Мазмунга өтүү

Лантаноиддер

Википедия дан

Лантаноиддер (лат. lantan жана грек. eidos – түспөл, көрүнүш) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа орун алган катар номерлери 58 - 71 чейинки 14 f элементтин тобунун аталышы. Л. эки топко бөлүнөт: церий тобуна – La, Ce, Pr, Nd, Pm, Sm, Eu, кээде La да кирет, иттрий тобуна - Gd, Tb, Dy, Ho, Er, Tm, Yb, Lu.

Церий тобуна кирген элементтер жеңил, иттрий тобуна кирген элементтер оор элементтер деп аталат. Л. жана касиеттери аларга окшош скандий, иттрий сейрек жер элементтер тобун түзөт. Л. менен лантан жер кыртышында м. б-ча 10-2 % түзөт. Жаратылышта Л. чогуу кездешет. Ар бир элементти өзүнчө бөлүп алуу кыйын, анткени алардын касиеттери абдан окшош. Л. жер кыртышында 180 ашык минералдар курамында болору белгилүү. Мис., церит – H3 [Ca(CeAl) 3] Si3O13, ортит – церий, иттрий бирикмелери бар, монацит - (Ce,Pr,Nd,…)PO4, иттербит – (Fe,Be)2(R)2Si2O10. Л. ичинен прометий жаратылышта жана жер кыртышында кездешпейт деп келинген. Бирок уран кендеринин курамынан прометий бөлүнүп алынган. Ал эми жасалма ыкма менен алынган прометий радиоактивдүүлүккө ээ. Л. күмүш түстүү жалтырак, ак, ийилгич, оңой иштетилүүчү металлдар. Церийден лютецийге карай, тышкы эки катмарындагы электрондор санынын өзгөрүшү көп байкалбай, ядро оң заряды акырындык менен көбөйгөндүктөн электрондор ядрого күчтүүрөөк тартыла баштайт. Бул кубулуш лантаноиддик кысылуу деп аталат. Церий тобундагы элементтер эрүү темп-расы, иттрий тобунун элементтерине караганда жогору болот. Л. хим. жактан алюминий жана цинктен активдүү келип, касиеттери б-ча щелочтуу жер металлдарына окшош болушат. Алар суу менен аракеттенип суутекти сүрүп чыгарып, эрибеген гидроксидин пайда кылышат. Абада оксиддик кабыкча менен капталат, ысытканда Ме2О3 курамындагы оксидди пайда кылат. Галогендер, галогендүү суутектер, углеводородд бор жана күкүрт менен аракеттенип тиешелүү бирикмелералынат. Фторидинен башка галогениди, нитраты, перхлораты, сууда жакшы эришет, фосфаты, карбонаты жана оксалаты эрибейт. Оксалаттары менен карбонаттары 800-9000С оксиддерин пайда кылуу менен ажырайт. Бир катар орг. заттар менен комплекстик бирикмелерди беришет. Л. (Me) конц., суюлтулган күкүрт, азот жана туз к-талары менен аракеттенип тиешелүү бирикмелерди пайда кылат: 2

Me + 6H2SO4 (конц.) =Me 2(SO4)3 + 3SO2 + 6H2O2 Me + 3H2SO4 (суюлт.) = Me 2(SO4)3 + 3H2

Me + 4HNO3 = Me(NO3)3 + NO + 2H2O

Башка металлдан Л. бөлүп алууда негизинен экстракция ыкмасы колдонулат. Мында хроматография (ион алмашуу) методу чогуу колдонулса өтө таза Л. алынат. Л. болот, чоюндарга ж.б. куймаларга бир аз кошулса, алардын механикалык бекемдигин, коррозияга туруктуулугун, ысыкка чыдамдуулугун жогорулатат. Л. бирикмелери айнектер атайын түрлөрүн алууда, кездеме ө.ж-ларында лак жана боёк берүүчү курамды жасоодо, дефектоскопия куралында, радиоэлектроникада, о. эле лазер нурун алууда жана рентгенодиагностикада да колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]