Литий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Литий.

Литий (лат. Lithium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 2-мезгилинин IА группа элементи, к.н. 3; ат. м. 6,639. Л. 1817-ж. швед химиги А. Арфведсон ачкан. 1855-ж. Р.Бунзен, С.Матиссендер Л. Хлориди эритмесин электролиздөө ыкмасы менен таза Л. алган:

2 Li+ + 2Cl- = 2 Li + Cl2

Жер кыртышынын (м. б-ча) 3,2×10- % түзөт. Л. гр. сөзү «литос» – «таш» дегенди билдирет. Анткени ал паталит, сподумен – [LiAl(SO 4)2 ] жана лепидолит – {[Li 2 KAl[Si 4O10(F, OH)2]} минералдары курмынан табылган. Л. күмүш түстүү, эң жеңил, щелочтуу металлдарга кирет. Туруктуу эки: 6Li жана 7Li изотобу бар. Ат. радиусу 1,57; иондук радиусу Li+ 0,68. Балкып эрүү темп-расы 179оС; кайноо темп-расы 1317оС;. Л. бирикмелерде +1 окистенүү даражасын көрсөтөт. Абада Л. кычкылтек жана азот менен аракеттенип Л. оксидин жана нитридин пайда кылат. Башка щелочтуу металлдарга караганда суу менен реакцияга жай кирет. Анын гидроксиди күчтүү щелочь Галогендер менен галогенид LiГ, күкүрт менен сульфид Li2S, суутек менен гидрид LiH, көмүртек менен карбид берет. Ал эң көп орг. бирикмелер жана көп куйманын курамына кирет. Анын спектри жалынды кызыл түскө боейт. Ядролук энергетикада чоң мааниге ээ. Л. изотобу тритийди алууда колдонулат:

63Li + 10H = 31H + 42He

Л. ат. реактордо ядролук реакциянын жүрүшүн жөнгө салуучу стерженди жасоодо, уран реакторлорунда жылуулук алып жүрүүчү катарында, түстүү жана кара металлургияда, хим. ө. ж-ларда литий орг. бирикмелерди алууда, ал эми анын бирикмелери силикат ө.ж-да, анын ичинде туздары медицинада кеңири колдонулат. О. эле Л. гидриди газ абалындагы суутекти тез алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]