Бериллий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Бериллий.

Бериллий (лат. Berillium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 4; ат. м. 9,0122. Б. күмүшкө окшош боз түстөгү, белгилүү катуулуктагы, өтө майда бөлүккө майдаланып кете турган металл. Туруктуу 1 изотобу бар 9Be, жасалма изотоптор ичинен радиоактивдүү индикатор катарында колдонулуучу 7Be (Т1/2 = 53 күн) өтө маанилүү. Б. 1798-ж. Л.Воклен тарабынан берилл минералы курамынан ачылган. Металл түрүндөгү Б. 1-жолу 1828-ж. Ф.Велер жана А.Бусси бир убакта бериллий хлоридин металл түрүндөгү калий менен калыбына келтирип алышкан. Б. сейрек учуроочу элемент. Ал 1285оС эрип, 2790оС кайнайт; металлдардын ичинен жылуулук сыйымдуулугу жана өткөргүчтүгү жогору, электр каршылыгы төмөн, морт металл. Хим. бирикмелеринде II валенттүү, хим. жактан абдан активдүү, бирок Б. оксидинин (BeO) жука кабыгы менен капталган абалда туруктуу. М. б-ча жер кыртышында 610-4%, океан, деңиз сууларында 610-7 мг/л өлчөмдө кездешет. Б-ди кошо кармаган 54 минералы белгилүү. Алардын ичинен Be3Al2(SiO2)6 – берилл; Be2SiO4 – фенакит көп учурайт. Плавик, туз, күкүрт к-талары суюлтулган эритмелеринде эрийт. Конц., суюлтулган азот к-тасында жогорку темп-рада аракеттенет. Щелочтор менен реакцияга кирет, ошондуктан амфотердүү мүнөзгө ээ:

2 KOH + Be  K2BeO2 + H2­

Суутек менен түздөн туз кошулбайт. Жогорку темп-рада Б. көпчүлүк металлдар менен кошулуп бериллиддер, азот менен нитриддер – Be3N2, көмүртек менен карбиддер пайда кылат. - Be2C. Ве - берилл минералынан алынат. Б. фторидин магний менен калыбына келтирүү же Б. хлориди менен натрий хлориди аралашмасын электролиздөө аркылуу алынат:

Na2BeF4 + 2Mg = Be + 2Na + 2MgF2

Б. ар түрдүү куймаларды алууда, атом реакторлорунда, авиацияда, ракета жана космос техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]