Цинк

Википедия дан
Цинк.

Цинк (латын тилинен Zincum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIВ группа элементи, к.н. 30, ат. м. 65,37; Zn64(48,89%), Zn66(48,89%), Zn67(4,11%), Zn68(18,57%), Zn70(0,62%) болгон туруктуу 5 изотобу бар. Жасалма ыкма менен алынган 9 изотобу белгилүү. Алардын эң маанилүүсү Zn65(T1|2 =245). Ат. радиусу, 0,139 нм, индук радиусу Э2+, 0,083 нм. Иондошуу потенциалы 17,964 эВ. Ц. – латунь курамында болот. 2050 жыл мурда эле Ц. куймаларын алууну билишкен, бирок таза түрүндөгү Ц. металлын алуу көп жылдар ишке ашкан эмес. Жаратылышта көп таркалган элементтердин тобуна кирет. Жер кыртышында таралыш м. боюнча 8,3×10-3 % түзөт. Ц. негизги минералы: ZnS – сфалерит. Сфалерит көптөгөн сульфид кендер курамында болот. Ц. минералдары менен коргошун же жез чогуу кездешет. Жаратылыштагы Ц. башка минералдарын сульфиттер окистенген түрлөрү катары кароо керек: ZnO – цинкит; ZnSO4×7H2O - госларит; ZnCO3 – смитсонит; Н2Zn2(SiO3)2 – каламин. Ц. бай кендери Россия (Алтай), Кавказ, Казакстан, АКШ, Польша, Австралияда кездешет. Ц. 1746-ж. нем. химиги А.С.Маргграф Ц. оксидин көмүр менен абасыз отко чыдамдуу болгон шамот (чопо) ретортада ысытуу менен алган:

ZnO + C ® Zn + CO

Кийинки мезгилде термикалык калыбына келтирүүдөн металлдык цинк алынган:

1000оC ZnO + CO Û Zn + CO2 1000оC жогору ZnO + H2 Û Zn + H2O 9000о жогору 2ZnO + CH4 Û 2Zn + C + 2H2O.

Ошондой эле Ц. сульфаты суудагы эритмесин электролиздөөдө алынат. Ц. - күмүштөй жалтырак ак металл. Балкып эрүү температурасы 419,50С; кайноо температурасы 906оС. Моос шкаласы боюнча 2,5–2,9 катуулукка ээ. Ц. гексагоналдык тыгыз кристаллдык торчого ээ. Бөлмө темп-расында морт, 100-150оС чейин ысытканда ийилгич касиетке ээ болуп, жакшы чоюлат. Ал эми 200оС жогору ысытканда кайрадан морт абалга келет. Ат. радиусу 1,37, тыгызд. 7,133 г/см3 (20оС). Таза металлдык Ц. жеңил иштетилгендиктен, андан пластиналар жана фольгалар оңой эле жасоого болот. Ачык абада оксиддик кабыкча менен капталып андан ары окистенбейт. Суу менен аракеттенбейт, себеби беттик катмарында сууда эрибеген оксид пайда болот. Ц. суюлтулган туз, күкүрт жана башка кислоталарда жеңил эрип, туздарды пайда кылат:

Zn + 2HCl ® ZnCl2 + H2­
Zn+ H2SO4 ® ZnSO4 + H2­

Ц. конц. күкүрт, азот кислоталарында жакшы эрип, калыбына келтиргичтик касиетке ээ болот:

Zn + 2H2SO4 ® ZnSO4 + SO2 + 2H2O 4Zn + 10HNO3 ® 4Zn(NO3)2 + NH4NO3 + 3H2O.

Ц. щелочто эрип тузду жана суутекти пайда кылат:

Zn + 2NaOH ® Na2ZNO2 + H2­

Ц. менен күкүрт күкүмдөрү аралашмасын ысытуудан жылуулук бөлүп чыгаруу менен реакция жүрөт:

Zn + S ® ZnS + 44 кДж

Ц. суутек, азот, көмүртек жана галогендер менен реакцияга кирип, ZnH2 – гидрид, Zn3N2 – нитрид, ZnС2 – карбид, ZnГ2 – галогениддерди пайда кылат (Г-галоген). Металлдык Ц. активдүүлүгү начар металлды (Cu, Ag, Au, Hg, Pt жана башка) бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ц. төмөндөгү металлдар менен куймаларды берет: Al, Cu, Sn, Ca, Ni, Pb, Au, Hg, W, Ce, Li, Na жана башка Ц. темирди (болотту) коррозиядан сактоочу куймалар, гальваникалык элементти даярдоодо колдонулат. Цианид K [ Ag(CN)2], K [ Au(CN)2] эритмелеринен күмүш (Ag) жана алтынды (Au) ажыратып алууда кеңири колдонулат. Ц. кээ бир туздары жыгач буюмдарын сактоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]