Самарий

Wikipedia дан

Самарий (латын тилинен   Samarium)– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 62, ат. м. 150,4. С. массалык сандары 133Sm – 135Sm, 137Sm – 157Sm болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык сандары 144Sm, 147Sm, 148Sm, 149Sm, 150Sm, 152Sm, 154Sm болгон 7 изотобу табылган, 147Sm – изотобу радиоактивдүү. Орус тоо инженери А.Е.Самарский Уралдан кара түстөгү белгисиз минералды тапкандыктан, ал самарскит минералы деп аталып калган. Бул минерал курамы 1879-ж. Лекок де Буабодран тарабынан С. оксиди түрүндө табылган. С. жер кыртышында 7×10-4 % массалык санда кездешет. Металлдык С. балкып эрүү температурасы 10720С; кайноо температурасы 1900оС; бирикмелеринде +2 жана +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт; анын окистенүү -калыбына келүү потенциалы –2,41 барабар. С. бирикмелери практикада көп колдонула элек. +3 окистенүү даражасындагы бирикмелери башка сейрек кездешүүчү жер элементтери бирикмелеринен бир аз гана айырмачылыгы бар, мисалы: SmBr3 – сейрек кездешүүчү жер элементтери бромидинин ичинен эң тез эрүүчү бирикме болуп саналат. +2 окистенүү даражасын көрсөткөн бирикмелери да белгилүү, мисалы: SmF2 – сууда аз эрүүчү жана Sm SO4 – ачык сары түстөгү кристалл. Акыркы мезгилде С. кобальт менен интерметаллдык бирикмелери (SmCo5) окумуштуулар жана практиктер көңүлүн– көп бура баштады, себеби ал күчтүү жана турактуу магниттер үчүн өтө керек материал. Андан сырткары инфра-кызыл нурларын сиңирүүчү жана люминесцирлөөчү айнектер курамына кошулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]