Ирланддар

Википедия дан

Ирланддар, эриннах, айриш – улут, Ирландиянын негизги калкы. Саны 3,7 млндон ашык, андан ичкери 3,5 млн киши Ирландияда, 47 миңи Түштүк Ирландияда, 5,6 миңи Шотландияда, 109 миңи Англияда төрөлгөндөр (2006). Ошондой эле Улуу Британия, АКШ, Канада, Австралияда да жашашат. Ирланддардын көпчүлүгү англис, калгандары ирланд (гэль) тилинде сүйлөшөт. Католик динин тутушат. Ирланддардын этностук негизин биздин заманга чейинки 1миң жылдыктын 2-жарымында Шотландиядан көчүп келишкен кельт (гэль) уруулары түзгөн. Ирланддар 17-19-кылымда англичандардын оор колониялык эзүүсүнүн шартында улут болуп калыптанган. Англиялык бийлик ирланддардын эне тилинде сүйлөшүнө тыюу салгандыктан, көбү англис тилине өткөн, бирок улуттук өз алдынчалыгын жоготкон жок. 19-кылымдын аягында ирланд тили менен маданиятын кайра жандандыруу үчүн аракеттер болуп, 1921-ж. ирланд тили англис тили менен катар расмий тил катары таанылды. Ирланддар дыйканчылык, мал чарбачылык жана балыкчылык менен кесиптенишип, дубалы таштан тургузулуп, чатыры камыштан төрт же эки кырлуу жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери кызгылт-сары белдемчи (кильт), ачык түстүү, жакасы жок көйнөк, матадан тигилген баш кийим. Майрам күндөрү жашыл түстүү кийимдерди кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, дан, балык, сүт жана картөшкө азыктарынан даярдалып, суусундук катары чай кеңири колдонулат. Ирланддар Самхейн (1-ноябрь Жыл башы), Лугназат (1-август Түшүм жыйноо) сыяктуу байыркы кельт майрамдарын майрамдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]