Алюминий

Wikipedia дан
Алюминий.

Алюминий (лат. Aluminium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин IIIА группа элементи. К.н. 13; ат. м. 26,9815; жер кыртышында таралышы боюнча металлдар ичинен 1-орунду ээлеп 8,8 % түзөт. А. жаратылыш минералдары: KАlSi3O8, NaAlSi3O8, NaAlSO4, Ca(AlSiO4)2, KАl(SiO3)2 – талаа шпатттары, Na2OAl2O32SiO3 – нефелин, Al2O32H2O3 – боксит, Na3[AlF6] – криолит. Жалпысынан А. жаратылышта алюмосиликаттар, боксит, корунд жана криолит түрүндө учурайт. А. моноизотоптуу элементтер катарына кирет. Окистенүү даражасы +3, кээде +1,+2 А.өндүрүүчү мамлекеттерге Орусия, Гренландия, Норвегия, Швеция, Австралия, Бразилия, Гвинея, Орто Азиядан Тажикстан кирет. Таза А. (99,996%) тыгызд. 2,70 г/см3 (20оС), эрүү темп-расы 660,24оС кайноо темп-расы 2500оС. А. Si, Cu, Zn, Mn ж. б. элементтер менен ар түрдүү касиеттеги, өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенип, Al2O3 жука кабыкчасы менен капталат. Ал А. андан ары окистенүүдөн сактайт. Жогорку темп-рада азот, көмүртек, күкүрт менен реакцияга кирип, нитрид (AlN), карбид (Al4C3), сульфид (Al2S3) берет. Галогендер менен да реакцияга кирет. Щелочто оңой эрип суутекти бөлүп чыгарат да алюминатты пайда кылат. Бул касиети А. амфотердик мүнөзүн көрсөтөт:

2Al+2NaOH+10H2O  2Na[Al(OH)4(H2O)2]+3H2

Мындай касиетке А. оксиди жана гидроксиди да ээ. Алюминий өнөр жайларда криолитте (Na3AlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. Электролит курамы (м. б-ча): 75-90 % Na3 [AlF</nowiki>6], 5-12 % AlF3, 2-10 % CaF2, 1-10 % Al2O3: молярдык катышы NaF: AlF3 = 2,20: 2,85. А. 1827-ж. немец химиги Ф. Велер AlCl3 калий менен калыбына келтирүүдөн алган. Таза А. жылуулукту, электр тогун жакшы өткөргөн, коррозияга туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү, күмүш сымал ак металл. А. электр тех-сында, авиацияда, өнөр жайларда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш тиричиликте керектелүүчү буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]