Христиан дини

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Христиан дини - ислам жана буддизм сыяктуу дүйнөлүк диндердин бири, б.з. I к. башында пайда болуп, IV к. Рим империясынын мамлекеттик динине айланган.

Христиан дини Европа, Америка, Австралия өлкөлөрүндө, ошондой эле активдүү миссионердик иш-аракеттин натыйжасында Африка, Жакынкы жана Ыраакы Чыгыштын кээ бир райондоруна тараган. Христиан дини жактоочулардын саны 1 млрд адамдан ашат.

Иудаизм жана исламдай эле Христиан дини монотеисттик динге кирет. Христиан дини негизги идеясы - Иисус Христостун күнөөдөн арылтуу миссиясы. Христиан дининин догмалык негизин Библия түзөт. Бул диндин негизги тармактары: католицизм, православие, протестантизм.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8