Празеодим

Википедия дан
Празеодим.

Празеодим (лат. Praseodymium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин 8-катарынын IIIB группа элементи. К.н. 59, ат. м. 140,907. П. массалык саны 121Pr, 129Pr, 130Pr,133Pr -154Pr болгон 22 изотобу белгилүү. П. жаратылышта 141Pr болгон бир гана изотобу бар. П. 1885-ж. австр. химик Ауэр Фон Вельсбах тарабынан ачылган. П. - күмүш түстүү ак металл, балкып эрүү температурасы 935оС; кайноо температурасы 3127оС; жер кыртышынын (массасы б-ча) 7×10-4 % түзөт. Ал жаратылышта монацит, бастнезит, лопарит минералдары курамында болот. П. бирикмелеринде +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтөт. П. окистенүү -калыбына келүү потенциалы –2,46 барабар. П. активдүү металл. Галогендер менен аракеттенип туздар пайда кылат. Ал эми азот, күкүрт, көмүртек, кремний, фосфор, суутек менен ысытканда аракеттенип, тиешелүү бирикмелер пайда кылат. К-талар менен аракеттенет, бирок щелочтор менен аракеттенбейт. П. түстүү металлдар куймаларына бир аз кошуудан, алардын касиеттери жакшырат. П. кошулган айнектен нурдан сактоочу көз айнектер жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]