Полинезия

Википедия дан
Полинезия
1: Гавайи аралдары,
2: Жаңы Зеландия,
3: Пасха аралы, 4: Самоа, 5: Таити.

Полинезия – Океаниядагы аралдардын негизги тобу. Тынч океандын борбордук бөлүгүндө. Түндүктөгү Гавайи аралынан түштүктөгү Жаңы Зеландияга (кээде Полинезияга кошулуп кетет) чейин созулуп жатат. Аянты (Жаны Зеландияны кошпогондо) 26 миң км2те чейин. Негизги аралдары: Гавайи, Туамоту, Тонга, Самоа, Уоллис, Хорн, Тувалу, Токелау, Кук, Тубуаи, Лайн, Коом, Маркиз, Пасха ж. б. Полинезияда Батыш Самоа, Кирибати, Тонга, Тувалу мамлекеттери, АКШнын Гавайи штаты, Улуу Британия, АКШ, Франция, Жаңы Зеландиянын ээликтери жайгашкан. Аралдары жанартоолордон жана шуру рифтеринен пайда болгон. Эң бийик жери 4205 м (Гавайи аралындагы Мауна-Кеа өчкөн жанар тоосу). Гавайи, Самоа жана Тонга аралдарында аракеттеги жанар тоолор бар. Көп аралдарда катуу шамал болуп турат. Айдарым капталдарында дайыма жашыл тропик токою, ылымта тарабында савана өсөт. Тропиктик дыйканчылык мүнөздүү. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Эл аралык туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]