Ксенон

Википедия дан

Ксенон (лат. Xenon, грек. Xenos - чоочун),– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 5-мезгилинин VIIIА группа элементи, асыл газдарга кирет, к.н. 54, ат. м. 131,30. 1898-ж. У.Рамзай менен М.Траверс ачкан, ал эми алгачкы хим. бирикмесин XePtF6 Н.Бартлет алган. Табигый К. туруктуу 9 изотоп аралашмасынан турат: 124Xe (0,096 % көлөмү б-ча), 126Xe (26,98 %), 128Xe (10,44 %), 129Xe (0,090 %), 130Xe (1,92 %), 131Xe (24,44 %), 132Xe (4,08 %), 134Xe (21,18 %), 136Xe (8,78 %). Уран минералынан жана ядролук жарылууда бөлүнгөн К. изотоптору (133Xe, 135Xe) b нурларын бөлүп чыгарат. Окистенүү даражалары +2, +4, +6, +8. Иондошуу энергиясы: Xe0 ® Xe+ ® Xe2+ ® Xe3+ ® Xe4+ (эВ м-н) 12,13; 21,21; 32,13; 46,62 барабар. Полинг б-ча терс электрдүүлүгү 2,6; ат. радиусу 2,18, коваленттик радиусу 1,30. Атмосфера курамында 8,7×10-6 % (көлөм б-ча), жалпы запасы 1,6×1011 м3 түзөт. Жер кыртышында ураны бар кендерде кездешет. К. мол-сы бир атомдон турган түссүз, жытсыз газ; кайноо темп-расы 108оС; катуу абалындагы тыгызд. 2,700 г/см3 (133о К), суюк – 2,987 г/см3 (165о К), газ – 5,85 кг/см3 (273оК, 0,1 МПа). Катуу К. кубдук кристаллдык торчого ээ: a=6,197Е (58оК); z=4. Сууда эригичтиги 0,242×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 273о К жана 0,097×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 298о К. К. суу жана башка орг. заттар менен клатраттар, галогендер менен эксимердик бирикмелер XeF, XeF4, XeF6, XeO4, Xe×6H2O ж.б. пайда кылат. Перксенаттары да белгилүү: Na4XeO6× XeO4 балкып эрүү темп-расы 5,80С; FХeOClO3, Xe(OClO3), FХeSO3F, XeCl2, XeCl4, XeClF, XeBr2 ж.б. К. абадан алышат. Электр-вакуумдук техникада, жарык берүүчү лампада газ разрядын жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарын алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]