Ниобий

Википедия дан
Ниобий.

Ниобий (лат. Niobium), Nb – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунда жайгашкан элемент, к. н. 41, ат. м. 92,9064. Табигый туруктуу изотобу 93Nb. 1801-жылы англиялык окумуштуу Ч. Хатчет ачкан. Табиятта эркин түрүндө кездешпейт, ал көбүнчө минералдардын курамында тантал менен бирге кездешет. Ниобий жер кыртышында массасы боюнча 2.10–3% таралган. Маанилүү минералдары – колумбит, танталит, лопарит жана пирохлор. Ниобий жогорку температурада эрүүчү, боз түстөгү металл, тыгыздыгы 8,57 г/см3, абада туруктуу. Б. эрүү t 2487˚С, кайноо t 4930˚С. Tаза ниобий муздакта жана басым алдында жакшы иштетилет. Механикалык мыкты касиеттерин жогорку температурада сактайт. N2, C, H2, O2 сыяктуу элементтер аралашканда анын ийкемдүүлүгү азайып, катууланат. Химиялык касиети боюнча танталга окшош. Плавик комитетасында эрийт. Көпчүлүк Ta)O4 (мында Nb2O5 38–58%), эвксенит Y(Nb, Ti, Ta)2O6 (курамында Nb2O5 21–34%) сыяктуу минералдар кирет. Эгер кенташтын курамында Nb2O5 0,15–0,2%тен кем болбосо, ал өнөр жайлык мааниге ээ. Чачынды кенде колумбит 0,1– 0,15 кг/м3ге жетсе, ниобий өндүрүлөт. Ниобий к. карбонатит, гранит, граносиенит, сиенит тектери менен байланышкан. Ниобий ракета курууда, авиацияда, атом реакторлорунда, электроникада жана башка тармактарда кеңири колдонулат. Эң ири кени Бразилияда (Араша), Канададан (Ока, Сент-Онор), Урал тоолору менен Кола ж. аралында табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]