Жаңы Гвинея (австралия аймагы)
| Жаңы Гвинея англ. Territory of New Guinea Британ колониясы | |||||||||
| |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
![]() | |||||||||
| Борбору | Рабаул (1921-1937) Лаэ (1937-1942) | ||||||||
| Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||||||
Жаңы Гвинея аймагы (англ. Territory of New Guinea) — биринчи дүйнөлүк согушта Германия империясы жеңилгенден кийин Улуттар Лигасы Австралиянын башкаруусуна өткөрүп берген мандаттуу аймак.
Курамына Германия Жаңы Гвинеясынын бир бөлүгү — Жаңы Гвинея аралынын түндүк-чыгыш бөлүгү (Кайзер Вильгельм жери), Бисмарк архипелагы, Адмиралтейство аралдары, Түндүк Соломон аралдары (Бугенвилл жана Бук аралдары) жана башка чектеш аралдар кирген[1].
Бул аймакты 1914-жылы Австралия аскерлери басып алышкан. 1914-жылдын 17-сентябрында Германия Жаңы Гвинеясынын губернаторунун милдетин аткаруучу Австралиядан жиберилген аскердик экспедицияны жетектеген офицердин катышуусунда багынып берүү актысына кол койгон.
1921-жылдын 9-майында жарандык администрация түзүлгөнгө чейин, аймак аскердик башкарууда болгон[1]. Улуттар Лигасынын мандатынын шарттары 1920-жылдын 17-декабрында макулдашылган, бирок аймак 1921-жылдын апрелинде гана Австралиянын башкаруусуна берилген[1].
II дүйнөлүк согуш учурунда Жаңы Гвинеянын аймагы Жапония тарабынан басып алынган. 1946-жылы 13-декабрда, бул аймак Австралиянын башкаруусу астында БУУнун мандаты алдындагы аймак статусун алган[2].
1949-жылы кабыл алынган Папуа жана Жаңы Гвинея актысына ылайык, Жаңы Гвинея аймагы менен Папуа аймагы бирдиктүү административдик бирдике бириктирилген жана Папуа-Жаңы Гвинея аймагы деген аталышты алган.

Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Carol A. Foley. The Australian flag: colonial relic or contemporary icon? — Federation Press, 1996. — С. 81—82. — ISBN 1862871884. (англ.)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 Commonwealth Bureau of Census and Statistics, Australian Bureau of Statistics (Австралиянын статистикалык бюросунун эл каттоо жана статистика бюросу) (англ.)
- ↑ Official Year Book of the Commonwealth of Australia, No. 48 - 1962 (Австралия Шериктештигинин расмий жылдык китеби, №48 - 1962) (англ.)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Штаттар |
| |
|---|---|---|
| Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
| Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
| Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
| Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
| Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
| Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары | |
