Пасха аралы

Википедия дан
моа.

Пасха аралы, Рaпa-Нуи (испанча Pascua, жергиликтүү аталышы Rapa Nui) – Тынч океандын чыгыш бөлүгүндөгү жанар тоо аралы; Чилинин аймагы. Аянты 165,5 км2. Калкы 5,8 миң (2012). Административдик борбордук жана жалгыз шаары – Ханга-Роа. Арал үч бурч формасында, каптал жактарында жанар тоолор көтөрүлүп жатат (бийиктиги 539 мге чейин). Алардын аралыгын негизинен чөп өсүмдүктөрү менен капталган дөңсөөлүү түздүк ээлейт. Климаты тропиктик. Айлык орточо температурасы 16-23°С. Жылдык жаан-чачыны 1400 ммден ашык. Тропиктик дыйканчылык, балык кармоо, туризм өнүккөн. Полинезиялыктардын байыркы маданиятынын калдыктары (моаи деп аталган зор таш балбалдар, бетинде жазуу сүрөттөрү бар такталар) табылган. Аралды голландиялык деңиз саякатчысы Я. Рогвен 1772-ж. Пасха майрамы күнү ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]