлүп, 173 өлкө катышкан. СССР жоюлгандыктан, КМШ курама командасы деп алышкан. 26-Олимпиялык оюндар Атлантада (АКШ) 1996-ж. 19-июль–5-августта өткөн. 197 өлкө ат салышкан. Түркиянын оор атлетчиси Н. Сулейманоглы эң мыкты спортчу аталган. 33 спортчудан турган Кыргызстандын курама командасы 1-жолу Олимпиялык оюндарга өз алдынча катышкан. 27-Олимпиялык оюндар Сиднейде 2000-ж. 15-сентябрь–1октябрда өткөн. Ага 199 өлкө катышкан. Кыргызстандын 51 спортчусу спорттун 10 түрү боюнча мелдешкен. А. Смагулов дзюдо боюнча коло медаль алган. 28-Олимпиялык оюндар Афиныда 2004-ж. болуп, 201 өлкөдөн 11625 спортчу ат салышкан. Б. Фишер эң мыкты деп табылган. Кыргызстандын спортчуларынан Г. Чхаидзе гана 5-орунду алган. 29-Олимпиялык оюндар 2008-ж. Пекинде өткөн. Кытайдын курама командасы АКШ, Россия өндүү лидер командалардан озуп, 51 алтын медалы менен биринчиликти жеңип алган. Эң мыкты спортчу деп суучул М. Фелпс табылган. Кыргызстандын спортчулары К. Бегалиев (күмүш медаль), Р. Түмөнбаев (коло медаль) грек-рим күрөшү боюнча мыкты көрсөткүч жаратышты. 30-Олимпиялык оюндар Лондондо 2012-ж. 27июль – 12-август аралыгында өтүп, ага дүйнөнүн 201 өлкөсү катышкан. Кыргызстандан 14 спортчу барган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]