Австралия

Wikipedia дан

Австралия
Commonwealth of Australia

Flag of Australia (converted).svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Гимн: «Advance Australia Fair
(Алга, кереметтүү Австралия)»
LocationAU.svg
Эгемендүүлүк күнү Доминион: 1 январь 1901
Вестминстер статуту:
11 декабрь 1931 (9 сентябрь 1939 кабыл алынган)
Австралия Указы: 3 март 1986

Улуубританиядан)

Расмий тили Англис тилинин
австралиялык варианты (де-факто)
Борбор шаары Канберра
Ири шаарлар Сидней, Мельбурн,
Брисбен, Перт,
Аделаида
Башкаруу формасы Парламентардык
конституциялык монархия
Королева
Генерал-губернатор
Премьер-министр
Елизавета II
Квентин Брайс
Тони Эбботт
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
6 - дүйнөдө
7 692 024 км²
1%
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

23 130 931 [1] адам (55)
3,01 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2011)
  • Ар бир жанга

919 млрд[2] $ (12)
39,875[2] $
АДӨИ ( 2013) 0,938[3] (эң жогору) (2)
Этнохороним Австралиялык,
австралиялыктар
Акча бирдиги Австралия доллары (AUD)
Домени .au
ISO коду AU
ЭОК коду AUS
Телефон коду +61
Убакыт аралыгы UTC +8 … +11
Австралия

Австралия (Australia) - Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгы, чыгышын Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүн Басс кысыгы жана Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдарды, ошондой эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,2 млн (2004). Борбору Канберра шаары. Мамлекеттик тили англис тили. Акча бирдиги - Австралия доллары.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралия - Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы парламент, ал монархтан жана 2 палатадан Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар графтыкка, графтык муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкы негизинен (73%и) англис-австралиялыктар (2000-ж.), буларга жакын жана Улуу Британия менен Ирландиядан көчүп келгендер 7%ти түзөт. Ал эми антропогендик курамы ар түрдүү. Жергиликтүү калкы австралиялык аборигендер 2%. Алардын англиялык колониялоо мезгилинде (18-кылымдын аягы) массалык кыргындан калгандары өлкөнүн ички аймактарында гана жашайт. Калгандары ар кыл антропогендик типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралия дүйнөдөгү калк эң сейрек отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,5 киши. Негизинен чыгыш жана түштүк-чыгыш жээктеринде отурукташкан. Христиандар (76%, 2005; анын ичинде протестанттар -46%, англичандар 21%, католиктер -26%), ислам, буддизм, иудаизм динин тутат. Калкынын жашынын узактыгы эркектериники 77,4, аялдарыныкы 82,6 жаш. Шаар калкы 85%. Ири шаарлары: Сидней, Мельбурн, Брисбен, Аделаида, Перт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралиянын жергиликтүү калкынын ата-бабалары Түштүк Азиядан 50 миң жылдай илгери эле көчүп келишкен. Климаттын жылый башташы менен деңиз кысыктары Жаңы Гвинеяны (20 миң жыл мурда) жана Тасманияны (12 миң жыл илгери) Австралиядан бөлүп таштаган. Англия колониялаштыра баштаганга чейин (18-кылымдын аягы) болжол менен 250 300 тилде сүйлөгөн, 300-500 миңдей жергиликтүү калк (австралиялыктар) (500-700 уруулар) жашаган. Алар аң уулап, өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди чогултуп күн көрүшкөн. Европалыктардан Австралиянын жээгине алгач 1606-ж. голландиялык капитан В. Янсзон, кийин А. Тасман келген. 1770-ж. Австралиянын жээктерин Ж. Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түштүк Уэльс деп атаган. 1788-ж. англиялык кыштак (азыркы Сидней шаары) пайда болгон. 1868-ж чейин Улуу Британия Австралияны сүргүнгө айдай турган жер катары пайдаланган. Колониялаштыруу жергиликтүү калкты кырып-жоюу менен кошо жүргүзүлгөн (18-кылымдын аягы 20-кылымдын ортосуна чейин алардын саны 5-6 эсеге азайган). Англия Австралияда негизинен кой чарбачылыгын өнүктүргөн. 19-кылымдын 2-жарымында жеңил, тамак-аш жана тоокен иштетүү өнөр жайы бир кыйла өнүккөн. 19-кылымдын орто ченинен тартып, алтын кендери табылгандан кийин иммиграция абдан өскөн (1900-ж. өлкөнүн калкы 3756 миңден ашкан). Узак убакыт күрөш жүргүзүү менен жер которуп келгендер 19-кылымдын 50-жылдарында ичара өзүн-өзү башкаруу укугун алышкан. 1901-ж. 1-январда Австралиянын түзүлүшү тууралуу салтанаттуу жарыяланган жана колониялар биригип, доминион укугуна жетишкен. Союздун (федерация өкмөтүнүн) жана штаттын укуктары белгиленип, королдук бийликтин өкүлү генерал-губернаторго коргоону иштерин уюштуруу жана эл аралык байланыштарды жүргүзүү милдети, ал эми ички иштерде жоопкерчилик толугу менен өкмөткө жана штаттардын парламентине берилген. 1906-ж. Улуу Британия Папуа колониясын Австралия Союзуна өткөрүп берет. 1911-ж. Союзга өз алдынча бирдик катары Түндүк Территория жана Жаңы Түштүк Уэльстин бир бөлүгү кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Австралия Жаңы Гвинея аралынын түндүк бөлүгүн, Науру аралын башкарууга мандат алат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия тарапта болуп, антигитлердик коалициянын курамында Тынч океан, Батыш Европа, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттерине (900 миңдей аскер) жана Вьетнам согушунда АКШ тарабында согушка катышат. Согуштан кийин Австралия АНЗЮС жана СЕАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуп калган. 1967-ж. аборигендерге бардык граждандык укуктар берилип (1930-ж. аборигендерди резервациялоо иш чаралары уюштурулган), 1981-ж. Түштүк Австралиянын аборигендери эркин жер ээлөөчүлөр болуп калган. 1985-ж. Австралиянын өкмөтү Тынч океандын түштүк бөлүгүндө ядросуз зона жөнүндө келишимге кол коёт. 1986-ж. мамлекеттин Улуу Британиядан толугу менен бөлүнүшү тууралуу мыйзам кабыл алынат. Учурда өлкө дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер менен байланышын чыңдоодо.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралия жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 410,6 млрд доллар (2002, АКШ), киши башына бөлүштүргөндө 21,0 миң доллардан туура келет. ИДПнын 78%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо жана башка), 18,6%ин өнөр жай, 3,2%ин айыл чарба түзөт. Байланыш сектору тез темп менен өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Япония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эларалык бөлүнүшүндө минералдык сырьёну жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «БроккенХилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) жана башка. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну таш көмүр жана күрөң көмүр. Отун казып алуу боюнча индустриалык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть жана газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау аралында (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ Квинсленд, Түштүк Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында жана Түндүк аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу боюнча 1-орунда, коргошун казып алуу боюнча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и Австралияда. Олимпик-Дам жана Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу боюнча дүйнөдө 5-, цинк боюнча 2-, никель боюнча 3 орунда (Россия, Канададан кийин) туруп, никелден платина менен палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы менен алтын, күмүш (6-орунда), асылташтар (опал, сапфир жана башка) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и Австралияга туура келет. 2001-ж. 9,5 миң кВт электр энергиясы (негизинен жылуулук электр станциясынан, 85%) өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу, химия (күкүрт кислотасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль жана локоматив, станок куруу, электротехника, радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май жана башка), полиграфия өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сыртка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и айыл чарбасында пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт жана чабынды. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-ж. 106 млн) жана жүн кыркуу боюнча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, балкамыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, акжүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык (136 миң о, 2001), рак (55 миң о), моллюска (38 миң о) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол менен ташылат; ошондой эле автомобиль (28%), деңиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун узундугу 41,3 миң км (анын ичинде 2,5 миң км электрлештирилген), автомобиль жолунуку 913 миң км (анын ичинен 353 миң км асфальтталган). Ири улуттук жана эл аралык аэропорттору (Конгсфорд-Смит) бар. Нефть куурунун узундугу 2,5 миң км, газ куурунуку 5,6 миң км. Австралияда 70ке жакын деңиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деңиз-соода флотунун тоннажы 2324 миң о детвейт (1764 рег бр.-о). Сыртка айыл чарба продуктыларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырьёлорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Япония, Кытай.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралияда билим берүү системасы 19-кылымда Британия модели боюнча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык жана 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик жана ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамлекет, жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда Австралияда 41 университет (анын ичинде 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер жана инженерия академиясы, Түштүк Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер жана башка илимий мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («The Australian») жана «Сидней морнинг геральд» («The Sidney Morning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу ишгерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Broadcasting Corporation») корпорациясы жана коммерциялык компаниялар тейлейт. «Жетинчи канал» (Channel 7), «Тогузунчу канал» (Channel 9) жана «Онунчу канал» (Channel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралиянын адабияты 19-кылымдан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-кылымдын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салттарынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-ж., эң ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830-31-ж. жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында гана австралиялык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мисалы: Г. Лоусондун ыр жана аңгемелер жыйнагы, С. Радда менен П. Уорунгдун новеллалары, Э. Б. Патерсондун балладасы жана башка. 1917-29-ж. Г. X. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар К. С. Причард, А. Маршалл, В. Палмер, Д. Кьюзектин чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-кылымдын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучулардын, анын ичинде акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган жана башкалардын Австралиянын адабиятын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык реализмди гана өздөштүрбөстөн, ошондой эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» философиялык антиутопиялык чыгарманын автору) кеңири белгилүү. Австралиялыктардын көркөм өнөр башаты жергиликтүү австралиялык-аборигендердин үңкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг жана башка магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-кылымдын аягынан европалыктардын келиши менен шаарлар көбөйүп, англиялык неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт искусствосунун башталышы 18-19-кылымдагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармалары менен мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит менен коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин жана башка). 21-кылымдын башында Азиядан келген эммигранттардын таасири менен чыгыш маданиятына таандык белгилер байкалат.

Музыка[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралиянын элдеринин музыкасы жергиликтүү калктын, англ-австралиялыктар, европалык жана азиялык келгиндердин салттуу музыкалык маданияты менен мүнөздөлөт. Аборигендердин маданиятында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түндүк Ада аборигендердин музыкасы Жаңы Гвинеянын, 14-15-кылымдарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы жана башка) таасири менен өнүксө, 18-кылымдын аяк ченинде европалык мүнөздөгү маданият калыптана баштаган. 1833-ж. Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы музыкалык окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-ж. симфониялык оркестр түзүлгөн. 1847-ж. Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрийский» аттуу операсы коюлган. 1935-ж. Композиторлор гильдиясы, 1951-ж. Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеңири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» музыкалык-театр комплекси (опера жана балет театры менен бирге), Мельбурндагы мамлекеттик театр (1985), Аделаидадагы мамлекеттик операсы (1974), музыкалык борбор, консерваториялар жана башкалар бар.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндердин демилгеси менен 1780-ж. ченде эле башталган. 1830-40-ж. Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен австралиялык авторлордун, ошондой эле еврей жана америкалык классикалык чыгармаларды театрлаштырышкан. 1954-ж. Елизавета мамлекеттик театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон жана башка омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры биртоп өнүгө баштаган, 1987-ж. 1-жолу абориген-драматургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн.

Кино[оңдоо | булагын оңдоо]

Кино өндүрүшү Австралияда 1900-жылдан башталат. 1906-14-ж. 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-ж. чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби америкалык жанаа англиялык прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970-80-ж. мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү менен киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмиттин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) жана башка көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Америкалык компаниялар Голливудга Австралиянын көрүнүктүү кинематографисттерин (анын ичинде Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. Австралиянын Жаңы Зеландия жана Франция менен биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын Австралияда 10-15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен Австралия кино жана телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1