Химиялык элемент

Википедия дан
Мейтнерий.

Химиялык элемент (жалгам) — ядро заряды жана электрондук катмарлары бирдей атомдор тобу. Жаратылышта кездешкен жөнөкөй жана татаал заттар бардыгы Xимиялык элемент турат. Xимиялык элемент физикалык жана химиялык касиеттеринин өзгөрүшүндөгү закон ченемдүүлүүктөр, Д. И. Менделеев түзгөн элементтер мезгилдик системасында алган орду менен аныкталат. Көпчүлүк химиялык элементтер атом ядросунун заряды (ат. н.) жана электрондук катмарлары бирдей, бирок атом массалары ар түрдүү болгон бир нече изотоптон турат. Изотоптор атомунун ядросунда протондор саны бирдей, ал эми нейрондор саны ар түрдүү. Көпчүлүк элементтер ат. масс. бүтүн санга барабар болбогондугу жараталышта жөнөкөй жана татаал заттар ар түрдүү изотоптор аралашмасынан тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Xимиялык элемент жаратылышта таралышы геохимия менен космохим жана Xимиялык элемент пайда болушунун теориялары менен түшүндүрүлөт. Xимиялык элемент химиялык процесстер учурунда өзгөрбөйт, мында мол-ны түзгөн атомдор валенттик электрондору гана өзгөрүп кайрадан түзүлүп, жаңы бирикмелер пай-да болот. Химиялык элементтер атомдору ядролук реакцияларда гана башка элемент атомуна айланат. Космосто химиялык элемент таралуусу алардын жалпы касиеттерине жараша болот. Космосто суутек менен гелий жерге караганда өтө көп таралган, себеби алар өтө жеңил. Негизинен химиялык элемент космосто таралышы алардын масс. өсүшү менен азайып отурат, темир тобунун элементтери, нейтрондору сыйкырдуу санга (50-82-126) барабар жана протон-нейтронунун саны жуп-жуп болгон элементтер (С, О, Ne, Mg, Si, S, Са) көп таралган, ал эми ат. масс. так сан болгон элементтер азыраак таралган. Жерде химиялык элемент таралышы жер шарында жүргөн геохим-лык процессгерге жараша болгон. Азыркы мезгилде жаратылышта кездешкен химиялык элементтер бардыгы ачылып, элементтер мезгилдик системасында тие-шелүү ордун алган, ал түгүл урандан кийин жайгашкан жаратылышта кездешпеген дагы 20 жакын элемент жасалма ыкма менен синтездеп алынып, алар да элементтер мезгилдик системасында өздөрүнө тиешелүү орундарын ээледи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]