Тантал

Википедия дан
Тантал.

Тантал (латын тилинен Tantalum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VВ группа элементи. К.н. 73, ат. м. 180,948. Жаратылышта 2 изотобу бар: туруктуу 181Ta (99,9877 %) жана радиоактивдүү 180Ta (0,0123 %, T1/2 =10 12 жыл). Т. 1802-ж. швед химиги А.Г.Экеберг ачкан. Элемент аты байыркы гр. мифологиясындагы Тантал баатырга арналган. Касиеттери боюнча ниобийге окшош. Жер кыртышында м. боюнча 2,5×10-5 %. Негизги минералдары: танталиттер-колумбиттер группасынан (Fe, Mn) (Nb,Ta)2O6, лопарит (Na,Cе,Ca,Sr) (Nb,Ti,Ta)O3, микролит (Na,Ca)2×(Ta,Ti)2O6(F,OH). Т. көгүлтүр боз түстөгү ийилгич, жеңил, иштетүүгө ыңгайлуу металл; тыгызд. 16,6 г/см3 (20оС); эрүү температурасы 2996оС; кайноо температурасы 5300оС. Касиеттери тазалыгына, курамына жараша болот. H, N, O жана С сыяктуу кошундулар металлды морт кылат. Т. абада туруктуу, 280оС гана окистенүүсү башталат. Кадимки температурада атомардык суутекти (Н), 250оС мол. суутекти (Н2) сиңирип алат. F менен кадимки темп-рада, Cl2, Br2, I2, S, N2 менен 250-500оС реакцияга кирет. О. эле ысытканда бөлөк элементтер менен да аракеттенет. К-таларга жана бузулуучу заттарга өтө туруктуу, ошондуктан тантал металлын дат баспайт. Т. бирикмелерде (V) валенттүү, төмөнкү валенттүү бирикмелери да кездешет. Т. белгилүү бирикмелеринин бири - Та2О5 к-талык оксид эки модификациясы бар: төмөнкү температурада a-формасы жана жогорку температурада b -формасы. Щелочтуу металлдар ортотанталаттары (Ме3ТаО4) Тантал кислотасынын туздары эң жөнөкөйлөрү. Т. к-тасына хТа2О5×уН2 О формуласы туура келет. Галогендер, бор, кремний жана фосфор менен аракеттенип боридд, силицид, фосфид, галогенидди пайда кылат. Т. өнөр жайда танталит-колумбит (Fe,Mn)[(Та,Nb)O 3]2 кендерин калыбына келтирип, тазалоо ыкмасы менен алынат. Тантал электр техн-сында, химимялык  аппаратуралар жасоо, медицина, конденсатор, электрондук лампа, жылуулук алмаштыргыч, лаб-ялык идиштер алууда, жасалма жиптер өндүрүүдө (фильерлер) ж.б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]