Виктория (штат)

Виктория
англ. Victoria'
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Виктория картада

Өлкө:

Австралия

Абалы:

Штат

Акимий борбору:

Мельбурн

Ири шаары:

Мельбурн

Башка ири шаарлары:

Жилонг, Балларат, Бендиго, Шеппартон, Милдьюра, Уорнамбул

Түзүлгөн убакыты:

1-июль 1851

Губернатор:

Линда Дессау

Премьер:

Дэниел Эндрюс

Расмий тили:

Англисче

Калкы (2021):

6 503 491

Жыштыгы:

28,59 адам/км²

Жер аянты:

227 444 км² (6 орун)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити



 1986 м

Саат алкагы:

UTC+10/11

ISO 3166-2 коду:

AU-VI

Телефон коду:

03 жана 02

Интернет-домени:

.au

Расмий сайты

Виктория (англ. Victoria) — Австралиянын түштүк-чыгышындагы штат, өлкөнүн континенталдык аймагындагы аянты боюнча эң кичинекей штат. Калкы - 6,503,491 (2021) адам[1]. Борбору жана ири шаары— Мельбурн. Расмий лакап аты — «Бакчалуу штат». Урааны — «Тынчтык жана өркүндөө».

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул штат Улуу Британиянын ханышасы Викториянын урматына аталган. Убагында бул аймак Улуу Британиянын колониясы болгон.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жай мезгилинде Хотэм тоосунан тартылган панорамалык сүрөт

Виктория штатынын аянты 227,444 км2. Австралия штаттарынын ичинен аянты боюнча 5-орунду, Австралиянын баардык аймактарынын арасынан 6-орунду ээлейт. Штаттын эң бийик чекити — Богонг тоосу (1986 м).
Виктория штатынын түндүк чек арасы Муррей дарыясынын түштүк жээги, ошондой эле Балларат шаарынын тушуна чейин созулган Суу бөлүүчү кырка тоосу менен чектелет. Батышынан Түштүк Австралия менен чектешет жана Австралиянын Тасмания штаты менен эң кыска кургактыктагы чек арага ээ. Виктория менен Тасманиянын расмий чек арасы Басс кысыгында жайгашкан Баундари-Айлет аралы аркылуу түштүк кеңдиктин 39° 12' өтөт жана узундугу 85 метр[2][3]. Виктория топографиялык, геологиялык жана климаттык жактан ар кандай аймактарды өз курамына камтыйт - түштүк-чыгышында Жипсленддин нымдуу мелүүн климатынан тартып, бийиктиги 2000 метрге чейин жеткен Австралия альпысы карлуу аймактарына чейинки аймактар. Ошондой эле батышта жана түндүк-батышта жарым кургак түздүктөр орун алышкан.

Физертоп тоолору

Викторияда дарыянын кеңири тармагы жайгашкан. Муррей дарыясынын системасы эң маанилүү деп эсептелет жана ошондой эле Овенс, Гоулберн, Кинг, Кэмпасп, Лоддон, Уиммера, Элгин, Барвон, Томсон, Сноуи-Ривер, Латроб, Ярра, Марибирнонг, Митта-Митта, Хопкинс, Мерри, Киев дарялары да штаттын аймагында жайгашышкан.

Штаттын символдору:

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Штаттын аймагынын кичинекейдигине карабастан, климаты ар түрдүү. Ал түндүк-батыштагы жарым чөлдөн жана ысыктан тартып жээкти бойлой мелүүн жана салкынга чейин өзгөрөт. Суу бөлүүчү кырка тоосу штаттын борбордук бөлүгүн салкын тоо климатын камсыз кылат.

Континенттин түштүк четинде жайгашкан Виктория штаты Австралиянын калган материктерине жана аймактарына караганда салкын жана нымдуу климатка ээ. Суу бөлүүчү кырка тоосунун түштүгүндөгү жээк түздүгү эң жумшак климатка ээ. Түштүк океандын аба массалары жайында ысыкты, кышында суукту басаңдатат. Мельбурн жана башка ири шаарлар ушул мелүүн аймакта жайгашкан.

Молли жана жогорку Виммера Викториянын эң жылуу аймактары болуп саналат, бул аймактарга жакынкы чөлдөрдөн соккон шамал ысыктыкты алып келет. Жылдын орточо температурасы жайында +30 °C дан кышында +15 °C чейин. Викториядагы эң жогорку температура 2009-жылдын 7 февралында Хоуптаунда катталган жана +48,8 °C чейин жеткен[4].

Викториянын эң суук бөлүгү түндүк-чыгыштагы Виктория Альпысы. Кыштын орточо температурасы жайында 9 °C жана бийиктикте жайгашкан аймайтарда 0 °C төмөн. Викториядагы эң төмөнкү -17,7 °C температура көрсөткүчү 1965-жылдын 13 июнунда Оумиоундо жана 1970-жылдын 3 июлунда Фолс-Крикте катталган[4].

Жаан-чачын[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виктория Австралиядагы Тасмания штатынан кийинки жаан-чачындуу штат болуп саналат. Викторияда жаан-чачындын көлөмү түндүктөн түштүккө карай көбөйөт. Эң нымдуу аймактары деп деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан жерлери эсептелет.

Булак: метеорология бюросу, өнөр жай департаменти, Австралиянын табигый ресурстар атласы

Саясий түзүлүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конституция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1855-жылдагы колониялык Конституциянын негизинде, учурдагы Викториянын Конституциясы 1975-жылы кабыл алынган. Учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду парламент гана көпчүлүк добуш менен киргизиши мүмкүн, бирок олуттуу өзгөртүүлөр референдум өткөрүүнү жолу менен киргизилет[5].

Парламент[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Викториядагы мыйзам чыгаруу бийлиги эки палатадан турган парламентке таандык: мыйзам чыгаруу Ассамблеясы (төмөнкү палата) жана мыйзам чыгаруу кеңеши (жогорку палата).

Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын 88 мүчөсү бир мандаттуу округдардан төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

2006-жылдын ноябрында Мыйзам чыгаруу Кеңешине шайлоо жаңы пропорционалдык система боюнча өткөрүлгөн. Штат 8 көп мандаттуу округга бөлүнгөн, алардын ар бири беш сенаторду шайлаган, ар бир сенатор бир нече сенатордун атынан добуш берүүгө укутуу. Бул укук бир сенатордон экинчи сенаторго өтүп турат.

Жогорку палатанын мүчөлөрүнүн саны 44төн 40ка чейин кыскаган, ал эми алардын кызмат мөөнөтү 4 жыл чейин төмөндөтүлгөн жана төмөнкү палатанын депутаттарынын ыйгарым укуктарына мөөнөтүнө ылайыкташтырылган.

Штаттын парламентине шайлоо ар бир 4 жылда, ноябрь айында өткөрүлүп турат. 2006-жылга чейин мыйзам чыгаруу кеңеши 8 жылдык мөөнөткө 22 мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган 44 өкүлдөн турган.

Премьер-министр жана министрлер кабинети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Викториянын премьер-министри (Өкмөт башчысы) Мыйзам чыгаруу Ассамблеясында көпчүлүк орунга ээ болгон саясий партиянын же коалициянын лидери болуп саналат. Министрлер кабинети парламенттин эки палатасынын депутаттарынын ичинен түзүлөт. Министрлер кабинети Австралиянын Конституциясына ылайык, Австралиянын өзгөчө башкаруусуна кирбеген - билим берүү, саламаттыкты сактоо, мыйзамдарды аткаруу сыяктуу чөйрөлөрдө иштерди жүзөгө ашырат.

Губернатор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аткаруу бийлиги штаттын губернаторуна таандык, анын талабы король Чарльз III тарабынан көрсөтүлөт жана дайындалат. Адатта, бул кызматты отставкадагы штаттын көрүнүктүү жараны ээлейт. Губернатор премьер-министрдин жана министрлер кабинетинин сунушу боюнча иш алып барат.

Федералдык өкүлчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Викториялыктар Австралиянын парламентине 49 депутатты шайлашат: Өкүлдөр палатасынын 37 мүчөсүн жана Сенаттын 12 мүчөсүн.

Административдик-аймактык түзүлүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү башкаруу максатында Викториянын аймагы 79 жергиликтүү башкармалыка (муниципалитет) бөлүнөт, анын ичинде 39 округ, 32 шаар, 7 айылдык шаарлар жана 1 боро бар. Жергиликтүү башкармалыктар (муниципиалитет) Викториянын парламенти тарабынан аларга берилген функцияларды аткарышат, мисалы, шаар куруу, жол инфраструктурасын тейлоо, таштандыларды чыгаруу ж.б. Кеңештердин бюджети негизинен мүлк салыгы жана өкмөттүк гранттар аркылуу түзүлөт[6].

Калк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын июнь айына карата Викториянын калкынын саны 6 613 700 адамды түзгөн[7], Австралиянын статистика бюросу 2050-жылга чейин калктын саны 7,2 миллионго жетет деп болжолдодо.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Викториялыктардын 60,5% өздөрүн христиан деп эсептешет. Католиктер штаттын аймагында ири диний топту түзөт (штаттын калкынын 27,5%), саны бонюча католиктерден кийин англикандар жана униаттар турушат. Штаттын тез өсүп жаткан христиан эмес диний тобу болгон буддисттердин саны 132 634 адамды түзөт.

Ошондой эле Викторияда 109 370 мусулман жана 41 105 иудаизм динин кармангандар жашайт. Викториялыктардын болжол менен 20% өздөрүн динге ишенгендер катары санашпайт, атүгүл динге ишенген жарандардын арасында чиркөөгө баруу деңгээли төмөн. 2008-жылы чиркөө аркылуу нике кыйгандардын саны 36% чейин төмөндөгөн[8].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Population: Census. Information on sex and age (англисче)
  2. Victoria Tasmania border (англисче)
  3. Boundary Islet on street-directory.com.au (англисче)
  4. 4.0 4.1 Rainfall and Temperature Records: National. Bureau of Meteorology (Australia) (англисче)
  5. CONSTITUTION ACT 1975 (англисче)
  6. Victorian Electoral Commission (англисче)
  7. National, state and territory population (англисче)
  8. More Victorians Ditching The Church And Opting For Registry Wedding (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өкмөт

Саякатчылар үчүн

Жалпы маалымат