Таити

Википедия дан
Таити.

ТаитиТынч океанындагы жанар тоо аралы. Полинезиядагы анын ичинен Коом арал тобунун эң ири аралдарынын бири. Франциянын карамагында. Аянты 1042 км2. Калкы 178 мин (2007). Эки тоо тутумунан туруп, бири-бири менен кууш мойнок (Тараваи) аркылуу туташат. Шуру рифтери менен курчалган. Тоо ландшафты мүнөздүү. Бийиктиги 2241 мге (Орохена жанар тоосу) жеткен тоо капталын нымдуу тропик токойлору каптап жатат. Аралда Франция полинезиясынын административдик борбордук жана аралдагы негизги порт – Папеэте шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]