Адам ата

Википедия дан

Адам ата (еврейче Адам - киши, сөзмө-сөз «топурактан жасалган») — алгач Библия, кийин Куранда айтылган Кудай жараткан алгачкы адамдын аты, адамзаттын атасы. Куранда: «кудурети күчтүү Кудай оболу Көк менен Жерди жаратты... Кудай: «Жарык болсун!» - деди, жарык болду, жарыкты - күн, караңгыны - түн деп атады. Кийинки күнү Океандын үстүнө көк чүмбөтүн көтөрүп, ... сууну - деңиз, океан деп, жерди кургак деп атады. Төртүнчү күнү Ай менен Күндү, жылдыздарды дүйнөгө келтирди. Бешинчи күнү балык жана макулуктар менен канаттуулар жаратылды. Алтынчы күнү жер бетинде буттары менен басып, боору менен сойлогон жаныбарлар, макулуктар, бака-чаян, курт-кумурскалар пайда болду. Ошол алтынчы күнү акыр соңунда Адам атаны, Обо энени жаратты. Жетинчи күнү жараткан тыныгып дем алган. Ал күн жекшемби деп аталды», деп берилет. Алла ага бардык буюмдардын аттарын үйрөтүп, периштелерден жогору көтөргөн. Аларды адамзаттын алдында жүгүнөсүң деп буйрук берген. Адам ата жубайы менен асмандагы бак-дарактуу бейиште эч нерседен кем болбой жашаган, бирок аларга бейиштин бир дарагындагы жемиштен жешке тыюу салынган. Ибилистин тукуруусуна көнүп, тыюу салынган жемишти жеп коюшкан, ошондон баштап өзүлөрүнүн жылаңач экендигин байкашкан, кийин жазаланып жерге куулуп, өмүр бою, өзүлөрү гана эмес, тукуму да эмгектенүүгө мажбур болушкан. Уламага караганда Адам атанын денеси үчүн топурак Мекеден жана Йеменден алынган. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын ататеги Адам атага барып такалат. Уламыштарда Адам ата - Алланын жараткан пенделеринин алгачкысы, Мухаммед - пайгамбарлардын акыркысы деп эсептелет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1