Обо эне

Википедия дан

Обо эне, Ева Кыргыз санжыраларындагы генеологиялык уламыштар жер бетиндеги бүткүл калктын жаралыш тегин бир жерден чыгарышат. Жердеги алгач жаралган пенде катары Адам атаны эсептешип, анын аялын Обо эне деп, Адам ата – Обо энеден тараган дүйнө калкын Адам баласы деп аташкан. Бул түшүнүк кыргыз элинин дүйнө таанымына ислам маданияты аркылуу кирген. Ал эми ислам дининдеги негизги идеялар менен көз караштар библиядагы маалыматтардын базасында пайда болгондугу белгилүү. Ошондуктан Обо эне түшүнүгү генеалогиялык жактан библиядагы алгачкы аял Еванын аталышынан келип чыккан; Обо эне түшүнүгү кыргыз элинин коомдук аң-сезимине орто кылымдарда ислам маданиятын кабылдоо мезгилинде орун алган. Ал акырындык менен байыркы түшүнүктөрдүн негизинде жаралган ар түрдүү уламыштык, мифтик көз караштарды сүрүп чыгып, кыргыздардын генеалогиялык, санжыралык чыгармаларында бардык калктын алгачкы энеси катары туруктуу түшүнүккө айланган. Мисалы, байыркы тотемдик көз караштардын негизинде айтылып келген кыргыздардын жаралышына байланышкан «кырк кыз» баяны алгачкы элдик семантикалык сюжетинен ажырап, бара-бара уламыштагы көптөгөн деталдар исламдык түшүнүктөргө алмашылып, трансформацияга учурап отурушун уламышты исламдаштырууга болгон аракеттерден улам келип жаралган.

Обо эне "Манас" эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Обо эне (исламда — Хавва, Ева) — диний түшүнүк боюнча кудай жараткан эң алгачкы аял, адамзаттын түпкү энеси. Куранда Алла таала тараткан дүйнөдөгү биринчи киши Адамдын аялы катары айтылат. Иблис деген шайтандын азгырыгы менен Адам ата бейиштин алмасын үзүп жеп койгондугу үчүн Обо эне. экөө асмандан жерге куулат. Араб уламышында Адам ата менен Обо эне Мекеге жакын жерде жолугушкан экен. Алла тааланын буйругу боюнча Адам ата ошол жерге Каабаны салдырган имиш.
Обо эне Адам ата тууралуу жаралган бардык мусулман уламыштарынын башаты Инжилге жана Талмуддук санжыраларга жана уламыштарга алып барат. Ал эми арабдардан Орто Азияга ислам дининин келиши менен «Манас» эпосунда учурайт. Манас буудай эгип, түшүмүнө Аккуланы сатып алган эпизоддо:

Мындан ары бастырсак,
Баабедин деген мазар бар,
Билгич айтат, эр да айтат
Баабедин атам бели деп,
Адам ата, Обо эне Кошулушуп ушунда
Оюн салган жери деп (Саякбай Каралаев, 1. 173), — деп айтылып кетет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.