Түштүк Австралия (штат)
| Өлкө |
Австралия |
|---|---|
| Административдик борбор | |
| Ири шаары | |
| Башчысы |
Хьеу Ван Ле |
| Башчысы |
Стивен Маршалл |
| Расмий тили | |
| Калкы |
1 781 516 |
| Жыштыгы |
1,81 адам/км² |
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
| Тууралыгы | |
| Узундук | |
| Коду ISO 3166-2 |
AU-SA |
| Телефон коду |
+61 08 |
| Интернет-домени | |
| Расмий сайты | |
Түштүк Австралия (англ. South Australia ) — Австралиянын түштүгүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан штат.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул штат Австралия континентинин борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу ушундай аталышты алган.
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Штаттын аймагы континенттин эң кургак жерлеринде жайгашкан жана анын жалпы аянты 983,482 км² түзүп, аянты боюнча Австралиянын төртүнчү орундагы штаты.
Түштүк Австралия башка бардык штаттар менен чектешет: батышында Батыш Австралия, түндүгүндө Австралиянын түндүк аймагы, түндүк-чыгышында Квинсленд, чыгышында Жаңы Түштүк Уэльс жана түштүк-чыгышында Виктория менен чектешет. Түштүгүндө Түштүк океанынын Австралия чоң булуңунун суулары менен чулганат.
- Флиндерс тоо кыркалары
- Флёрьё жарым аралы
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орточо температура январь айында 29 °C жана июлда 15 °C түзөт. Штаттын айрым жерлеринде күндүзгү температура январь жана февраль айларында 48 °C чейин жетиши мүмкүн.
| Айлар | Янв | Фев | Март | Апр | Май | Июнь | Июль | Авг | Сен | Окт | Ноя | Дек | Жыл |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Эң жогорку °C (°F) | 50.7
(123.3) |
48.2
(118.8) |
46.5
(115.7) |
42.1
(107.8) |
36.5
(97.7) |
34.0
(93.2) |
34.2
(93.6) |
36.5
(97.7) |
41.5
(106.7) |
45.4
(113.7) |
47.9
(118.2) |
49.9
(121.8) |
50.7
(123.3) |
| Эң төмөнкү °C (°F) | 0.2
(32.4) |
0.8
(33.4) |
−2.2
(28.0) |
−3.5
(25.7) |
−6.6
(20.1) |
−8.1
(17.4) |
−8.2
(17.2) |
−6.6
(20.1) |
−4.5
(23.9) |
−4.4
(24.1) |
−2.4
(27.7) |
−0.5
(31.1) |
−8.2
(17.2) |
Жаан-чачын
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылдын декабрына карата алынган маалыматтарга ылайык Түштүк Австралиянын калкынын саны 1 806 599 адамды түзгөн[3], 2017-жылдын июнь айындагы маалыматтарга караганда штаттын калкынын 1,333,927 адамы Аделаида шаарынын аймагында орун алышкан[4].
Башка маанилүү отурукташкан жайларынын калкынын саны:
- Маунт Гамбиер (29,505)[4]
- Виктор Харбор, Гуолва (26,334)[4]
- Уайалла (21,976)[4]
- Марри Бридж (18,452)[4]
- Порт Линкольн (16,281)[4]
- Порт пири (14,267)[4]
- Порт Огаста (13 957)[4]
Улуттук курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылдагы эл каттоонун улуттук курам боюнча маалыматтары[5]:
- Жергиликтүү эл (2%)
- Англичандар (40,5%)
- Австралиялыктар (35,5%)
- Шотланддар (8,9%)
- Ирланддар (8,5%)
- Немистер (8,2%)
- Италяндар (6,1%)
- Кытайлар (3,3%)
- Гректер (2,4%)
- Индустар (2,1%)
- Голланддар (1,7%)
- Вьетнамдар (1,3%)
- Поляктар (1,2%)
- Филиппиндер (1%)
2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын 28,9% чет өлкөлөрдөн көчүп баргандар түзгөн. Чет өлкөлөрдөн көчүп баргандардын эң көп топтору: Англиядан (5,8%), Индиядан (1,6%), Кытайдан (1,5%), Италиядан (1,1%) жана Вьетнамдан (0,9%)[4][5].
2016-жылы калктын 2% (34,184 адам) жергиликтүү австралиялыктар түзгөн[4][5].
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын калкынын 78,2% англис тилинде сүйлөйт. Англис тилинен башка эң көп колдонулган тилдер: италян тили (1,7%), мандарин тили (1,7%), грек тили (1,4%), вьетнам тили (1,1%) жана кантон диалекти (0,6%) болгон[4][5].
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын 53,9% христиан динин кандайдыр бир агымын карманары аныкталган. Сурамжылоого катышкандардын 9% динге ишенбей калгандар. Сурамжылоого катышкандардын 35,4% - "дин жок", 18% католикмин, 10% - англия чиркөөсүнүн мүчөсүмүн жана 7,1% австралиядагы биримдик чиркөө барып турам деген жоопторду беришкен [4][5].
Түштүк Австралияда да миңдеген пруссиялык лютерчиликти карманган иммигранттары жашаган. Ошондуктан Австралиянын лютерчилик чиркөөсү азыркыга чейин Германиядан кийинки эле ири лютерчилик чиркөөсү болуп саналат[6].
Австралиядагы биринчи мусулмандар мечити ушул штаттын аймагында курулган[7].
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Метеорология бюросунун маалыматы
- ↑ Daily Extremes
- ↑ National, state and territory population - March 2022
- 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 3218.0 - Regional Population Growth, Australia, 2016-17
- 1 2 3 4 5 2016 Census Community Profiles: Greater Adelaide
- ↑ Religion: Diversity. Текшерилген күнү 28 -февраль (бирдин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 23 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ Religion: Beginnings. Текшерилген күнү 28 -февраль (бирдин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 21 -март (жалган куран) 2024.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Расмий сайты (англисче)
- Штаттын белгилери(англисче)
- Түштүк Австралиянын "жашыл" стратегиясы(англисче)
| Штаттар |
| |
|---|---|---|
| Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
| Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
| Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
| Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
| Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
| Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары | |