Библия

Википедия дан

Библия (Ыйык Китеп) – 1500 жыл аралыгында 40ка жакын адам тарабынан Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган китеп. Китептин аты грек тилиндеги “библиос” деген сөздөн алынган, китептер дегенди билдирет. Ал Байыркы Келишим (Эски Осуят) жана Жаңы Келишим (Жаңы Осуят) деген эки бөлүктөн турат.

Байыркы Келишим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусанын убагында Кудайдын еврей эли (Израил) менен түзгөн келишимине байланыштуу жазылган китептердин жыйнагы. Эски Осуятта Кудайдын бүткүл адамзатка Куткаруучуну жибере тургандыгы, ал эми Жаңы Келишим Куткаруучуну жибергендиги айтылат.

Байыркы Келишим 39 китептен турат, алардын көпчүлүгү байыркы еврей тилинде, бир нечеси арамей тилинде жазылган. Бул жыйнакта тарых, мыйзамдар, пайгамбарчылыктар, проза, поэзия жана акыл-насааттар камтылган.

Жаңы Келишим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

27 китептен турат, бардыгы грек тилинде жазылган. Бул жыйнакта Куткаруучу Иса Машаяктын төрөлүүсү, жер үстүнө келген максаты, окутуусу, иштери, өлүмү, тирилүүсү жана асманга көтөрүлүп кетүүсү баяндалат. Ошондой эле Иса Машаяктын шакирттеринин иштери, алгачкы Жыйындын түзүлүшү, ишенгендерге жазылган каттар жана акыркы күн жөнүндөгү пайгамбарчылык жазылган.

Библияда 6 миңден ашык пайгамбарчылык бар, алардын 3,5 миңден ашыгы аткарылган.

Кыргыз турмушундагы айрым сөздөргө кулак төшөп, байкап көргүлө: балким, алардын өзөгү Ыйык Китепте жаткан чыгар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Amanjol.com Ыйык Китеп кыргыз тилине которулган