Темир

Wikipedia дан
Темир.

Темир (лат. Ferrum) - Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин VIIIВ группа элементи, к.н. 26, ат. м. 55,847. Аты санскрит жана байыркы индия тили боюнча «жел» - кыргызча «жаркырак», лат. ferrum - катуу, бекем дегенди билдирет. Иондошуу энергиясы: Fe0® Fe2+® Fe3+ 21,56; 41,07 жана 64,0 (эв менен) барабар. Т. жалтылдаган күмүштөй ак металл; алюминийден бир аз катуу, бирок күмүш менен алтынга салыштырмалуу жумшак келет. Литосферада таркалышы боюнча 5,1 % түзүп, металлдар ичинен алюминийден кийинки 2-орунда турат. Жаратылышта ар түрдүү минералдар, тирүү организм тканында, гемоглобин курамында болот. Күн, Сатурн, кометалар жана метеориттер курамында өтө көп болоору аныкталган. Т. байыркы убактан бери белгилүү металлдын бири. Негизги минералдары магнетит - Fe3O4 же (Fe2O3×FeO), же Fe2 [FeO 4], гематит - Fe2O3, күрөң темир - Fe2O3×nH2O, сидерит – FeCO3. Т. полисиликаттар түрүндө да кеңири таралган, мисалы, шамузит – 3(2FeO×Si2) (6FeO×Ak2O3)×12Н2О, кнебелит – (MnFe)SiO4, аливин – Fe2SiO4×MgSiO4 ; авгин – FeSiO 3 ; FeS 2 - күкүрттүү колчедан (пирит, марказит); mFeS×nFe2S3 - магниттүү колчедан; FeTiO3, - темир титанаты, Fe(PO4)2×8N2O - виванитте 50 %ке чейин темир болот. Т. 4 модификациясы бар: a-Fe, b-Fe, c-Fe жана d-Fe. Алардын ичинен a-Fe магниттик касиетке ээ. Т. атому кристаллдык торчосу 2 түр өзгөрүштө: a-Fe жана b-Fe болот. Т-дин физ. касиети анын тазалыгына байланыштуу: курамында S, N, C O, H жана башка эң аз санда болсо, металлдык касиетин абдан кеңири интервалда өзгөртөт. Аталган аралашмалар м. боюнча 0,01 % аз болгондо Т. балкып эрүү температурасы 1539оС, кайноо температурасы 3200оС жакын; тыгызд. 7,8 г/см3 ; жылуулук өткөрүмдүүлүгү 0,177 ккал/см×сек×град (25оС), катуулугу 35–45 кг/мм2 (Бринель б-ча); үзүлүү бышыктыгы 17-21 кг/мм2. Т. өзгөрүлмө валенттүү: ага Fe+2 жана Fe+3 мүнөздүү, бирок ал Fe+, Fe+4, Fe+6 да пайда кылышы мүмкүн. Т. массалык саны 54Fe; 56Fe (негизгиси); 57Fe жана 58Fe болгон төрт туруктуу изотобу бар. 56Fe (94,68%) кеңири таралган. Бул изотоп атом ядросунда 26 протон жана 30 нейтрон бар. Т. бирикмелери туруктуу. Т. металл эместер менен реакцияга кирип, оксиддерди: FeO, Fe2O3, Fe3O4, хлориддер: FeCl2, FeCl3, сульфиддер: FeS, FeS3, көмүртек менен карбиддер: Fe3C жана башка, суутек менен гидриддер FeH, FeH2, FeH3, FeH6 пайда кылат. Жогорку температура таасиринде кремний жана фосфор менен кошулуп силициддер жана фосфиддер пайда кылат. Т. бирикмелери ичинен кеңири тараганы - Fe2O3. Анын үч модификациясы: a- Fe2O3 (парамагниттүү), b- Fe2O3 жана d- Fe2O3 (ферромагниттүү) белгилүү. Т. кислоталарда эрип, комплекстик бирикмелерди берет. Таза Т. анын туздарынын сууда эриген эритмесин электролиздөө менен же оксиддерин жана темир кендерин калыбына келтирүү ыкмасы менен алынат. Техникада куйма түрүндө кеңири колдонулат. Мисалы, көмүртек, хром, никель жана башка менен болгон куймалары. Организмдеги кычкылтек алмашуу жана окистенүү процесстерине кандагы гемоглобин негизги компонентин түзүү аркылуу катышат. Т. оңой магниттелет жана магниттүүлүгүн жоготот, ошондуктан Т. куймаларынан машиналар жана электр кыймылдаткычтары тетиктери даярдалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]