Миф

Википедия дан

Миф (гр.— улама, сөз) —байыркы адамдардын жашоо тиричиликтеринен пайда болгон, жаратылыш көрүнүштөрүнүн сырлары, кудайлар жана ойлоп чыгарылган ар кандай укмуштуу күчтөр жөнүндөгү чыгармалары. Мындай чыгармачылык адамдардын дүйнөнүн сырларын тушунбөтүгүнөн, аны ар кандай жоромолдоолордун натыйжасынан келип чыгып, узак убактарга чейин муундан муунга өтүп жашап келген. Көптөгөн жазуучулардын чыгармаларынын жаралышына булак болуп да кызмат кылган. Мифтерде байыркы адамдардын дүйнөгө болгон көз карашы, жамандык, жакшылык жөнүндөгү нравалык түшүнүктөрү көрүнөт. Көп элдерде мифтер кеңири тараган болсо да, дүйнөлүк көркөм адабияттын өнүгүшүндө грек мифологиясынын өзүнүн ээлеп турган чоң орду бар. Антей, Икар, Дедал, Прометей жөнүндөгү мифтерде баяндалган «адамзат коомунун балалык доору» (К. Маркс), «адамзаттын педагогикасы» (Гегель) тууралуу миңдеген муундар кызыгып окуп келе жатат. Мифтер бир нече түргө бөлүнөт. Алар:

1) этилогиялык мифтер — табият көрүнүштөрүнүн пайда болушу жөнүндөгү мифтер,

2) космогониялык мифтер — асман телолорунун келип чыгышы тууралуу мифтер.

3) этногониялык мифтер—уруу, урук, элдердин пайда болушу жөнүндө мифтер.

4) антропогоникалык мифтер — адамдардын келип чыгышын божомолдогон мифтер.

5) эсхатологиялык мифтер.— адамзаттын келечеги жөнүндөгү мифтер. Мифтер кыргыз оозеки чыгармачылыгында көп учурайт. «Эр Төштүк», «Кожожаш» эпосторунун сюжетине да терең жуурулушуп кеткен мифтерди жолуктурууга болот. Бүгүнкү күндөгү жазуучулардын чыгармаларында да миф¬тер кездешет. Ч. Айтматов «Ак кеме» повестинде Бугу-эне жөнүндөгу, «Кылым карытар бир күн» романында Маң¬курт жөнүндөгү мифти чыгарманын ыңгайына карап, зор чебердик менен пайдалана алган. Мифти бүгүнкү күн жөнүндөгү чыгармаларга- киргизүү менен, эгерде жазуучу өз максатын ишке туура ашыра алса, биринчиден, азыркы окурманды ата-бабанын түшүнүк идеалы, жашоо тиричилиги менен тааныштырат, экинчиден, учурубузга, доорубузга андагы адамдарга алгачкы адамдардын моралы менен салыштырууга, баа берүүгө мүмкүндүк түзүп берет.

Миф (байыркы гректердин уламыш, болумуш деген сөзүнөн) – табиятта кездешпеген жана ойдон чыгарылган сырдуу, табышмактуу көрүнүштөр, кубулуштар, окуялар жөнүндөгү уламыштар, жомоктор. Айлана чөйрөдөгү дүйнө жөнүндө адамдардын эң жөнөкөй фантастикалык көз караштары чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыгынын өзгөчө түрү болуп эсептелет. Мифтик окуялар бардык дүйнө элдеринин оозеки чыгармачылыгында кеңири кездешет. "Манас" эпосунда Алмамбет баатыр дуба окуу менен күндү жайлап жамгыр, кар жаадырат. Мындан тышкары, эпостогу каармандардын минип жүргөн аттары, үй жаныбарлары да мифтик касиетке ээ. Манастын ити Кумайыктын табылышы мифтик окуялар менен тыгыз байланышат. Адатта, Кумайыкты жорунун жумурткасынан чыгат деп, аны иттин төрөсү дешет. Манастын Кумайыгы жолборс, кабыландарга чейин кол салат. Мына ушундай эле касиеттерге Манастын Ак шумкары, Чынкожонун учуп жүрүүчү аты, Кыяздын адамча сүйлөгөн аты да ээ. Мифтик жаныбарлардын катарына Коңурбайдын кароолго койгон куу өрдөгү, куу кулжасы, куу түлкүсү кирет. Алар короодо туруп өздөрү көргөн окуяларды адамча айтып бере алышат. Ушулар сыяктуу ар түрдүү мифтер эпосто арбын кездешип, алар эпостун негизги окуялары менен камыр-жумур жуурулушуп, эпостун көркөмдүк деңгээлин ого бетер күчөтүшөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995 Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine