Маврикий

Википедия дан
Маврикий.

Маврикий (англ. Mauritius, фр. Maurice), Маврикий Республикасы (Republic of Mauritius; République de Maurice) – Инди океанынын батыш бөлүгүндөгү мамлекет; Африканын түштүк-чыгышында. Маврикий, Родригес (Маскарен аралынын бир бөлүгү), Агалега, Каргадос-Карахос (же Сент-Брандон) ж. б. чакан аралдарда жайгашкан. Аянты 2,04 миң км2. Калкы 1,3 млн (2011). Борбору – Порт-Луи. Административдик жактан 9 округга (Маврикий аралында), автономия аймагына (Родригес а.) жана баш ийген 2 аймакка (Агалега жана Каргадос-Карахос) бөлүнөт. Акча бирдиги – маврикий рупийи.

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2010): Маврикий – БУУга (1968), Ынтымакташтыкка (1968), ЭВФке (1968), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкына (1868), Африка союзуна (2002-жылга чейин Африка Биримдиги уюму; 1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маврикий – унитардык мамлекет. Конституциясы 1968-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин өкмөт – Министрлер кабинети ишке ашырат. Маврикийде көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Лейборист партиясы, Маврикийлик Дювалдар партиясы, Маврикий республикалык кыймылы, Маврикий социалисттик кыймылы, Маврикий аскердик кыймылы, Маврикий социал-демократиялык кыймылы, Улуттук союз, Родригес элдеринин уюму.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маврикий жайгашкан аралдар суу астындагы Маскарен кырка тоосунун чоку бөлүгү болуп саналат; жанар тоодон пайда болгон. Аралдардын жээктери барууга кыйынчылык туудурган коралл (шуру) рифтери менен курчалган. Эң ири Маврикий аралынын басымдуу бөлүгүн бийиктиги 200–600 м келген базальттуу плато ээлейт; түштүк-батышында өлкөнүн эң бийик жери Питон-де-ла-Птит-Ривьерайонуар чокусу (бийиктиги 828 м) жайгашкан. Плато ар тараптан аккумуляциялык жээк түздүктөрү менен курчалып жатат. Родригес аралынын рельефинде дөбө-дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу (бийиктиги 396 мге чейин). Тропиктик деңиз климаты үстөмдүк кылат. Жайкы сезон декабрдан майга чейин созулат, эң жылуу февраль айынын орточо температурасы 26°С кээде 32°С ден жогору). Кышкы эң суук айы – августтун температурасы ички аймактарында 14°Сден жээктеринде 20°Сге чейин. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү жээк түздүктөрүндө 1500–2500 ммден Борбордук платодо 3500–5000 ммге чейин. Январь – март айларындагы катуу шамал (тайфун) – нөшөрлөгөн жамгырды жана алаа­мат ташкынды пайда кылат. Өлкөнүн аймагынын 70%ке жакын аянтын базальт лавасынын үбөлөнүүсүнөн түзүлгөн күрдүү кызыл латерит топурактары ээлейт. Маврикий аралынын 1/3 бөлүгүн токой (тоолордун чыгыш капталдарында – дайыма жашыл, батыш капталдарында – кургакчыл тропиктик) ээлейт. Флорасында татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн 750 түрү бар, анын көбү эндемиктер (кофе дарагы, бөтөлкө жана желпүүр пальмасы, орхидея, лиана, папоротниктер), 87 түрү жоголуу алдында турат. Маврикий фаунага да бай, эндемиктери да арбын. Коргоого алынган 15 аймак өлкөнүн аянтынын 3,4%ин ээлейт. Анын негизин Маккаби-Бель-Омбр биосфера резерваты жана Блек-Ривер (Блек-Ривер-Жорж) капчыгайы улуттук паркы түзөт. Экологиялык проблемалары: бал камыш плантацияларын отоо чөптөн сактоо үчүн гербидциддерди жана минералдык жер семирткичтерди көп пайдалануудан айыл чарбага жарактуу жерлеринин булганышы; чай, бал камыш жана ийне жалбырактуу токойлордун аянтын кеңейтүү үчүн табигый токойду кыюу сырттан алынып келинген өсүмдүктөр жергиликтүү флораны сүрүп чыгышынан биологиялык ар түрдүүлүктүн кескин төмөндөшү ж. б.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маврикийдин басымдуу бөлүгү (43,4%и, 2000-жылкы эл каттоо боюнча) Түштүк Азиядан келгендер (индимаврикийлер), анын ичинде бихарлыктар 30,6%, креол-маврикийлер 38,6%, ошондой эле кытайлар 1,9%. 2000-жылы калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо темпи 0,8% (2010-жылы 0,5%) болгон. Расмий тил – англис жана француз (парламентте англис тилиндей эле пайдаланылат) тилдери. Маврикий, креол тилдери да кеңири таралган. Маврикийдин калкынын 40%и индуисттер, 32,2%и христиандар (анын ичинде 23,6%и католиктер), мусулмандар 16,6% (негизинен сүннөттөр) ж. б. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 628 киши (2010). Калкынын жашынын орточо узактыгы 72,1 жаш (эркектериники – 60,5, аялдарыныкы – 76,7 жаш). Төрөлүү (1000 адамга 12,0 бала; 2010) өлүм-житимден (1000 адамдан 7,0) 1,7 эсе жогору. Шаар калкы 42% (2010). Ири шаарлары: Порт-Луи, Бо-Бассен – Роз-Хилл, Вакоа – Финикс, Кюрпип, Катр-Бори.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маврикий аралы 8–10-кылымдарда араб саякатчыларына белгилүү болгон. 1528-жылы Д. Родригес аралдын координатын аныктаган соң, арал анын атынан аталган. 1598-жылы аралды нидерланддар ээлеп, Маврикий деген наам беришсе, 1715-жылы Франция басып алып, Иль-де-Франс деп атаган. 1810-жылы Маврикий аралын англистер басып алган. Англия менен болгон согушта Франция жеңилип, 1814-жылы Париж тынчтык келишими боюнча арал Улуу Британиянын ээлигине өткөн. 1820-жылдардын аягында айыл чарба иштери үчүн Индия жана Кытайдан Маврикий аралына жумушчулар алынып келген. Натыйжада тамеки, чай жана кант өндүрүшү тез өскөн. 1869-жылы Суэц каналы ачылган соң, Маврикий аралы Европадан Индияга жана Түштүк-Чыгыш Азияга кетчү жолдогу маанилүү токтоочу жайга айланган.

Порт-Луи (1880).

1-дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Маврикийде улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1936-жылы 1-саясий партия – Лейборист партиясы (ЛП), 1938-жылы профсоюз уюмдары пайда болгон. 1957-жылы Маврикийдин Мыйзам чыгаруучу кеңешинин укугу кеңейтилип, 1958-жылы жалпы шайлоо укугу киргизилген. 1964-жылы Маврикийдин 1-конституциясы кабыл алынып, С. Рамгулам жетектеген өкмөт түзүлгөн. 1965-жылы Лондондогу конституциялык конференцияда Маврикийдин көз карандысыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынып, 1968-жылы 12-мартта Британия кызматташтыгынын чегинде көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1970-жылдан Маврикий Индия океанындагы алгачкы эркин экономикалык зона. 1980-жылга чейин Маврикийдеги бийликти ЛП (1969–73), 1976–81-жылдары Маврикий социал-демократиялык партиясы (МСДП) менен коалицияга кирген консерваторлор башкарган. 1983-жылы башкаруучу коалиция тараган соң, А. Жагнот жетектеген «Аскердик социалдык кыймылы» партиясынан куралган жаңы өкмөт түзүлгөн. 1992-жылы Мыйзам чыгаруу ассамблеясы өлкөнүн Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизип, президент (В. Рингаду, Лейборист партиясынан) башында турган Маврикий Республикасы жарыяланган. 2003-жылы президенттикке А. Жагнот шайланган.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасынын негизин чет элдик туризм түзөт. 1970-жылга чейин кант өндүрүү жана аны экспорттоо Маврикийдин экономикасынын негизги булагы болгон. 1970-жылдардан баштап мамлекеттик экономикалык саясат – кайрадан иштеп чыгаруучу тармактарды түзүүгө жана тейлөө секторун (анын ичинде чет элдик туризмди) өнүктүрүүгө багытталган. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө Порт-Луи деңиз портуна жакын эркин экономикалык аймактын (зонанын) түзүлүшү зор түрткү берген. 21-кылымдын башында 250гө жакын ар кандай (өнөр жай, транспорт ж. б.) ишкана, ошондой эле чет өлкөлүк банктардын филиалдары жана финансы уюмдары иштеген. ИДПнин көлөмү 17,5 млрд доллар (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 13,5 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 3,6% (2010). Жашоо деңгээли боюнча дүйнөдө 169 өлкөнүн ичинен 72-орунда. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69,1%, өнөр жай жана курулуштуку 26,6, айыл чарбасыныкы 4,3. Маврикийде минералдык сырьёлордун жана углеводороддун запасы жок. 2009-жылы 2,58 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Төрт ЖЭС (жалпы кубаттуулугу 284 МВт), 8 ЖЭБ (39 МВт) жана 8 ГЭС (53 МВт) иштейт. Өнөр жайынын башкы тармактары – текстиль жана кант өндүрүшү (продукциясы негизинен экспортко багытталган). Текстиль жана тигүү өнөр жай негизинен импорттук сырьё менен иштейт; ишканалары дээрлик Порт-Луи портунда, бардык заводдору Маврикий аралында жайгашкан. 2009-жылы 467 миң тонна кант өндүрүлгөн. Кант өндүрүшүнүн калдыктары отун катары пайдаланылат. Канттын 90%ке жакыны экспорттолот (негизинен Европа союзуна кирген өлкө­лөргө). Аз санда электрондук приборлор, металл буюмдары, тиричилик химия товарлары ж. б. чыгарылат.

Айыл чарбага жарактуу жери 110 миң га чамасында. Негизги айыл чарба өсүмдүгү – бал камыш (жылына 5 млн тонна даярдалат) өлкөнүн бардык жеринде өстүрүлөт. Ошондой эле жашылча, чай (экспорт үчүн да), мөмө-жемиш, тамеки айдалат. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн. Эчки, бодо мал, чочко, кой асыралат. Калктын этке жана сүткө болгон муктаждыгынын 80–95%и импорт аркылуу канааттандырылат. Маврикий балыкка жана деңиз продуктуларына бай; 2009-жылы 9 миң тонна балык кармалган.

Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – чет өлкөлүк туризм, анын өнүгүүсүнө өлкөнүн табигый-климаттык шарты түрткү болгон. 2009-жылы Маврикийге 871,4 миң турист (негизинен Франциядан, Улуу Британиядан, Европанын башка өлкөлөрүнөн, ошондой эле Реюньон аралынан, ТАРдан, Индиядан) келген. Туристтик бизнестен түшкөн киреше 1,75 млрдга жакын долларды түзгөн. Автомобиль жолунун узундугу 2 миң кмден ашык (2009). Негизги деңиз порту – Порт-Луи үч кемеден турган деңиз-соода флоту бар. Эл аралык Рамгулам аэропорту Маврикий аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Товардык экспорттун наркы 2,04 млрд доллар, импорттуку 3,94 млрд (2010). Экспортко (Улуу Британия, Франция, АКШ, Мадагаскар, Италияга) кийим, кездеме, ошондой эле кант, балык жана деңиз продуктуларын чыгарат. Сырттан өнөр жай жабдууларын, нефть продуктуларын, автомобиль, азык-түлүк алат. Негизги импорттоочулары: Индия, Кытай, Франция, ТАР.

Маданияты.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 87,4%ти түзөт (2008). Ири жогорку окуу жайлары, Улуттук архиви (1815) Бо-Бассенде, шаардык китепкана (1851) Порт-Луиде жайгашкан. Порт-Луи музейи (1880), Тарых музейи (1950), ошондой эле бир нече ири илимий мекемелери бар. Англис жана француз тилинде «L мExpress», «Week-End», «Mauritus Times», «Le Mauricien» жана кытай тилиндеги «China Times», «Chinese Daily News» ж. б. гезит-журналдары чыгарылат. Радиоуктуруусу 1944-жылдан, телекөрсөтүүсү 1965-жылдан иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]