Гольмий

Википедия дан
Гольмий.

Гольмий (лат. Holmium, Ho) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 67, ат. м. 164,9303. Г. массалык саны 150Но - 170Но болгон 21 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылыштан массалык саны 165Но болгон бир гана изотобу табылган. Г. жер кыртышында 1,310-4 % массалык санда кездешет. 1879-ж. швед химиги жана спектроскописти Пер-Теодор Клеве тарабынан Г. оксиди (Но2О3) түрүндө алынган. Г. - күмүштөй ак металл; балкып эрүү темп-расы 14610С; кайноо темп-расы 26000С; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт; анын окистенүү-калыбына келүү потенциалы -2,32ге барабар. Г. Бирикмелери катализатор катары колдонулат. Бирок радиоактивдүү изотоптору азырынча эч кандай практикалык колдонууга ээ эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]