Мышьяк

Википедия дан
Мышьяк.

Мышьяк (лат. Arsenicum), As – элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы Химиялык элемент. Катар номуру 33, ат. м. 74,92, б. эрүү t 814˚С, бозомук тарткан, морт кристалл. Жаңы сындырган жери жалтырак, абада Аs2О3түн жука кабыкчасы менен капталып, тез күңүрттөнөт. Жаратылышта туруктуу 75As изотобу түрүндө кездешет. Жер кыртышында массасы боюнча 5.10–4%. Кыргызстанда чыгуучу калай, сурьма ж.б. кен байлыктарынын курамында кездешет. Тыгыздыгы 5,73 г/см3, 615˚Ста эрибестен, бууга өтөт (возгонка). Кычкылдануу даражасы –3, +3 жана +5. Нымдуу абада жана ысытуудан кычкылданат. Сууда жакшы эрип, 5 жана 12 молекула суусу бар кристалл гиддраттарды пайда кылат. Галогендер, концент. HNO3, H2SO4, «падыша арагы» менен жылуулуктун таасиринде жана жегичтер менен аракеттенет. Абада 400˚Стан жогору ысытканда күйүп, Аs2О3 пайда болот. Күкүрт менен ысытканда сульфиддер As4S4, As2S3 алынат. Сульфиддер сууда жана суюлтулган кислоталарда эрибейт. Мышьяк кислотасынын Н3AsО4 туздары арсенаттар деп аталат. Мышьякты щелочтор менен эриткенде мышьяктуу кислотанын туздары – арсениттер алынат. Металлдар менен куймаларды пайда кылат. Металлдар менен эриткенде көбүнчө арсениддер пайда болот. Мышьякты күкүрт менен ысытканда сульфиддер: As4S, As2S3, As2S5 алынат. Бардык сульфиддери сууда жана суюлтулган кисталарда эрийт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]