Коралл деңизи аралдары

Коралл деңизи аралдары — Коралл деңизи аралдар аймагы (расмий аталышы) Австралиядан түндүк-чыгышта 1 млн км2 аянтка чачыранды жайгашкан.
18–19-кылымдарда деңиз сүзүүчүлөр үчүн өтө олуттуу коркунуч алып келип турган. Деңиздин түбү чөккөн кемелердин кенчи жаткан жер. 1921-ж. бир аралына метеорол. станция орнотулган. 1969-ж. Коралл деңизи аралдарына Австралиянын аймагы деп жарыяланган. 1982-жылдан Лихоу жана Коринга, 1987-жылдан Элизабет жана Миддлтон Сейлор рифтери – улуттук корук. Арал Австралиянын мыйзамына баш ийет (сот бийлиги Норфолк аралында). 1969-ж. аралдын курамына аралдын түбүнөн 1880 м2 жер кошулган. Уиллс Айслет аралындагы метеорол. станцияда иштеген метеорологдордон башка туруктуу жашаган калкы жок.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9