Кюрий

Википедия дан

Кюрий (лат. Curium, Cm) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 96, ат. м. 247. К. массалык сандары 238Cm - 252Cm болгон 15 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 247Cm. К. Т. Сиборг, А. Гиорсо, Р. Джеймс жана А. Морган ж.б. америкалык окумуштуулар плутонийди a-бөлүкчөлөрү менен бомбалоодон алышкан синтезделген элемент Пьер жана Мария Кюри урматынан аталган. К. - күмүш түстүү жалтырак металл; балкып эрүү темп-расы 1340оС; кайноо темп-расы 2607оС; бирикмелеринде +2, +3, +4, жана +6 окистенүү даражаларын көрсөтөт. К. суутек, кычкылтек жана галогендер менен өз ара аракеттенип, гидрид, оксид галогенидди пайда кылат., мис.: СmH3, CmO2, CmF4 ж.б. К. күчтүү калыбына келтиргич, активдүү металл. К. Космосту изилдөөдө, электр тогунун генераторлору тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]