Полинезиялыктар
Полинезиялыктар — Полинезиянын жана Меланезиянын чыгышындагы кээ бир чакан аралдардын жергиликтүү калкы.
Малайя-полинезия тобундагы тилдерде сүйлөшөт.
Көпчүлүгү христиан динин, ошондой эле жергиликтүү байыркы диний ишенимдерди тутат. Антропологиялык тиби байыркы түштүк монголоиддер менен негр-австралоиддердин аралашуусунан түзүлгөн. Негизги кесиби - дыйканчылык жана балыкчылык.
18-кылымдагы европалык колонизаторлор Полинезиялыктарга бир топ залал келтирген. Азыркы Полинезиялыктар жарым натуралай айыл чарбасын жүргүзүп, капит. плантацияларда иштешет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.