Теллур (латын тилинен Tellurium) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи; к.н. 52 ат. м. 127,60. Жаратылышта туруксуз 8 изотоптон: ¹²⁰Те; ¹²²Те -¹³⁰Те турат. Кеңири тараган изотоптору ¹²⁸Те (31,79%) жана ¹³⁰Те (34,48%). Жасалма радиоактивдүү изотопторунан ¹²⁷Те (Т½ = 105 күн) жана ¹²⁹Те (Т½ = 33,5 күн) белгилүү. Т. 1798-ж. М.Клапрот тарабынан ачылган да, Жерге арналып Т. деп аталган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 1 ×10-6% түзөт. Т. жаратылышта калаверит AuTe2, креннерит (Au, Ag)Te2, гессит Ag2Te, тетрадимит Bi2Те2S, теллуровисмутит Bi2Te3, теллурит TeO2 жана башка минералдары түрүндө кездешет. Т. күмүш түстүү, металлдык жалтырактыгы бар, морт металл; полиморфтуу түрлөрү жок; 1400 °С диссоциацияланат; Т. – жарым өткөргүч. Химиялык бирикмелерде окистенүү даражасы +2, +4 жана +6. Кадимки шартта абада жана оксидде туруктуу. Ысытканда оксидде көгүлтүр жалын менен күйүп, ТеО2 оксидин пайда кылат. Галогендер менен төмөнкү температурада реакцияга кирет (иод менен нымдуу шартта). H2, N2, C жана S теллурга таасир этпейт. Теллур селен менен суюк жана катуу эритмелерди пайда кылат. Ысытканда металлдар менен жеңил реакцияга кирип, теллуридди пайда кылат. Азот кислотасы жана падыша арагында жакшы, туз кислотасы жана щелочтордо жай эрийт. Т. белгилүү бирикмелери: оксиддери – TeO2, TeO3, TeO; галогениддери – TeCl4, TeBr4, TeI4, TeF4, TeF6, TeCl2, ТeBr2; суутек теллуриди H 2Te; Т. кислоталары – H2TeO3, H6TeO6; Т. кислоталары туздары – Ag 6TeO6, Hg3TeO6, Na2TeO4×2H2O; орг. бирикмелери: теллуромеркаптан - RTeSH; диалкилтеллурид – R2Te жана башка теллур кенден коргошун, жез, цинк өндүрүүдө кошо алынат. Теллур жарым өткөргүч техникада, коргошун өндүрүшүндө сапаттуу коргошунду алууда, резина вулканизациялоодо, айнек жана керамика өнөр жайда боек түрүндө колдонулат. Ал эми бирикмелеринен Na2TeO3 жана K2TeO3 микробиологияда, медицинада дифтерия оорусун аныктоодо колдонулат.