Марокко

Wikipedia дан
Flag of Morocco.svg
Марокко.

Марокко, Марокко Королдугу (арабча Аль-Мамляка аль-Магрибия) – Түндүк-Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, батышынан Атлантика океаны, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Алжир, түштүгүнөн Сахара Батыш менен чектешет. Аянты 446,5 миң км2. Калкы 32,1 млн (2011). Борбору – Рабат. Административдик-аймактык жактан 14 областка [ал 52 административдик бирдикке (шаар префектурасына жана вилайеттерге)] бөлүнөт. Акча бирдиги – марокко дирхамы. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2009):

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Марокко – унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасы). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт (Министрлер совети). Мароккодо көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу партиялары: «Истикляль», Прогресс жана социализм партиясы, Бириккен элдик кыймыл ж. б.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Марокко аймагын байыртан эле азыркы берберлердин ата-бабалары мекендеген. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягында Марокконун азыркы аймагына финикиялык колониячылар келип, өз колонияларын негиздеген. Биздин заманга чейинки 5-кылымда финикий колониялары Карфагендин бийлигине өткөн. Карфаген кулаган соң, Түндүк Мароккону биздин заманга чейинки 27-жылы Рим караткан. Жергиликтүү калкы (маврлар же маврусилер) уруу союзуна биригип, уруу башчылары – агеллиддер башкарган. Колонияга айланган Марокконун айрым бөлүгүндө алгачкы жамааттык мамилелер бузулуп, таптык мамилелер орной баштаган. 5-кылымда Марокконун Түндүк бөлүгүн вандалдар, 6-кылымда византиялыктар караткан. 8-кылымдын башында Мароккону арабдар басып алып, исламды жана араб тилин тараткан. Анын түндүк-батышында 788-жылдары идрисилер мамлекети (азыркы Марокко аймагындагы 1-мамлекет) негизделген. 10-кылымда Марокко фатимилер халифатына кирген. Альморавиддер династияларынын тушунда (11–13-кылым) Марокко күчтүү мамлекетке айланып, маданияты гүлдөп (архитектура өнүгүп, мечит, мунара жана медреселер курулуп, дин мектептери ачылган ж. б.), Европа, Батыш Африка менен экономикалык байланыш түзгөн. Бирок 14-кылымдын 60-жылдарынан Мариниддер мамлекети начарлап, майда княздыктарга бөлүнгөн. 15-кылымда Мароккого европалыктар кире баштап, өлкөнүн көп бөлүгүн португалдар менен испандар караткан. 16-кылымдын аягында жергиликтүү уруулар европалык колониячыларга каршы күрөшүп, жээктеги шаарлардын бир тобун бошоткон. Исмаил (1672–1727-жылдары бийлеген) жана Сиди Мухаммед бен Абдаллах (1757–90-жылдары бийлеген) султандарынын тушунда Марокконун Атлантика жээги бошотулуп, өлкөнү бириктирүү башталган. 19-кылымдын 40-жылдарынан Марокко жеринин көбүн француздар менен испандар басып алган. 20-кылымдын башында Германия менен Улуу Британия да Марокко үчүн күрөшкөн. Натыйжада 1912-жылдагы келишим боюнча Мароккодо Франция протектораты орноп, анын бир аз бөлүгү Испания бийлигине өткөн. 1936-жылы европалык колониячылар Марокконун 837 миң га жерин өз ара бөлүштүрүп алган. Францияга тиешелүү аймагы фрранцуз капиталдын эсебинен өнүгүп, француз тили киргизилген. Марокконун эл массасы колониячыларга катуу каршылык көрсөткөн. Россиядагы революциядан кийин (1917) Мароккодо улуттук-боштондук кыймыл жандатып, 1921-жылы Мухаммед Абд аль-Керим аль Хабаби баштаган риф уруулары көз карандысыз Риф республикасын түзгөн, бирок аны 1926-жылы Франция менен Испаниянын бириккен күчтөрү кулаткан. 1930-жылы Мароккодо жаштардын жана студенттердин алгачкы кыр көрсөтүүлөрү башталып, саясий уюмдар (Марокко элдик аракет блогу, МЭАБ ж. б.) негизделген. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында улуттук-боштондук кыймыл күчөп, Мароккого толук көз карандысыздыкты берүүнү француз бийлигинен талап кылган. 1953-жылы 20-августта француздардын кысымы менен Мухаммед тактан кетип, Мадагаскар аралына куулган. 1955-жылы Мухаммеддин кайра келиши менен улуттук-боштондук кыймыл күчөп, 1956-жылы 3-мартта Франциянын, 7-июнда Испаниянын протектораттары жоюлуп, Марокконун көз карандысыздыгы таанылган. 1963-жылы өлкөдө алгачкы парламенттик шайлоо өткөн. 1973-жылдан чет элдик ишканалар мамлекеттештирилген. 2000-жылдан өлкө демократиялаштырууга багыт алган. Марокко 1956-жылдан БУУга мүчө. Ал Африка өлкөлөрүнүн Касабланка конференциясын (1961) чакыруунун демилгечиси жана Африка биримдиги уюмун негиздөөчүлөрдүн бири.

Билим берүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мектепке чейинки тарбиялоону, 9 жылдык милдеттүү жалпы, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу араб тилинде, ал эми француз тили чет тили катары үйрөтүлөт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,6% (2008). Мухаммед университети (1957), Сиди Мухаммед бен Абдаллах университети (1974), Хасан II университети (1975), Мулай Исмаил университети (1982) ж. б. бар. Улуттук китепкана (1917), Архив (1920), Улуттук документациялык борбор (1966), ошондой эле Улуттук агрономиялык илимий-изилдөө борбору (1930), Улуттук географиялык (1959) океанография (1948), биология биохимия илимий институттары бар. Араб тилиндеги «Аль-Анба», «Ас-Сахра» аль-Магрибия, «Ас-Сабах» ж. б. ири гезиттери чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1952-жылдан иштейт. 58 радиостанция, 5 телеборбор, ошондой эле «Maghreb Arabe Presse» мамлекеттик маалымат агенттиги (1959) бар.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Марокко адабияты араб, бербер, француз тилдеринде өнүгүүдө. Араб мусулман маданиятынын өнүгүш мезгилинде араб классикалык адабиятынын бардык негизги жанрлары өнүккөн. 11–12-кылымда өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп, поэзияда сатира жана панегрик (мактоо), прозада тарыхый мүнөздөгү, ошондой эле рихл (саякаттоо) жанрындагы адабият алдынкы орунга чыккан. Марокко адабиятында 13-кылымда көркөм жыл баян жазуу салты башталып, ал салт 19-кылымга чейин уланган. 15–16-кылымда өмүр баян жана турмуш-тиричилик темасы өрүш алган. 16–18-кылымга поэзияга суфизм жана гедонизм таралган. Негизинен Марокко адабиятында араб классикалык поэзиясынын салттарын улантып, чыгарма жаратуу иши 20-кылымдын ортосуна чейин өөрчүгөн. Араб жана бербер тилдериндеги марокко элдик оозеки адабияты 14–15-кылымдан белгилүү. Ал фольклордук жана жеке авторго таандык ыр же кара сөз түрүндөгү чыгармалардан турат. Араб, француз тилдериндеги азыркы марокко адабияты 2-дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган. А. М. Бенжеллундун «Кандуу өрөөн» (1948) новелла жыйнагы, «Бала чакта» автобиографиялык повести, французча жазган А. Сафриуинин «Анбар теспелер» новелла китеби, «Керемет сандыкча» (1954) романы – марокко адабиятынын туу чокусу. Драматургияда Х. Саихтин тарыхый пьесалары маанилүү орун ээлеп, жаңычыл драмалык чыгарма катары бааланган. 1960-жылдардан баштап араб тилиндеги проза тынымсыз өнүгө баштайт. 1960-жылы Марокко Жазуучулар союзу түзүлгөн.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы мезгилдеги жана орто кылымдагы Марокконун искусствосу басып алуунун жана колонизациянын жүрүшүндө өлкөнүн түндүгүндө отурукташкан элдердин тукумдары тарабынан киргизилген жана өнүктүрүлгөн туруктуу тууган-уруулук салттарды жана цивилизация­ларды миң жылдар бою алып жүрүшкөн ливиялыктардын – берберлердин түндүк-африкалык маданияттарынын кагылышынын жана жанаша жашашынын шарттарында өнүккөн. Аска таштарына чегилген адамдардын, айбанаттардын (пилдердин, керктердин, жирафтардын, антилопалардын, букалардын, төө куштардын), эки дөңгөлөктүү арабалардын (колесница) орнаменттердин силуэттик сүрөттөрү устаттык менен ишенимдүү чеберчиликте тартылгандыгы менен таң калтырат. Ливиялык падышачылыктын – Мавритания менен Нумидиянын гүлдөгөн доорунда Түндүк Марокконун искусствосу (Карфагендин кулашынан рим. басып алуусуна чейин) пуникалык (карфагендик), байыркы грек., этрустардын, байыркы рим. жана ливия-бербердик салттардын кошулушуна карата болгон тенденциялар менен мүнөздөгөн. Марокконун орто кылымдагы шаарлары негизинен таш, бетон, чопо, кыштан тургузулган. 18–19-кылымдагы белгилүү курулуштары: Мекнестеги Баб-аль-Мансур дарбазасы, Фес жана Мекнес шаарындагы Дар-Бата, Дар-Жамаи сарайлары ж. б. Француз үстөмдүгүнүн тушунда шаарларда европалык үлгүдөгү кварталдар салынган. 1950-жылдардын башында Рабат, Касабланка шаарында азыркы үлгүдөгү имараттар курула баштаган. Көз карандылыктан кутулгандан кийин (1956) турак үйлөрдүн жана коомдук жайлардын курулуштары кеңири кулач жайган. Мароккодо сүрөт искусствосу өнүккөн (живописчи М. А. Идриси, скульптор Х. Бен Салах, график М. Аммар ж. б.) Рабат, Касабланка ж. б. шарларда колдонмо искусство кооперативдери түзүлгөн. Килем токуу, тери иштетүү, зергерлик ж. б. жакшы өнүккөн.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Марокконун музыкалык маданияты Африка элдеринин, жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европа өлкөлөрүнүн, негизинен Испаниянын маданиятынын өз ара карым-катышынын негизинде калыптанган. Берберлер менен арабдардын салттары 8–15-кылымда Испаниянын орто кылымдык мусулман маданиятынын таасири менен байыган. Бербер искусствосунун үлгүлөрү негизинен айыл-кыштактарда сакталган. Араб элдик жана классикалык (ала жана сама) музыкалык маданияты өнүккөн. музыкалык аспаптары: лютня, лира, ребаб, цитра. Марокконун элдик чыгармачылыгында диний музыка кеңири орун алган. Рабат шаарында Улуттук музыка, бий жана драма искусствосунун консерваториясы, Тетуанда улуттук музыка, бий мектеби иштейт. 1960-жылдан (Маракеште) музыкалык фольклор боюнча жыл сайын улуттук фестиваль өткөрүлөт. 20–21-кылымда өлкөнүн музыкалык маданиятында жакынкы чыгармалары араб, европалык, америкалык музыка биринчи планга чыккан. Көптөгөн багыттардын, стилдердин жана жанрлардын арасынан 1980-жылы Алжирден келген рок стилиндеги музыка өзгөчө популярдуу.

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Марокконун театр искусствосу элдик, сүйүүчүлөрдүн жана профессионалдык театры менен көрсөтүлөт. Элдик марокко театрынын бир кыйла өнүккөн формасы – бсат болуп эсептелет. Ал такай катышкан персонаждары: Ба Шейх Шиух, абышка, анын кемпири Сунна, эки кул, соодагер Ба Аббу ж. б. катышкан социалдык-турмуштук мазмундагы көрүнүштөр, тамсилдердин инсценировкалары бар. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин (1956) профессионалдык театр өнүгө баштайт. Негизги коллективдери: Касабланкадагы муниципалдык театр, Рабаттагы Мухаммед V атындагы Улуттук театр. Алардын репертуарында көрүнүктүү орунду европалык (Ж. Мольер, П. Корнель, П. Бомарше, С. Беккет, Э. Ионеско) жана орус классикасы (Н. В. Гоголь, М. Горький), азыркы араб жана марокколук драматургдардын чыгармалары ээлейт. 20–21-кылымдын аралыгында Марокконун театралдык искусствосунун өнүгүшүнө режиссёр Т. Садики, М. Афифи, А. Динья, А. Бадри, М. Буджнах, Абдррезак жана Абделькадер Бадаун, Ф. Бен Барек; актёрлор Л. Догми, А. Хаккам, Ф. Реграуи, А. Т. аль-Аалеждер чоң салым кошушкан. 1959-жылы Рабатта Марокко драмалык изилдөө борбору жана драма искусствосунун мектеби түзүлөт (1962-жылы музыка, бий жана драмалык искусство Улуттук консерваториянын курамына кирген). 1961-жылы биринчи жолу радиодо профессионалдык труппа уюшулган. 1950-жылдардын аягы –1961-жылдардын башынан театралдык искусствонун улуттук жана эл аралык фестиваль өткөрүлүп турат (анын ичинде Рабатта араб театрынын фестивалы, Марракеште Улуттук фольклордук фестиваль).

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

Мароккодо биринчи кино 1897-жылы Фес шаарында Султан сарайында көрсөтүлөт. Ошол эле учурда француз операторлору Мароккодо биринчи хроникалык кино тартууну ишке ашырышкан. 1912-жылы өлкөдө француз жана испан протектораты орногондон кийин ири шаарларда стационардык кинотеатрлар пайда болгон; 2-дүйнөлүк согуштун бүтөрүнө жакын алардын саны Мароккодо 80ге жеткен. 1944-жылы колониялык француз администрациясынын көзөмөлүндөгү Рабаттагы студияга кошумча «Сусси» деген Марокко киноборбору жана киностудиясы негизделген. 1956-жылы саясий жактан көз карандысыздыкты алгандан кийин королдук өкмөттүн чечими менен Марокко кино борбору Маалымат министрлигинин карамагына өткөн. 1980-жылдардан баштап өлкөнүн ири шаарлары – Рабатта, Касабланкада, Мекнесте, Танжереде, Марракеште, Тетуанда жана Хурибгада Марокко Киноборбор эгидасы тарабынан улуттук жана эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]