Кадмий

Wikipedia дан
Кадмий.

Кадмий (лат. Cadmium, Cd) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIВ группа элементи; к.н. 48; ат. м. 112,40; жаратылышта туруктуу 8 изотоптору аралашмасынан турат. К. сейрек кездешүүчү элементтер тобуна кирет. К. жаратылыштагы минералдары: CdS – гринокит, СdCO3 – отавит, CdO – монтепонит. Жер кыртышында 1,35×10-5 %, деңиз, океан сууларында 0,00011 мг/л кездешет. К. – ак түстөгү, оор, жалтырак, жумшак металл; ат. радиусу 1,56; иондук радиусу 1,03 тыгызд. 8,65 г/см3 (200С); эрүү темп-расы 3210С; кайноо темп-расы 7670С. Бирикмелеринде II валенттүү. К. абада CdO кадмий (II) оксидинин жука кабыгы менен капталат. Ал кабыкча металлды андан ары окистенишинен сактайт. К. галогендер менен түздөн-түз кошулуп, CdCl2, CdBr2, CdI2 сыяктуу түссүз бирикмелерди, күкүрт менен сары түстөгү, сууда эрибеген сульфидди – CdS пайда кылат. Туз, күкүрт к-таларында акырындык менен эрийт. Азот к-тасында жакшы эрип, гидрат пайда кылуучу Cd(NO3)2 4Н2О нитратын берет. К. туздары гидролизге учурайт, щелочтор таасиринен анын ак түстөгү гидроксиди Cd(OH)2 чөкмөгө түшөт. Сd(OH)2 аммиакты, Cd(CN)2 KCN ашыкча таасир эткенде комплекстүү иондор: [Cd(NH 3)4]2+ , [Cd(CN) 4]2- алынат. К. элементи 1817-ж. Ф.Штромейер тарабынан ачылган. К. өндүрүүчүлөр болуп негизинен Россия, Япония, АКШ, Бельгия, Канада, Германия, Австралия, Перу эсептеленишет. К. өндүрүүнүн негизги булагы цинк кошумча продуктусу (Zn-Cd кесекчелери). Ал К. сульфатын калыбына келтирүүдөн алынат:

CdSO4 + Zn = ZnSO4 + Cd.

Кадмий жана анын бирикмелери буулары уулуу келет. К. бирикмелери менен ууланган адамдар тырышып калат, кусат. Адамдын нерв системасы, боор, бөйрөк иши, фосфор-кальций алмашуусу бузулат. Бирикмелери айнек, боек өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]