Никель

Википедия дан
Никель.

Никель (латын тилинен Nicelum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин VIIIВ группа элементи, к. н. 28, ат. м. 58,71. Таза металл түрүндөгү Н. 1804-ж. И.Рихтер алган, бирок Н. деп атоону ага чейин эле 1751-ж. швед окумуштуусу К.Кронштедт (жалган жез) деп сунуш кылган. Жаратылышта Н. 5 туруктуу изотоп аралашмасынан турат: 58Ni (67,76 %), 60Ni (26,16 %), 61Ni (1,25 %), 62Ni (3,66 %), 64Ni (1,16%). Жасалма изотоп эң туруктуусу - 59Ni. Н. жер кыртышынын м. боюнча 8×10-3 % түзөт. Иондошуу энергиясы: Ni0® Ni +® Ni 2+® Ni 3+ 7; 6,3; 18,15; 35,16 (эВ м-н). Н. жаратылышта сары Н. колчеданы – NiS, кызыл Н. колчеданы – NiAs (никелин), брейтауптит – NiSb, Н. кольчеданы – NiАs2, геродоффит – NiAsS, ульмарнит – NiSbS, гарниерит – (Ni,Mg)SiO3 түрүндө кездешет. Жез-никель сульфид кендери да эң баалуу полиметаллдык сырьё болуп саналат. Алардын курамында Н. менен бирге Cu, Co, Au, Ag, Pt металлдары болот. Н. күмүш түстүү ак металл, иштетүүгө ийкемдүү, созулгуч, ферромагниттүү касиетке ээ Н. a-Ni жана b-Ni деген эки модификацияны пайда кылат. a-Ni – гексагоналдуу торчону (а=2,65, с=4,32), ал эми b-Ni кубдук торчону (а=3,5236) түзөт. a ® bга өтүү 250-300оС ысытууда ишке ашат. Н. тыгызд. 8,9 (200С) г/см3, ат. радиусу: 1,24; иондук радиустары: Ni2+ =0,79, Ni3+ =0,72, балкып эрүү температурасы 14530 ; кайноо температурасы 3000 оС); салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу: 0,105 ккал/г×град (20оС). Н. кенден бөлүп алуу татаал, ошондуктан аны кендеги башка металлдды (Co, Fe, Cu) бөлүп алган соң, Al, CO же Н2 менен анын оксиддеринен (NiO, Ni3O4, Ni2O3) калыбына келтирүү менен алышат:

3NiO + 2Al = 3Ni + Al2O3

Алынган таза эмес Н. электролиз ыкмасы менен же Н. тетракарбонилин термикалык ажыратуу аркылуу тазалашат.

Ni(CO)4 ® Ni + 4CO­

Н. көбүнчө башка металлдан жасалган буюмдун бетин кооздоо, коррозиядан сактоо үчүн анын туздарынын суудагы эритмелерин электролиздөө менен капташат:

Ni2+ + 2e- = Ni0

Н. кычкылтек менен 500оС жогору температурада гана аракеттене баштайт. Практикалык жактан NiO маанилүү бирикме жана ал сууда эрибегендиктен кыйыр ыкма менен гана алынат. Галогендер менен NiХ2, күкүрт менен – Ni3S2 селен менен – NiSe жана NiSe2, теллур менен – NiTe жана NiTe2, мышьяк менен – Ni3As2, көмүртек менен – Ni3C ж.б. стехиометриялык эмес бирикмелерди пайда кылат. Н. +2 жана + 3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Н. к-тада эриткенде жашыл түстөгү эки валенттүү Н. туздары пайда болот. Алар эритмеден кристаллогидраттар түрүндө бөлүнүп чыгат: NiCl2×nH2O (n=2, 4, 6, 7). Металл түрүндөгү Н. хлордогондо NiCl2 кургак алтын сымал кристаллдары алынат. Н. сульфаты NISO4×7H2O жана Н. нитраты Ni(NO2)2×6H2O жашыл, ромб түрүндөгү кристаллдар. Туздарга щелочту таасир этүү менен жашыл түстөгү быштак сымал Н. гидроксидин Ni(OH)2 алууга болот. Үч валенттүү Н. туздары эки валенттүү туздарына караганда туруксузураак. Н. щелочтуу чөйрөдө диметилглиоксим [CH 3CNOH]2 менен (А.А.Чугаев реакциясы) аныкташат. Н. ысыкка чыдамдуу, коррозияга туруктуу, механикалык жактан бекем, магниттик жана электрдик касиеттерге ээ. Атайын болот жана башка куймаларды (мисалы, хромникелдүү дат баспас болот, электротехникалык куймалар – константин, манганин, нихром, никелин, хромель) өндүрүүдө колдонулат. химимялык  өнөр жайда Н. химимялык  атайын аппараттар жасоодо, агрессивдүү чөйрөдө иштөөчү бөлүктөрүн каптоочу материал катары жана көпчүлүк процесстер катализаторлору катары кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]