Санжыра

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт. Кыргыз санжырасында мифтик, уламыштык багыты күчтүү болуп, ыр формасында (мис., Балык акын айткан вариант ), кара сөз түрүндө ( Чодо, Мусакожо ) айтылган. Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бала ырчы, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Актан Тыныбеков санжыраларын жазып калтырышкан. Ар элдин, уруу – уруктун, ар бир адамдын, санжырасы айтылган, өзгөчө тарыхтагы белгилүү адамдарга карата ата-тек сүрүштүрүлгөн. Санжыра тарыхка жакын, бирок аны чыныгы реалдуу нерсе – тарыхый чындык деп түшүнүүгө болбойт. Анын көркөм структурасы уламыш, легенда, кошок, арман ж.б.-ды да камтыйт. Бул жанр дээрлик дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде айтылса да, кыргыздарда өзгөчө кеңири тараган жана өркүндөгөн. Сайф-ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымдагы “Мажму ат-таварих” деген кол жазмасында кыргыздардын Ак уулдан тартып Аналхакка чейинки 20-23 атасынын тизмеси берилген. 19-кылымда В.Радлов, Н. Аристов, Н. Городсков, Ч. Валиханов тарабынан санжыралар жазылган. 1913 – 14-жылы Осмонаалы Сыдык уулу топтогон санжыра Уфада басылып чыккан.

Санжыра- араптардын "чажара" сөзүнөн алынган. Бизче которгондо "дарак" дегенди түшүндүрөт. Эл, уруу, урук, тууралуу ооз эки баян.

 Адыгине(бий) улуусу, 
 Тагай андан кичүүсү. 
 Саруу элдин каруусу, 
 Мундуз элдин мүдүрү.
 Саяктан чыгат саяпкер,
 Басыз болот камчысы.
 Жетиген элдин желеги,
 Черик кыргыз чебери.
 Ичкилик элге кереги,
 Бугу болот бууданы.
 Тагайдан чыгат тулпары, 
 Солтодон чыгат сопулар. 
 Тейиттен келет кокуйлар, 
 Кайыптар кыргыз кадыры. 
 Дөөлөстөн чыгат, дөө-шаасы, 
 Кытай элдин кырааны, 
 Моңолдор болот сыртаны. 
 Азык келсе аш келет 
 Аңдатпай туруп тап берет 
 Найман нагыз кыргыздар, 
 Көрүнбөгөн жылдыздар.