Мазмунга өтүү

Магний

Википедия — ачык энциклопедия
Магний.

Магний (лат. Magnesium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи. К.н. 12. Ат. м. 24,312. Жаратылышта Магнийдин туруктуу 3 изотобу белгилүү: ²⁴Mg (78,6%), ²⁵Mg (10,11%), ²⁶Mg (11,29%). Жасалма Магнийдин 3 радиоактивдүү изотобу бар. 1808-ж. Деви магнезий анализдөө үчүн аны жогорку температурада эритип электролиздөөдөн жаңы элемент алган, аны магний деп атаган. Алынган металл таза эмес болгон. Таза магний 1829-ж. алынган. Магний – ак, күмүш түстүү, өтө жеңил металл, эрүү температурасы 651 °С; кайноо температурасы 1107 °С, тазалыгы 99,9 %, тыгызд. 1,739 г/см³. Магний жер кыртышынын массасы б-ча 2,10 % түзүп, көптүгү жагынан элементтер арасында 6-орунда турат. Магний 200 жакын минералдар курамында кездешет. Өндүрүштө магний 3 минерал: магнезит, доломит жана карналиттен алат. М. деңиз сууларында туз түрүндө кездешет. Мис., ар бир кубометр деңиз суусунда 4 кг магний болсо, жер шарындагы сууда орто эсеп менен 6•10¹⁶ т болот. Магний өсүмдүктөр хлорофиллинин курамында болуп, өсүмдүк өсүшү үчүн керек татаал орг. заттар (крахмал, кант ж.б.) фотосинтездөөгө катышат. Ошондуктан М. болбосо хлорофилл, хлорофилл болбосо жашоо болбойт. Хлорофилл курамында магний саны 2 % жетет. Эгерде жер шарындагы өсүмдүк курамындагы магнийди эсептесек анын массасы 100 млрд. т болот. Магний жаныбарлар бардыгында бар. Эгерде кишинин массасы 60 кг болсо анын 25 г магний болуп саналат. М. алуунун эки ыкмасы бар: Кургатылган MgCl2 же карналлитке аз өлчөмдө натрий, калий, кальций туздарын кошуп 720-750 °С эритип электролиздөө (электролиттик). Экинчиси доломитти же MgO көмүр, кремний, алюминий жардамы менен калыбына келтирүү (металлотермиялык).

Алынган металл таза болбогондуктан аны 2-3 жолу вакуумда сублимациялоодо тазалыгы 99,999 % жетет. Бирикмелерде магний дайыма II валенттүү, өтө активдүү, абада тез окистенгендиктен, металлды андан ары сактоочу жука кабыкча MgО менен капталат. Бул кабыкча 350 °С чейин гана туруктуу. Температура 600-650 °С жеткенде магний күйүп, М. оксидин (MgO), азот менен нитридин (Mg3N2) пайда кылат. М. суутек, галогендер же күкүрт, SO2, N2S менен ысытууда гидрид, галогенид жана сульфид пайда кылат. Магний башка элементтер менен болгон бирикмелери да бар. М: Mg2Si, Mg2Si2, Mg3P2, Mg3As2, Mg3Sb2. Буларга кислоталар эритмелери менен таасир эткенде газ түрүндөгү уулуу заттар бөлүнүп чыгат (силан, фосфин, арсин жана стибин). Концент. күкүрт кислотасында же анын азот кислотасы менен болгон аралашмасында, о. эле щелочтор эритмесинде эрибейт. Бирок аммоний же NaHCO3 суудагы эритмесинде жакшы эрип комплекстүү катиондору [Mg(NH4)]2+2 пайда кылат. Магний туздары түссүз келип, сууда эрибегендери да болот. Мис., MgF2, MgCO3, Mg3(PO4)2 ж.б. Сууда эрүүчү туздарына щелочторду таасир этүүдөн магний гидроксиди чөкмө түрүндө алынат. Магний Al, Zn, Mn ж.б. куймалары жеңилдиги, бекемдиги, коррозияга туруктуулугу менен маанилүү. Магний оор машина жана самолёт куруу ө. ж-да, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар