Лоуренсий

Википедия дан

Лоуренсий (лат. Lawrensium, Lr) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 103, ат. м. 260. Л. массалык сандары 252Lr - 260Lr болгон 9 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 260Lr. Л. жасалма ыкма менен алынган радиоактивдүү элемент. 1961-ж. амер. окумуштуулар А.Гиорсо, Л.Сиккеланд жана Ларштар жаңы элементтин алынгандыгы ж-дө билдиришип, аны амер. белгилүү физик Э.Лоуренс атынан атоону сунушташкан. 1971-ж. амер. окумуштуулар Л. массалык сандары 257Lr, 258Lr жана 259Lr болгон изотопторун синтездешкен да, Л. 1-ачкандар ишин толук далилдешкен. Л. иондошуу потенциалы ЭВ – 5,83; бирикмелеринде окистенүү даражасын+3 Л. изотоптору өтө аз санда алынган. Хим. касиеттери б-ча оор актиноиддерге окшош болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]