Мозамбик

Википедия дан

{{Мамлекет

| Кыргызча аталышы = Мозамбик Республикасы
| Расмий аталышы =  (порт.República de Moçambique)
| Кыскача аталышы = Мозамбик
| Мамлекеттик дини  = 
| Герб = Emblem of Mozambique.svg
| Желек = Flag of Mozambique.svg
| гимндин аталышы = «Pátria Amada»
| Аудио = 
|Башкаруу формасы = Президенттик республика
|Картада = Mozambique (orthographic projection).svg
|CoordScale = 1000000
|Тили= португалча, кабовердиану
|Эгемендүүлүк күнү = 25 июнь 1975 
|Эгемендүүлүгүн алды = Португалиа
|Борбор шаары= Мапуту
|Ири шаарлар = Мапуту, Матула, Нампула, Бейру
|Башчыларынын милдеттери= 
|Башчылары= Филипе Ньюси
|Аянты боюнча орду = 35чи
|Аянты = 801 590 км2
|Суу пайызы = 
|Калкы боюнча орду = 47 чи
|Калкы =  28 829 476
|Калкты каттоо жылы = 
|Калктын жыштыгы = 
|Акча бирдиги = [[метикал]
|МОК = MOZ
|Этнохороним = мозамбикалык, мозамбиктик
|Домени = .mz
|Телефон коду = 258
|Убакыт аралыгы = +2:00
|Штрих коду =

}} Мозамбик, Мозамбик Республикасы – Африканын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Танзания, түштүк-батышынан ТАР жана Свазиленд, батышынан Малави, Замбия жана Зимбабве менен чектешет, чыгышын Инди океаны чулгап жатат.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вашингтондогу — Мозамбик президенти.

Мозамбикреспублика. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Мозамбикте көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Фрелимо партиясы, Мозамбик улуттук каршылык көрсөтүү партиясы ж. б. (интернеттен такталат).

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түшүштүк-чыгыш Африкада, Мозамбик кысыгынын жээгинде, Танзания менен Түштүк Африканын ортосунда жайгашкан. Түндүгүнөн Мозамбик (бийикт. 2419 м), батышын Матабеле платосу (1500–1600 м), чыгышын Мозамбик өрөөнү (туурасы 80–400 км) ээлеп жатат. Мозамбиктин аймагынын көпчүлүк бөлүгү Инди океанынын жээк тилкеси аркылуу (3000 кмдей) созулуп жатат. Ал түндүгүндө бир нече бухта (Аскалуу жээк) менен бөлүнгөн. Түштүктү көздөй жээктердин бийиктиги төмөндөп, саздуу келет да, табигый гавандарды (Бейра, Мапуту, Накала, Пемба) түзөт. Эң бийик жери – Бинга тоосу (2436 м). Климаты түндүгүндө субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик пассаттык. Январдын орточо температурасы 26–30°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 750–1500 мм. Ири дарыялары: Замбези, Лимпопо, Сави ж. б.; көлү – Ньяса (Малави). Нымдуу саванна, дайыма жашыл жана сейрек учуроочу токой өсөт. Жаныбарлары: африка пили, антилопа, зебра, керик, арстан, чөө ж. б. Кен байлыктары: көмүр, уран, темир, асбест, слюда, алтын ж. б. бир нече резерваттар бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын көпчүлүгүн банту тилдеринде сүйлөгөн элдер (макуа, тсонга, малави, маконде ж. б.; 99,6%) түзөт. Ошондой эле европалыктар, индиялыктар жана метистер да бар. Расмий тили – португал тили. Калкынын 80% жергиликтүү динди, калгандары христиан жана мусулман динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 24 киши (2004). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 65 жаш, аялдарыныкы –72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 44,6), өлүм-житим 1000ге 15,94 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 126). Шаар калкы 37% (2008). Ири шаарлары: Мапуту, Бейра, Нампула.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мозамбик аймагында байыртан эле койсан тилинде сүйлөгөн адамдар (бушмендер менен готтентоттор) жашаган. Биздин замандын 300-жылы аларды түндүктөн келген банту тилинде сүйлөгөн уруулар сүрүп чыккан. Биздин заманга чейинки1-миң жылдыктын аягында – 2-миң жылдыктын башында алгачкы таптык түзүлүш (эң ириси Мономотапа мамлекети) пайда болгон. 8-кылымда Мозамбикке арабдар келип, бир нече шаар-мамлекеттерди негиздешкен. 11-кылымда Мозамбикке жана Зимбабвеге шона элинин экспанциясы башталган. 16-кылымда Мозамбикке португалдар келип, мусулман шаар-мамлекеттерин бузуп, өз фортторун (Софала ж. б.) курган. Алар алтын издеп, ички аймактарга өтүп, плазо аталган ээликтерди түзүшкөн. Европалыктардын келиши менен жергиликтүү калк (бантулар) жер которуп кетишкен. 1820–40-жылдарда Мозамбиктин түштүгүн нгон уруулары басып алган. 1895-жылы португалдар нгондордун Газа мамлекетин талкалап, 20-кылымдын башына чейин Мозамбикти толук караткан. Биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Мозамбикке Рувума д-нын түштүгүндөгү жерлер кошулган. Португалия соода боюнча Индия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Бразилия колониясы менен өнөктөшүүгө көңүл бурган. Эл аралык майданда улуттук-боштондук кыймылдардын таасиринин өсүшүнөн улам, 1964-жылы Мозамбикти боштондукка чыгаруу фронтунун (МБЧФ, 1962-жылы түзүлгөн) жетекчилиги менен португал колониячыларына каршы куралдуу көтөрүлүш башталып, 1973-жылдын башында МБЧФ өлкөнүн 1/4 бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган. Португалиядагы куралдуу төңкөрүштөн кийин (1974-жылы апрель), Мозамбик боштондук алып, 1975-жылы 25-июнда көз карандысыз Мозамбик Эл Республикасы деп жарыяланган. 1980-жылы Мозамбикке каршы Түштүк Родезиянын кийин ТАРдын жарыясыз баштаган согушунан өлкө бүлгүнгө учурап, баш аламандык күчөгөн. 1987-жылы калктын 1 млндон ашыгы оокаттын айынан үй-жайын таштап кетсе, 250 миң адам тамак-аш жетишсиздигинен чет элдик өлкөлөрдүн жардамы менен күн көрүп калган. 1994-жылы Мозамбиктин тарыхында алгачкы жолу демократиялык парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Фрелимо партиясы жеңген (лидери Жакиму Чиссано 1994-жылдан президент). 1994–98-жылдары Фрелимо өкмөтү рынок реформасын ишке ашырууга багыт алган, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мозамбик – дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. Мозамбиктин экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 20,17 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 45,4%, өнөр жайдыкы 30,6%, айыл чарбаныкы 24. Боксит, таш көмүр, хром, титан ж. б. казылып алынат. 2007-ж 15,9 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тин «Кабора-Басса» ГЭСи өндүргөн. Алюминий (жылына 500 миң тонна), титан концентраттары, нефть продуктулары өндүрүлөт. Айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, цемент, текстиль, бут кийим, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары: пахта, кешью жаңгагы, бал камыш, цитрус жана кокос пальмасы, чай, сизаль ж. б. Негизги азыктары – кассава; жүгөрү, күрүч, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана деңиз продуктуларын даярдоо менен алектенет. Автомобиль жолунун узундугу 34,3 миң км (2008; анын ичинде асфальтталганы 6), темир жолунуку 4,8. Замбези дарыясында кеме жүрөт. Ири порттору: Мапуту, Бейра, Накала. Сыртка алюминий, электр энергиясын, айыл чарба продуктуларын, кант, креветка, жыгач, металл чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, ТАР, Кытай, Зимбабве.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]