Аргон

Википедия дан

Аргон (лат Argon-аракеттенишпеген, реакцияга кирбеген), Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин VIII А группа орун алган хим. элемент. Асыл газдарга кирет, к.н. 18, ат. м. 39,948. Кадимки шартта А. бир атомдуу, хим. жактан инерттүү, түссүз, жытсыз газ. А. 1894-ж. Д.Рэлей жана У.Рамзай аба курамынан, абаны терең муздатуу менен бөлүп алышкан. А. инерттүү газдар ичинен эң көп таралганы – атмосферада көлөмү б-ча 0,93 % түзөт. Туруктуу 3 изотобу бар: 36Ar (0,337 %), 38Ar (0,063 %) жана 40Ar (99,600 %). Иондошуу энергиясы: Ar0 Ar + Ar 2+ 1520,57 жана 2665,83 кДж/моль. Ван-дер-Ваальс радиусу 1,92, коваленттик радиусу 0,95. Кайноо темп-расы -185,290К (-87,1°С), тыгызд. - 0,01786 г/см3. Орг. эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт. Кристаллдык торчосу кубдук сингонияга туура келет: a=5,42, J= 4. Дүйнөдө жылына 5-109 м3 көбүрөөк А. алынат. Аргон болоттон жасалган көлөмү 40 л болгон атайын баллондо ташылат жана сакталат. А. металлургияда, металлды иштетүүдө, жарым өткөргүчтөн жасалган аспаптар даярдоодо, хим. синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада жана башка кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]